Добр, Назира Токонова "Жашоо бир келет"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:04:14
45,43 Мб
Жүктөлгөн: 25-09-2013


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып,
Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын.
Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып,
Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып.
Алга кадам таштагансып жаңы,
Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл.
Таштаарында багыт, аркалаган бакыт,
Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып.
Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы,
Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары.
Жараланган жүрөк таппай келет түнөк,
Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк.
Кайылмын баарына, кайдигер арыма,
Коркомун калыштан Кудайдын каарына.
Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн,
Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр.

Кайырма:
Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.
Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.

Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек,
Жашоого сен эмес, жашоо сага керек.
Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет,
Келечегиң болсо, эртеңки күн келет.
Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман,
Азыр бул заманда кыйын болуу адам.
Жаса кадам, алдыга ташта максат,
Бекер отурбастан, аракет кыл, башта.
Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк,
Жаратканым гана сага болот жөлөк.
Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң,
Алардан ал бата, сый-урматка бөлө.
Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн,
Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр.
Алгач адам бол жөнөкөй, анан
Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман.

Кайырма:

Өмүр деген - узун дайра,
Артты көздөй ал акпайт кайра.
Жаштыгың ал ошол дайра сымал,
Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал.
Убакыт бул - учкан куштай,
Учурунда карма колго уучтай.
Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт,
Ак ийилет, бирок такыр сынбайт.
Багыттайт жүрөгүң туура жолго,
Эң башкысы, сен аны жоготпо.
Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан,
Сак боло жүр андан айрылуудан.
Бул өмүрүңдө эч бирөөгө,
Эч качан эч сын тага көрбө.
Жаңылбаган эч бир адам
Болгон эмес, жаса алга кадам!

Кайырма:
  • Currently 4.68/5
(56 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (81)

01.10.2013. 09:30
 akulya17
Ырдын тексти абдан жакты !!!!
01.10.2013. 17:56
 Samiev.kg
ен жакшы екен
03.10.2013. 14:34
 Typyskoo
Азаматсыз Добр байке!А Назира эже башкача ырдап уну негедир башка адамдын унундой болуп кетиптир!
05.10.2013. 00:10
 NADUW
аят 3 тон кыска узундуго. ырды жакшы жазыптыр!
05.10.2013. 21:15
 kyrgyz.jigit.
хит года деп, ушул ырды айтса болот!
06.10.2013. 00:03
 Elmara
Жок эле дегенде бир кундо 1-2 жолу угам,Назиранын уну кошулган жери аябай уккулуктуу да айрыкча,Добр азамат,патриот алга!!!
06.10.2013. 05:26
 adiku
Алга !!!
06.10.2013. 05:42
 minara
Хит-Алга !!!
07.10.2013. 23:44
 Ledi-Di
обону Добрдыкы? ушул ырды обону анан кайырмасы жагып кочуруп алган элем, бир заматта кубанычыма суу сепкендей боло туштум ((Модератор admin_media түзөттү 08.10.2013 09:41
10.10.2013. 16:56
 Kamalbek
красавчик сонун ыр мага жакты абдан маанилуу
11.10.2013. 23:46
 talant.kg
саундтрек жакшы чыгыптыр ыры да аябай соонун экен азаматсын Добр ишине ийгилик
12.10.2013. 10:48
 Elcinor
Мага аябай жакты!!!!!!Добр байке алга!!!!Назиранын ырлары баары жагат!!
25.10.2013. 23:51
 nursultan1
красавчик Добр ага ыр жакшы Назира Токонованында ырдаганы сонун чыгыптыр
26.10.2013. 01:59
 Ханбийке
жаап жашырганда эмне ачуу чындык да, коркомдоп жакшы жашоо жонундо тарткан менен карапайым элди ким ойлойт.
13.11.2013. 17:36
 admin_media
Jakykg,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз
24.11.2013. 14:19
 Fernando
bul kinonu korgon jakkan
08.12.2013. 00:48
 Muratti3003
суппер клип да ыр да
10.12.2013. 00:09
 momi
ииий байкуштар мындан да катуу кыйналган адамдар барда мына азыр да биз жылуу жумшак отурган мезгилде башка жерде башкалар уйу жок барары жок же ичери жок жургондор барда оо кудай абдан ыйлагым келим кетти
12.12.2013. 08:40
 suiunbai_kg
4unduka kelgende urdun manisi aiabai jaktu dobr alga
alga uwundai urlardu 4ugar
12.12.2013. 09:36
 admin_media
suiunbai_kg,
Ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
14.12.2013. 19:09
 PRO-100-BEKA
москвага качан койуп келет екен
16.12.2013. 02:57
 JANDIL
Бул ырдын созу эле добрдуку болбосо! А атак минусун англичанин АЛроунда деген бала чыгырган
24.12.2013. 17:17
 miniusha
сонун ыр,аябай жакты, ошондо баарыле почти что кайырма болуп калган го ээ?
09.01.2014. 00:23
 meka_a.k
супер пупер
18.01.2014. 16:51
 ms.byityk
Ыры жакты , бирок саунтрек жакпай калды кайгылуу экен ((
21.01.2014. 01:45
 Mister.Erik
жакшы ырдашкан Добр азаматсын ийгилик сага ал эми Назира эжебиздин унундо соз жок негизинен алып караганда тушунуктуу, манилуу тарбиялык жагынан да тушунуп укса болот
18.04.2014 09:30
admin_media
Mister.Erik,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөп коюуга аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
22.10.2014. 11:21
 FlowersGuli
соонун ыр.клип кен.
14.12.2014. 00:04
 tarikos88
жакшы клип)))))))
27.12.2014. 13:14
 asel.bahtierova
Аябай жакшы ыр болуптур. Чыныгы мигранттардын жашоосу тартылган кино. Аят 3 жакшы тартылган азаматсынар 5+.
17.04.2015. 00:01
 eldar87
мынча сонун Назиранын уну
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: