Айнура Салахидинова "Сен жокто"
Жанр:Эстрада
00:03:34
55,34 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2012


Сөзү:Турар Кожомбердиевдики
Обону:Эгемберди Талиповдуку

Күн эмнеге, эмнеге,
Батпай койду сен жокто?
Таң эмнеге, эмнеге да,
Атпай койду сен жокто?
Көмүскө жандай суз болуп,
Көңүлүм чөктү сен жокто.
Көзүмдүн жашын көрсөтпөй,
Кылгырып төктүм сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.

Куштар неге, эмнеге,
Сайраган жок сен жокто?
Гүлдөр неге, эмнеге да,
Жайнаган жок сен жокто?
Булактын мөлтүр агымы,
Акпады токтоп сен жокто.
Сайраган булбул үнү да,
Жакпады жанга сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто...

Жашоо мага түшүнсөң,
Кермек болду сен жокто.
Жалгызчылык жадатып ай,
Эзмек болду сен жокто.
Эстеген сайын эзилип,
Муңкануу жаным сен жокто.
Үмүтүм тоодой сезилип,
Кыйналуу жаным сен жокто.
Сен жокто ай, сен жокто.
  • Currently 4.50/5
(26 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (43)

30.01.2012. 15:17
 IlyasMasirov
Айнура азаматсын. ырын дагы, клибин дагы мага жакты. кичинекей периштени кайдан тапкансын. барына 5. так держать!
30.01.2012. 15:30
 qiltan
Clip mykty tartylyptyr ! Ainuranyn unu aiabai jagat...
30.01.2012. 16:11
 andormeda
Клипте прогрессс бар. Ырдын сөздөрү жакшы, мага жагат.
30.01.2012. 19:49
 khlebov
Айнура азаматсын.Бирок,эмнегедир клипте жигитке оорууканага келген жеринде аябай болушунча боору эзилип кулуп,анан тартылган окшойт.Жузундо жылмайуунун элеси калган.Романтик адамсын.Жай болобу жайдай,кыш болобу кыштай табихаттын коркун ачып,сулуулукка сулуулук кошот.Клиптеги жигит, ай бир жигитче куласан боло.Антип кыз куласа деле эч нерсе болмок эмес."Ат жалын тошойт,эшек туягын тошойт" дегенди унутуп койгон го.Кичинекей кыз дайыма периштедей колдоп жургондой тушундум.Ийгилик сага Айнурка!!!!!!
30.01.2012. 23:32
 Aelina
Klip jakshy ele eken birok bala attan jigilip pamyatin jogotkon jeri jakshy okshoshpoi kaliptir. kichine realniyraak kilishsa bolmok eke, yry jakty.
31.01.2012. 04:06
 aziko04
Айнура мен сенин ырларынды аябай жакшы коруп угамын, ырга соз жок Азаматсын, бирок клип жакпады мага. ийгилик сага!!!
06.02.2012. 16:23
 LIVER
Аттан жыгылганы окшошпой калыптыр
22.03.2012. 22:20
 DoctorVOROBEI
Клиптери бири бирине окшош, ээрчишкен эле кыз жигит... Фантазияны кичине иштетсе болмок экен... Ырдын озу жакты.
25.03.2012. 11:56
 NURSKY
жакты мага
05.04.2012. 19:12
 4aidai
Эн мыкты клип болгон, мага жакты, Ийгилик каалайм!
05.04.2012. 19:14
 sardar1
я уважаю эту певицу и ее талант
08.04.2012. 12:07
 Rucalka
аябай жакты клиптин сапаты, ырдын ар бир сабы, обон ыргагы да топ келишиптир!!!
09.04.2012. 13:59
 smailik
Айнура эже жакшы клип болуптур ийгилик сизге
10.04.2012. 02:48
 saki_kg
Че увас у всех один тот же РЕЖИССЕР))) Снимите нормальный клип!!! а так ЖАМАН ЖАМАН ЖАМАН экен!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
14.04.2012 12:05
Tansuluu
saki_kg, ты хоть сам попробуй снять один клип. языком только молоть умеете
20.04.2012. 18:08
 jika8424
Баары жакшы бир гана жигиттин туру суук экен. Мага жакпады ал бала.
20.04.2012. 18:21
 Lapochka4
Ыры да,клиби да жакты!!!Ийгилик Айнура эжеге!!!
24.04.2012. 14:23
 aimas
Ayat degen kinodo jaman roldu oinogon balaga jakshy rol dele jarashat eken go )))
25.04.2012. 11:54
 k91.91
мда +
26.04.2012. 14:33
 4aidai
Айнура ар убак клипиндеги геройлорду жакшы тандайт экен. Тескерисинче бул жигит телегеничный экен. Ийгилик!
30.04.2012. 11:06
 sardar1
Super
10.05.2012 12:31
IlyasMasirov
sardar1, очень даже супер!
19.05.2012. 19:47
 sabmolder2
Супер ыр жана клип болуптур! Мага абдан жакты!
24.05.2012. 22:11
 daldan85
Тушунуксуз клипко!
29.05.2012. 10:58
 4aidai
Соонун клип. Мааниси ырына куп келгеню Ийгилик!
06.06.2012. 10:43
 Altynym
Ыр жакшы, бирок клип анча окшошпой калган. Айнура ырдап жаткандагы арткы жагындагы фондор чар жайыт. Жарык, ар түрдүү түстөр, жалтыр-жултурлар өтө көп. Ырда "сен жокто" деп өксүп жаткан соң, артындагы кыздарды бийлетпей эле өзү жалгыз туруп ырдаса жакшы болмок.
09.06.2012. 04:38
 Gulirka
Айнура жакшы ырдайт аябай ну клип не так уж интересно получилось
19.06.2012. 00:26
 NuraiNurdinova
super
30.07.2012. 05:25
 Ulugbek7777
Abdan jyldyzduu kyz eken
14.11.2012. 23:12
 Айнура Салахидинова
Salamatsynarby? Baardygynyzdarga rahmat! Men syndy tuura kabyl alam. Myndan kiyinky 4ygarmalarymda dagy izdenem. Sizderdin jiluu sozdorunuzdorgo rahmat!
01.04.2013. 08:05
 i-nurbek
Айнура Салахидинованын уну и обондору жагат. Маанилуу дагы ырдайт. Анын устуно клипке дагы сонун берилип ойнойт.
01.06.2013. 15:45
 daniar781121
ИТ уро берет кербен журо берет АЙНУРА сен чыныгы кыргыз ел ырчысы клипке еч кимди кошпой еле жалгыз озун бир еле жерде ырдасан да сага еч ким жетпей азамат онорун оркундой берсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: