Айымжан "Ак бата"
Жанр:Поп
00:03:16
45,09 Мб
Жүктөлгөн: 19-08-2015


Сөзү:Жолдошбек Мамажановдуку
Обону:Жолдошбек Мамажановдуку

Айрымдарга жагар, мүмкүн, жакпаса,
А мен үчүн ыйык нерсе ак бата.
Кылымдарды келе жаткан карытып,
Неге болбойт жакшы салтты сактаса?

Карап турсаң ак сакалдуу адамды,
Суу куйганда алкап сенин балаңды.
"Өмүрлүү бол, таалайлуу бол, садага,
Эл уулу бол!" деген сөзү жаманбы?

Же ымыркай көз жарганда жаңыдан,
Ата-энеси бата тилейт баарынан.
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган".

Бакыт тилеп, таалай тилеп, бак тилеп,
"Эл уулу бол!" деген кандай жакшы кеп!
Бул тилектер - адалдыкка чакыруу,
Тилеп жаткан адамдарга ак тилек.

Бул тилектер - дилдердеги тазалык,
Ошондуктан карылардан бата алып.
Кандай сонун болор эле деп ойлоймун,
Кала билсек элдин уулу, кыргыз уулу аталып!
  • Currently 3.74/5
(53 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (36)

19.08.2015. 19:54
 dastan_nookat
Айыма унун жакшы экен !!
19.08.2015. 20:13
 mirlan15
Молодец
19.08.2015. 22:16
 Eli75
Маанилуу ыр болуптур.
19.08.2015. 22:22
 ASELENOK
Аруулук,тунуктук, тазалык.. биздин коп ырчыларга ушундай бийик нерселер жетишпейт.
19.08.2015. 22:36
 nazya5
Сонун, кыргызча эле уйронуп алсан эми болду
19.08.2015. 23:48
 uuljankg
аззамат Т Айылчиевтин карындашыбы бул
20.08.2015. 00:31
 jakuta
Азамат ийгилик! Баары эн сонун! Уну аябай уккулукту! Айымага айтаарым ырдын маанисине жараша кийину стилин айкалыштырса Жакшы болот! Сары тустогу койногу башка жанрлардагы ырларга кийсе болмок! Бул сестренкага болгон советим! Туура кабыл алат деген умуттомун!
20.08.2015. 00:57
 Umka..00
Супер унун аябай соонун экен онорун оркундой берсин
20.08.2015. 03:03
 malika14
mincha nazik kyz eken. unu ayabai jakti. onorun orkundoi bersin. yigilik!!!
20.08.2015. 11:46
 Gulnazz93
Соонун!ийгилик Айыма!
20.08.2015. 13:13
 NargizaM
ийгилик!
20.08.2015. 20:33
 Atabaev.kg.su
Голосун озгочо да Айыма
20.08.2015. 20:50
 Patrik
Жанымсын го жанымсын...
21.08.2015. 14:13
 Nur0701
азаматсын, уважаю сени!
21.08.2015. 14:20
 ere
Кыргызча сүйлөй албай насаат ырдап таштаптырго Азамат!
21.08.2015. 14:31
 AFRODITA-89
кыгызсчаны без акцент ырдайт экен неге суйлой албайт жакшы ырдаптыр татаал ыр экен анча мынчанын уну, духу жетпей турган, сары койногу жакпады жакшы форма тиктирсе болчудай экен жон эле айланып кочого чыкканча тартыргандай болуп калыптыр.
21.08.2015. 18:56
 kushtarbek.9595
Кыргызча билбейт дейсинерби?Ырдаган ырын озу тушунбойбу ошондо?
21.08.2015. 19:38
 solnishka
Ийгилик
23.08.2015. 11:23
 asas1212
сооонун тартылыптыр клип .ырды коркуно чыгара ырдаптыр
24.08.2015. 11:19
 sale-81
ссупер, Айым эл козундо болгондон кийин стилинди ондосон анданда супер болот
07.09.2015. 09:20
 uli95
Сонун ыр болуптур...
16.09.2015. 18:17
 R.Akylbekov
унуно баллии сени суйомго голосун
29.11.2015. 20:03
 Ruslan-83s
мыкты абдан онорун оркундосун. клипта ыр да сонун болуптур
29.11.2015. 20:04
 Ruslan-83s
мы за тебя болеем
09.12.2015. 19:13
 tolik
Уну керемет! Эн жакшы ырдаган,бирок ушуну озу тушунуп ырдаганда мындан дагы мыкты болмок экен
25.12.2015. 15:11
 jumai7984
Эн жакшы. Унун абдан жагымдуу. Чыгармачылыгына ийгилик.
12.04.2016. 15:23
 sardarbek91
Просто супер.
13.04.2016. 10:17
 marty77
Бул кыздын уну жакшы ырдаганы жакшы бирок клипке деле конул буруп койсо болмок. Клип деле ырга корк кошо турган озунчо бир тасма да.
13.04.2016. 11:43
 deva
Анча жакпады. Ырдын баштапкы версиясын бузуп салган. Мурункусун уккум келе берет негедир
21.09.2016. 12:21
 kenjazmed
Неси жаман, келген элдер деп турса:
"Өмүрлүү бол, жүзгө жаша, карыган". дегенге такыр тушунгон жокмун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: