Омар "Булбулум"
Жанр:Поп
00:04:13
53,1 Мб
Жүктөлгөн: 28-12-2015


Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал чакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.

Кайырма:
  • Currently 4.65/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

29.12.2015. 10:14
 damira5555
Оо
29.12.2015. 10:16
 damira5555
Оо омар байке суппер килип ыр чыгармачылык ийгилик каалайм сиздин голосунуз сонунда
29.12.2015. 10:23
 Sultanim
Soonun klip!sooonun un! kiz da suluu soonun baary!iygilik!
29.12.2015. 13:01
 AIZAD
Жеткире ырдаптыр!!! Азамат Омар
29.12.2015. 15:24
 Samat.A.A
Булбулун бакты аралатып эле клибди бутуруп койдугоо)))
29.12.2015. 16:08
 elnaz
Супер жеткизе ырдаптыр ишине ийгилик ден соолукта бол
29.12.2015. 16:12
 fanatka19
Ырды сонун ырдаган,сөз жок.
29.12.2015. 16:18
 aikow12
Урматтууу админ, сизден сураныч Гулсун Бостонкулованын Менин махабатым ырын жуктоп койунузчу....рахмат
29.12.2015. 16:21
 not_important_who_I_am.
Ырды сонун ырдаган унуда жакшы азаматсыз Омао
29.12.2015. 23:26
 Somalimogadishu
кыз аябай сулууу экен+++
30.12.2015. 05:30
 Stella_23
Клип оргиналдуу болуптур Омар азамат. Озгочо Элмирбек Иманалиев эстеп ыр жазганы, бирок кемчилик да бар. Омар менен кыз бакта жолукканда кыздын шым менен кофтасы жарашпай калды, Омардын образы жакшы ачылган кийими да туура. Комуз черткени сонун экен. Ийилик !!! Дагы жакшы клиптерди кутобуз.
30.12.2015. 14:47
 lika83
Омар Эн жакшы жеткире ырдаган, Супер инфо Элмирбек Иманалиев жонундо жазгылачы Сураныч
30.12.2015 14:51
admin_superstan
lika83,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
01.01.2016. 00:42
 Tariel0787
Supper
01.01.2016. 11:44
 baaatyr
Omardyn bulbulu ayabai jaktty maga)))) tatynakai eken)) yrdy jakshy yrdaptyr klipdi da jakshy tartyptyr.
01.01.2016. 19:23
 egemberdievagulbara
соонунго
01.01.2016. 20:41
 aichurok5
Клип сонун тартылыптыр Омарда келтириптир ырды
02.01.2016. 17:14
 Afina
азамааатттт))))))
02.01.2016. 17:47
 kandai.janym
Тика
03.01.2016. 01:03
 Tattybubu93
Омар ырды сонун ырдаган и клип дагы жакшы чыгыптыр. Молодец, мындан аркы чыгармачылык ийгилик. Кстати, девушка красивая)). Негизи Омардын клиптериндеги кыздар дайыма сулуулар тартылат. Любовь атту ырындагы кыз тоже аябай сулуу, Омар га пара болчу)
05.01.2016. 15:47
 Abaeva-1987
Ушул ырды жакшы корчу элем клиби начар эмес болуп калыптыр. Бир калыптагы эле(((((
05.01.2016. 16:09
 kona_bmw
молодец! Элмирбек акын да молодец!
03.02.2016. 23:57
 obon
Эң сонун килип азаматсыз
06.02.2016. 00:43
 Afina
суппппееер!
01.03.2016. 21:43
 kanybekov
Бардык ырлары жагат мыктысыз
28.03.2016. 15:55
 Arzu.kg
Ырдаганына, унуно соз жок, бирок эмоциясы окшошпой калыптыр.эстеп мунканып ырдабайбы жылмайбай.
13.04.2016. 18:04
 anya
Аттин ушул клипке башка ыр болсо, мындан да жакшы болмок .
28.06.2016. 17:45
 Miali
jakwy yr negizi.Omar dagy jakwy yrdaptyr,kyzy dAGY jakwynakai eken,myndan ary dagy chygarmachylyk iigilik kaalaim.
07.07.2016. 14:07
 SANCHO-MACHO
клиптеги кыз татынакай экен,Айардын клибинде да тартылган экен ,маалымат берип турсаныздар жакшы болот эле Супер Инфо,рахмат.
21.07.2016. 04:22
 roma-kg
красавчик супер
18.10.2016. 10:51
 Maratsher
Омар - "Булбулум" ырынын эн мыкты аткаруучусу деп эсептейм!... Азамат!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: