Алтынай Нарбаева "Сагындым сени"
00:03:33
21,3 Мб
Жүктөлгөн: 13-06-2011


Айдыңга ак куулар жол алды,

Сагындым сени.

Жайнады дүйнө да, жаңырды,

Сагындым сени.

Жаз өттү, жалбырак саргайды,

Сагындым сени.

Ак кайың ак мамык жамынды,

Сагындым сени.



Кайырма:



Күн батты, таң атты дагы да,

Эм таппайм жаралуу жаныма,

Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.

Сен элең сүйүүмдүн жанары,

Эңсеткен жүрөгүм жамалың,

Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.



Ак кайың арылды ак кардан,

Сагындым сени.

Булбул куш сайрады бактардан,

Сагындым сени.

Элесиң жүрөгүм жандантып,

Сагындым сени.

Келесиң, жаным, кай жактардан,

Сагындым сени?



Кайырма:
  • Currently 4.41/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (23)

13.06.2011. 17:36
 jaina
Ушул ырдын казакчасы абдан жагат. Сонун күндөрдү эске салат...
13.06.2011. 17:40
 merov
эн сонун
14.06.2011. 13:34
 alis
Алтынай эже жакшы ырдайт,үнү жагат.Абдан жакшы ыр.
15.06.2011. 13:53
 ayzada
Jaina kyrgyz bolgondon kiyin kyrgyz yrlaryn ugush kerek!
16.06.2011. 12:10
 Nurzatka
просто слов нет отличная песня
16.06.2011. 12:45
 nnbek
bul yrdyn avtoru kim? kimge taandyk sebebi kazakchasy da bar dep uktum
19.06.2011. 16:58
 Granite
Мен Алтынай эжени суйом,ырларын рахаттануу менен угам ар дайым.
19.06.2011. 17:17
 Granite
Алтынай эже канчанчы жылкы болот,аялзаттын сулуусу.
22.06.2011. 12:56
 kurbanbu
супер,супер,супер и дагы бир жолу супер.
23.06.2011. 09:43
 Eldiar
Назгуль эжеге жакты,
13.07.2011. 15:26
 ХАНЗАДА
Маанилуу саптар. Айрыкча "эм таппайм жаралуу жаныма" деген сабы кок желкемди тырыштырып жиберди...Модератор ХАНЗАДА түзөттү 13.07.2011 15:27
24.07.2011. 14:07
 edua-m
эх кандай сонун ыр,,, саааагындым сени ла-ла-лааааааааааа
28.09.2011. 01:20
 aminali
Алтынай Нарбаева жөнүндө кенээнирек маалымат берип койуңуздарчы урматуу мен сүйгөн газетам супер инфо.
15.11.2011. 14:14
 maksnarin
en jakshi ir atkaruucu super
a ayzadaga joop azir jash irchilardin baari kompyuter arkiluu ar kimdin irin uurdap koshup jildiz bolup jurboybu a altinay eje atkaruuchu bolgondo da jurokko jetkie irdagan atkaruuchu
21.12.2011. 17:41
 Nazika_1990
сооонун ыр,укканда журогум эзилип кетет
21.02.2012 21:44
nurgulja
Nazika_1990, Мен чын дилимден кошулам,эн сонун ырдайт эже.Ырахаттанып гана угуу керек.
25.02.2012. 18:33
 katya
эн сонун ыр канча уксан да уккун келе берет Эже укмуш ырдаган .
05.08.2012. 22:32
 altynbek-
Мааниси жакшы ыр го
21.10.2012. 19:08
 aygul_90
Алтынай эже азаматсыз Сиздин бардык ырларыныз мага абдан жагат
26.11.2012. 18:31
 mafioznik89
eyey унунон ай! айайай Алтышка!! Рахмат Лелик инимдин жакшы коргон ыры!
12.01.2013. 21:27
 Medet11111
Бакиевди коштоп Токмокко барган кундору болгон
30.05.2013. 14:46
 aizada1978
жоокер ырынын клибин жуктоп коюнуздарчы суранам айдар алтын-ордо
06.07.2013. 17:45
 zarifa_love
бойроктон шыйрак чыгарбачы,бакиевди коштосо не болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: