Омар "Аруу кыялдар"
Жанр:Поп
00:03:33
54,45 Мб
Жүктөлгөн: 09-08-2016


Асман ачык болчу ал күнү,
Асфальт жолдо турдуң курбуң күтүп.
Арбайт өткөндөрдү сенин күлкүң,
Эми сулуу пери ойлон терең,
Өмүр өтө бербейт күлкү менен,
Жашоо асфальт жолдой болсун кенен.

Кайырма:
Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың,
Ай, ай, шашыласың.
Ай, ай, жаш курагың жашырасың.

Сезим ойгоно элек сенин жүрөгүңдө,
Сельфи телефондо, бардык сүрөтүңдө.
Убактың өтөт интернет түйүндө,
Күндө да, түндө...
Жашоо виртуалдуу дүйнө эмес,
Жаштык, жарашыктуу жашыл белес.
Жаркып, жайнап турат карап көрчү,
Дүйнө сендей керемет.

Кайырма:

Балким кыялдарың өтө бийик,
Болгун кыялыңдай сен да күлүк.
Жаша бир адамды чындап сүйүп.

Кайырма:
Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың,
Ай, ай, шашылбачы.
Ай, ай, жаш курагың жашырасың.
  • Currently 4.67/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (20)

09.08.2016. 17:34
 Matilda
Жаккан жок эч нерсеси:музыка,клип,ыр анча эмес.Бир угуп кайра уккун келбейт.
09.08.2016. 18:06
 M89
Мотурайган балдардын жылмайганы жакты. Соонун ойношуптур
09.08.2016. 22:21
 aianaaiana
Асфалт фасол масол деп еле ырдай берет экен
aianaaiana, Сиз "ь" тамгасы менен урушуп кеткен окшойсуз э?)))) и вообще причём тут "фасоль" ??? Омардын фасоль жонундо ырын укпаптырмын, сиз уктунуз беле??? Суйлойт десе эле суйлой берген адамдар кандай адамдар болду экен, мага абдан кызык... Шутка шуткой, бирок ойлонуп жазып журунуз чон кыз!
10.08.2016. 09:19
 Daiza
Чынын айтсам ырдын созу жаккан жок. Бирок клип сонун болуптур....
10.08.2016. 09:37
 Nazmirjaz
тообо ырдын создору кантет 100000 ирет тушунууго аракет кылсамда бир окшошпой койду. А так клиптеги бобоктор укмуш экен.
10.08.2016. 09:46
 elli_88
ааниииий комментарийлерди окуп ушунча эле начарго деп ойлоп алса )))))) Сопсонун клип болуптур мага жакты азаматсын Омар АЛГА!!!!!!! Кичинекейлер сонун ойношуптур мотурайып)))
10.08.2016. 16:09
 Elizza
Сонун клип болуптур
10.08.2016. 17:51
 Jazi89
Тобо кылдым ОЗУ негизи кыргыз калкы эч коро албайт экенбиз жакпаса жазбай эле койгулада
ОМАР ыр да сооонун клип да сооонун мыкты Алга Омар
11.08.2016. 02:09
 Bayaz
Клип да ыр да ен мыкты ,кыргыз элим биз качан ?коро албастыктын ордуна колдойбуз озубуздукулорду ,чет элдин ырларын начар болсо деле сонун деп мактайбересинерго ,элибиз онолсо ,кыргызыстан до осуп онолот .
11.08.2016. 02:14
 Bayaz
Жалан фасоль мосолдор неготивный коменттерди жазышат бул алардын хобиси.
11.08.2016. 12:22
 sabyr86
Сөздөрү жеңил желпи,бирок жакшы ырдаган.Омар сен мындан сонун ыр жаратышыңа ишенем.
11.08.2016. 17:11
 Solnyshkin
klip jakty, yrdy bir jolu ukkanga bolot. Men dagy ishenem Omarga jakshy chygarma jarataaryna. Birok akyrky kezdegi yrlaryn ugup kumon sanap ketep. Iygilik!
12.08.2016. 02:29
 papanstan
Эптемей болуп калганго жакпады лично мага.
12.08.2016. 02:31
 papanstan
Кучтуурок продюсерлер менен иштешип,жакшы клип тартса болот озу,жакшы ырдайт нормальный продюсер керек го дейм бул балага .
12.08.2016. 10:01
 Tattybubu93
Клип озгочо болуптур кичинекей бобоктор м.н . Бирок бул дагы Омардын денгээли эмес деп ойлойм.Таланты бар, озу да узун бойлуу келишкен красавчик жигит) кучтуу продюссерлер м.н иштешсе бир нерсе чыкчуу бала. Бирок озу да жакшы аракет кылбай баягы эле той ырчылардын катарында журо берет Tattybubu93 түзөттү 2016-08-12 10:03:37
18.08.2016. 06:39
 AKJOL88
омар рахмат клип да ырда соонун менин кызымда соонун чыгыптыр алга
20.08.2016. 00:09
 senchi
Тексти жакпады , интернетке кирдим анан класс бастым дегендей эле бобоктор соонун аткарыптыр бирок
16.09.2016. 04:04
 adilbek1989
Так держат Омар
31.10.2016. 07:12
 isamiddinova
Эн жакшы! Ийгиликтерди каалайм. Алтын башыныз аман болсун, ден соолукта болунуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: