Алтынай Нарбаева "Кат жазчы мага"
Жанр:Эстрада
00:04:20
55,34 Мб
Жүктөлгөн: 05-07-2013


Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону:Шамшыбек Өтөбаевдики

Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагынч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?

Кат жазчы мага,
Недендир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр,
Кабарың бербей койду деп
Таарынып жатып,
Сагынып жатып, уктадым.

Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок билүүлүк.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
“Жарк” этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.

Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап,
Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Кат жазчы мага
  • Currently 3.94/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

05.07.2013. 22:26
 chinara88
аябай сонун ырдаптыр алтынай эжеге ийгилик
05.07.2013. 22:33
 cavet
эженин бардык ырларын жан дилим менен кайра кайра коюуп угам абдан жагат
06.07.2013. 01:31
 doni2013
айабай сонун чыгыптыр ийгилик сизге!!!
06.07.2013. 01:52
 Batu12
Клип да, ыр да ен сонун, азаматсыз...!!!!!
06.07.2013. 23:44
 gooool
Аябай сонун,ыр да.клип да укмуш сонун,мага аябай жакты!!!!
07.07.2013. 20:03
 zema
соз жок сонун чыккан клип
07.07.2013. 23:55
 bokonbaev
sms'tin kyrgyzchasy kat bolot da:))
08.07.2013. 10:08
 nur007mir009kg
Эжеге ийгилик ырлары жакшы уккулуктуу.
08.07.2013. 14:33
 Awpoz4u
Нурбакыттын вариантына караганда мага Алтынай эженин ырдаганы жакты))
08.07.2013. 18:05
 12.12.12
Бул эженин ырлары мага абдан жагат!Кат жазчы мага деп мен дагы алыста жургон суйгонумо айтаар элем.Мен сени сагындым ЖС!
08.07.2013. 20:23
 Debi
Сонун ыр экен, сонун ырдайт экен. Клиптеги кыз өзү эле сулуу экен, аны тим эле чылпылдата боёшуптур го, ошол бузуп коёт экен.
08.07.2013. 20:34
 sara90
klip jakwu tartuluptyr...yigilik sizge...
08.07.2013. 23:58
 kukolka
Алтынай эже унунузго береке ыр сонун ойдогудай
08.07.2013. 23:58
 almagul_aravan
аябай сонун экен! Деги мурунку ырчыларыбыздын ырлары кандайдыр маанилуу
09.07.2013. 13:43
 MaRmeLaDka
Клиптеги роль ойногон актерлорго караганда Алтынай эженин кат жазчы мага... деген саптарын ырдаган жерлери таасирдүү болду. Сонун ырдаптыр, алкыш!
10.07.2013. 15:37
 gulzinarzu-09
Баракелде Алтынай эже!
02.08.2013. 20:19
 bakyt.anara
Кандай керемет ун, баары сонун азыркы окшош килипттерден караганда 10 эсе жакшы.
03.08.2013. 18:47
 aiza.kyrgyzkyz
Урматуу супер инфо сиздерден сураныч Нурбакыт Разаковдун да ушул ырды ырдаган клибин киргизип койсонуздар сиздерден терен отунуч, Рахмат
11.08.2013. 12:18
 Omarxan
Армияга 40 чыкканда кеткенби эмне?
15.08.2013. 00:44
 shazi
сонун клип болуртур мана жакты. ырын тажабай угасын
28.08.2013. 21:28
 MayaB
клип эн соонун Алтынай Нарбаеванын ырдаганы абдан жагат ийгилик
07.10.2013. 10:12
 admin_media
goodman02,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы кайталанып жатабы?
30.10.2013. 02:33
 Jamalkan
Shamshibek Otobaevdin atkaruusunda ukchu elek,emi Altinai Narbaeva da bul irga dagi ekinchi omyr beriptir,raxmat Altinai!
26.11.2013. 03:16
 avalon_kg
Алтынай эже каяктан эле ушундай сонун ырларды таап алат?!
01.05.2014 16:58
Oi_pikir
avalon_kg, Ырчынын табити, ой-чабыты мыкты, ошонУчУн башкалар анча байкабай жүргөн, жүрөктү булкуп өтө турган ырларды таап, жетер жериңе жеткире ырдайт.
28.11.2013. 16:13
 nursyi
Соз жок жакшы аткаруу жана клип болуптур.Авторго дагы,аткаруучуга дагы ДАНК!!!
14.12.2013. 14:35
 tasnim
соз жок,кайра кайра угуп тажабайсын
06.05.2014. 12:06
 sambo
Клиби соонун болуптур. Башкы каармандын ролун берген кыз,азаматсың мыкты ойноптур.
30.05.2014. 06:00
 aiza.kyrgyzkyz
Кат жазчы маагааааа деп эле созолонтуп ырдай бере турган ыр озу эн жакшы ырдалган эжеке унунуздон сиздин мах мах чмоки))) талантынызга мин мерте таазим
30.10.2014. 23:42
 Nyr4ik
Созун жазып койгулачы..........................
13.01.2015. 17:07
 azimova90
Алтынай эженин ырларын баарын Жакшы конуп угамын ийгилик сизге
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: