Жанр:Эстрада
00:02:57
56,43 Мб
Жүктөлгөн: 04-09-2025
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаев
Обону:Нурлан Насип
Бошоп калсам телефонум алам,
Атыңды арасынан табам.
Сенде сыйкыр барбы, билбейм?
Токтоналбай дароо сага чалам.
Сөзүң бар: “Кандайсың?”
Нары улай албайсың?
Сезимиң билгизип,
Неге чалбайсың?
Калыс:Алоо,
Нурай: Алоо!
Калыс: Асылкечимди сагындым го...
Нурай: Албай койсом айып койбо,
Калыс: Мен издеген ай, бактым сен болбо?!
Жаш жигиттин мени сүйгөн кези,
Өтпөстөн мезгил эрте-кечи.
Үнүм уккуң келип чалсаң,
“Ало, жаным, жолугалы” дечи!
Жок кылган кайгыны,
Жүрөгүмдүн кайрыгы.
Чалыша бербестен,
Жолукпайлыбы?
Калыс:Алоо,
Нурай: Алоо!
Калыс: Асылкечимди сагындым го...
Нурай: Албай койсом айып койбо,
Калыс: Мен издеген ай, бактым сен болбо?!
Сөзүң бар: “Кандайсың?”
Нары улай албайсың?
Ансайын чалгандан,
Неге талбайсың?
Калыс: Алоо,
Нурай: Алоо!
Калыс: Асылкечимди сагындым го...
Нурай: Албай койсом айып койбо,
Калыс: Мен издеген ай, бактым сен болбо?!