Алтынай Нарбаева "Кимибизден?"
00:04:20
25,77 Мб
Жүктөлгөн: 24-05-2011


Сөзү:Д.Садырбаевдики
Обону:Ж.Кочкоровдуку

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?

Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Currently 4.94/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (29)

26.05.2011. 17:02
 meri94
мааниси аябай сонун аябай жакты...
27.05.2011. 16:41
 misha
"конулдун муз торуно бара электе" мындай создор чанда айтылып,элдин оозунда калат. создорду эжебиз жеткире аткарган. созу, обону жана аткаруучу бирин бири толуктап утрат мага жакты
30.05.2011. 12:58
 salidat8087
Kлип менен кереметтуу Жети Огуз топ келишкен сагындым Жети Огузду айлымды Кок Жайыкты.
09.06.2011. 17:04
 misirovich
super
10.06.2011. 09:37
 jua
Менденби же сенденби, кимибизден?
15.06.2011. 14:05
 ayzada
Алтынай эжени абдан урматтайм жана ушул ырды абдан жактырам!
23.06.2011. 18:18
 nurzida
Соз жок сонуууууууун
30.06.2011. 00:45
 Light
сонун ыр,Алтынай эже азаматсыз
24.07.2011. 14:39
 Zin
sooooonun, ilgerki yrlar ele jakwy ataganat, Bax 4irkin!!! )))
29.07.2011. 18:05
 Celiya
Эн сонун ыр мааниси дагы абдан сонун
30.08.2011. 23:14
 teleport
altynai narbaeva a9bai jagat sonun yrdait
23.09.2011. 23:47
 aidor
Алтынай эже ырдаган ырларынызды иштеримди токтотуп коюп уккум келет
28.09.2011. 01:17
 aminali
Кыргызстандан ушул ырды угуп"оо Динара Акуловабы?ушул ыр жагат мага "-деп таксинин ичинен кыйкырып сүйлөп жаттым эле жыргап,бир эже кыйын болуп кагып салды да мени,көрсө Алтынай эже турбайбы азыр көрүп жатам клибин.Сонун ыр,той топурлар бул ырсыз өтпөйт экен.
28.09.2011. 20:09
 Ledi5
super!
07.10.2011. 17:44
 mirumir
абдан жакшы ыр.
20.10.2011. 21:48
 kulpunaikg
Укмуш сонун ыр....
24.10.2011. 09:31
 JOKER888
маркум Дооронбек Садырбаев агабыздын ыры да. Алтынай эже абдан жакшы аткарыптып, азаматсыз!
16.11.2011. 02:51
 malina
мааниси аябай жакшы ыр екен.эжеге Рахмат ,бар болунуз,чыгармаларыныз оркундой берсин.
02.04.2012. 20:48
 caida
мен учун жаралган ырдай,ийгилик!
13.05.2012. 17:30
 razalina24
Мен бул ырды суйом
02.07.2012. 18:10
 take41
акындар ушундай конул эргитчуу ырларды жазгылачы сураныч
12.08.2012. 10:29
 omo93
мага аябай жакты
22.08.2012. 23:28
 take41
Саамайын саамал кымыз сынар эле кандай сонун
21.10.2012. 19:03
 aygul_90
Кайран кез кандай сонун убак эле
24.02.2013. 03:25
 ales
...Бой салып, ашык болуп калдын беле?...

...Жаркыным суу куя көр сезимдерге,
Тамыры такыр кургап кала электе
эээ... иии...
14.06.2013. 09:23
 a.akz
Машинадан мен угуп алып берилип кошо ырдап кетип бара жатып ГАИ тосконун байкабай отуп кетиптирмин, аркаман кубалап келди.
28.06.2013 04:45
aiza.kyrgyzkyz
a.akz, жакшы ыр мен да аябай ырдайм ушул ырды Алтынай Нарбаева эжекедей эч ким жакшы ырдай албайт экен озу сизге ийгилик эжеке
01.04.2014. 04:05
 nurgul-92
sonun yr bırok bızdıkıler nege baalabait yr dep usunu aitat bar bolunuz altynai ejekooo oorubanyz bız kyrgyzdar sız m.n syimyktanabyz
30.10.2014. 23:41
 Nyr4ik
Алтындай уну бар ырлары журоко жетет ушул эженин бут ырлары жагат да жагат иииии балллииии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: