Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асель Турдалиева "Алга, Кыргызстан!"
Жанр:Эстрада
00:04:16
53,02 Мб
Жүктөлгөн: 21-08-2013


Сөзү:А.Акбаровдуку
Обону:А.Иманалиеваныкы

Байланышкан видео

3 ырчынын достугун бекемдеген клип
Намыс болуп, кош канаты
Оболоп учуп талбаган,
Жеңиштерге бирге жетип,
Ынтымак жолдон тайбаган.
Жигиттериң шумкар сымал,
Бийиктик менен дос болуп,
Даңазалуу бабалардай
Көтөргүн элдин байрагын.

Кайырма:
Кыргызстан, алга, алга!
Өркүндөй бергин алгала!
Кыргызстан, алга, алга!
Бүт дүйнө уксун жардана!

Нурдан бүткөн айым-кыздар,
Жан дилин аруу баалаган.
Нарк каадалуу байбичелер,
Ырыс кут үйдү кармаган.
Үмүт болуп жоодурайт гүл,
Көз жоосун алат айланам.
Кыргызстан бакыт үйү
Түбөлүк гүлдөп жайнаган.

Кайырма:

Теңир колдоп кыргыз жерин,
Жамандык кайгы баспасын.
Кыргыз көчүн улуу жолго
Даанышман Чыңгыз баштасын.
Урпактарга мурас болсун
Ажайып Манас дастаны.
Касиеттүү кыргыз жерим
Чалкыган бийик асманым.

Кайырма:
  • Currently 4.04/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (104)

24.08.2013. 21:09
 vanykyrgyz
Айчурок апче! Сонун ырды чыгарыпсыз. Рахмат чон.Манас атамдын арбагы колдосун.Сиз жонундо эмне айтышпасын уруп ойнобой иштеп жатасыз.Неси болсо да примадонна деген атка татыктуусуз.Сиздей эчким эмгектене албайт.Бул чындык. Алга кыргызымдын Айчурогу, алга Алина, Асель.Алга Суперинфо. Алга Кыргызстан!!!!
24.08.2013. 22:20
 tolik
Эн сонун клип болуптур! Бул эжелерибиздин достугу эн жакшы. Динара эжебиз корунбойт го.
Сиздерден кийинкилер Г.Сатылганова,Г.Тойгонбаева,Г.Кахаровалар чыкса мындан дагы оиригиналдуу болсо керек. Негизинен клип дагы,ыр дагы эн мыкты болуптур. Азаматсыздар сиздерге ийгилик!
25.08.2013. 11:02
 dinka.vip777



силерге ийгилик ретро жылдыздары сонун ыр.
25.08.2013. 11:38
 Nurzada88
Кыргыз элинин кыздарынын ажарын ак жоолук менен ак койнок ача экен, баардык формаларынан жакшы чыгыптыр.
25.08.2013. 19:10
 Samat.A.A
азизанын ыры болсо кок жылгаяк жуктоп койунуздарчы???
25.08.2013. 22:07
 alaika.kg
Айчүрөк эже, ыр эң сонун, клип андан сонун болуптур! Мунун баардыгы Сиздин ак эмгегиңиз! Примадонна деген наамга татыктуу болуп, талыкпай эмгектенип келатканыңыз кубандырат! Үй-бүлөңүз менен эл ичинде аман болуңуз! Кыргыз эли Сиздей чыныгы талант менен сыймыктанат!!!
26.08.2013. 01:24
 Baky1987
Клип аябай сонун болуптур,мага абдан жакты.Бизге ушундай патриот клиптер керек.
26.08.2013. 16:35
 Anuca
Kyrgyzstan ALga ALGAAA))))000000000ooooooooooo
26.08.2013. 18:19
 Baktybek291184
Ukmush sonun chygarma boluptur
26.08.2013. 20:28
 SDD
эн сонун клип болуптур,озунчо угуп ырахат аласын.
27.08.2013. 01:32
 kopush
Айчурок айым ах какая женщина, какая женщина мне бы такую.
27.08.2013. 20:41
 arishka
Кайра кайра уга беретурган ыр, кайра кайра короберетурган клип болуптур. Кыргызстаныбыз кандай кооз эээ туугандар. Уч эжекебиз простоо лапочкалар. . Девочка девочка эле болуп алышыптыр.молодцы так держать. Вы гордость Кыргызстана. Алгаа Кыргызстан!!!! Алгааааааааааааа!!!!
28.08.2013. 11:41
 draude
Мына артист деп ушуларды айтсан болот ) он десен он ,Фигура десен фигура , ун десен ун ) а азыркыларчы 2 жыл сахнага чыгып алып оздорунчо примадонна сезет фигураларын айтсан бегемоттордон айырмасы жок он келбети зоопарктагы маймылдардай болуп RESPECT Алина+Айчурок+Асель эжекелерибизге особенно Алина Эжейге )
28.08.2013. 17:05
 saya4ka
жакшы! Клип абдан жакты! Азаматсыздыр эжелер! )))
29.08.2013. 23:03
 berekeshka
Айчурок Иманалиева апче эми кичи мекениз Талас жонундо ыр чыгарбайсызбы, у вас это хорошо получается. типа Таласым алга же талас таншыйт деген сыяктуу. Ойлонуп корунузчу.
30.08.2013. 13:45
 rs7777777
обону созуно жарашкан эмес патриот обон эмес мага жаккан жок
31.08.2013. 12:58
 yalla
журокту козгогон укмуштай ыр экен. А жерибиздин кооздугучу. Эжекелерибизге соз жок. Азаматтар!!! Обону созу тартылганы абдан сонун болуртур. ырга семиз семииииз БЕШ.
06.09.2013. 15:59
 BURUL29
Теплоходун атын Елена эмес Кыргызстан деп жазып койсо мындан да сонун болмок экен
06.09.2013. 23:08
 karalai
Еленаны койгулачы Айчурок Алина Асель турганда. деги эле бир нерсе таппай турасынар. пароходторду ушул эжекелер чыгарыптырбы. Клип сонун 100 балл.
07.09.2013. 01:48
 arishka
Эх кандай сонун дагы бир жолу кордум.
07.09.2013. 10:17
 sale-81
абдан жакшы клип болуптур.. силерге ийгилик
09.09.2013. 14:23
 Emine
Клип аябай сонун болуптур мына ушуну айтса болот кырзыздын патриот кыздары деп. Анан бир нерсе айткым келет да жанагы ЕЛЕНА деген жазуунун устунон бастырып туруп временно Кыргызстан деп жазып алсаныздар катып кетмек да. Рахмат аман болунуздар.
09.09.2013. 22:56
 chychkan
Менин суйукту ырчым Айчурок Иманалиеваны Казакстандан коп жолу коргом. Ырларды озу жазганын билбептирмин , бул ырды угуп дагы ото сыйлап калдым. Духту которот экен. Он жолу уктумго дейм. Мыкты ыр, мыкты клип, мыкты ырчылар. Алга Кыргызстандыктар!!!!
11.09.2013. 10:08
 bulochka
Патриотическая песня. получилась высший класс. люблю свой Кыргызстан. Love you Иманалиеву!
11.09.2013. 14:52
 dota
Вы суупер! Кыргыздын эн сыймыктанган ырчылары! Азаматсынар. айчурок эже мурдале ушинтсе болмок озу ырдабай!
11.09.2013. 17:32
 koroshev
Айчурок апчемдин уну Мыскал эженин унуно окшоштурам. Кыргыздын колорити бар.Клип жакшы тартылыптыр. Эн мыкты ыр. Азаматтар!!!
05.10.2013. 01:29
 vera23
Ыр аябай сонун чыгыптыр клип просто суппер!сиздерге ийгилик
07.10.2013. 19:33
 cholpon83
sooonun boluptur,koynoktoru dagi super eken!!!
12.10.2013. 21:33
 rozka
Соонун тартылыптыр соз жок ыры дагы сонун кийимдери...Айчурок.Алина.Асель достугунуздар дагы туболуктуу болсун
20.05.2014. 12:37
 aibek93
Ай кандай сонун. Патриоттук сезимди ойгототурган ыр. Браво.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: