|
Өзүңдү таптым, өрт болуп жалыным,
Жадырап күлүп сен жүрөккө от салдың.
Сагыныч ээлеген саналуу аралык,
Жети күн калса экен кылымдай саналып.
Жаратканга жетип үнүм,
Жалгыз сага, жаным, кезиктим.
Жашоодогу бул жети күн,
Эң бактылуу мезгил.
Кайырма:
Таанышуу арзууга айланды,
Бир аптада, бир заматта.
Алтыным, мен сага байландым,
Бир аптада, бир заматта.
Баткан күндө, аткан таңда,
Жанашып дайыма.
Өткөн күндөр өзүң менен,
Сүйүүнүн ортосунда.
Кайырма:
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Райхан Бейшеналиеваныкы
Тилектин баары тунук акак дебе,
Тирелип көкүрөктө жатат дебе.
Термелткен сенин күчүң болбогондо,
Тез эле менин күнүм батат дебе.
Кайырма:
Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе,
Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе.
Кудурет сени буйруп койбогондо,
Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе.
Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе,
Жел болбой булут калкып көчөт дебе.
Жылуулук сенден келип турбаганда,
Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде.
Кайырма:
Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе,
Жылжыган арык көрсөң, булак дебе.
Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө,
Болду, мезгил токтолуп турат дебе.
Кайырма:
Во мне сейчас живет безысходность и порог,
Неужели это без тебя страдает так душа моя.
Ты помоги вновь утверди, радость мне верни сейчас ,
Но ты поднеми меня в последний раз.
Припев:
Где я потерял свою мечту,
Ты мне ответь скорей я жду.
В мыслях покой теряю я,
Что то тревожит меня.
То для чего, мне тебе жить,
Все я потерял сейчас
Но ты поднеми меня в последний раз
Ищу мечту свою,
Где то высоко она.
Как призрак видится везде всегда,
Но ускользает от меня.
То для чего, мне тебе жить,
Все я потерял сейчас.
Но ты поднеми меня в последний раз,
Припев:
Сүйүү толгон көздөрүмө карачы,
Сыздап сокон жүрөгүмдү аячы.
Селдей ташып сага ашыккан жигитмин,
Сапар алган мен баягы.
Жүрөк бети толуп бүттү жамачы,
Жашоомдун өзүң болчу канаты.
Жаным өзүң жарык берчи сүйүүмдү,
Жазып бүтпөс сен санаты.
Кайырма:
Күтөмүн сени, күүгүм киргенче,
Түшүмдө сенсиң кирпик ирмелсе.
Сапарга чыкпайм, сан жылдап күтөм,
Сүйүү кемеси сенсиз келсе.
Канча жандан кара көзүң жактырып,
Канча түндү уйкусу жок аттырып.
Жалгыздыктан чөлгө айланган чөйрөмдү,
Жараталы гүл бак кылып.
Колдо барын кадырына жетели,
Сүйөм деген сөзүң сүйүү мекени.
Жан көрө элек махабаттын багына,
Жок дебечи жүр кетели.
Кайырма:
Сөзү : Ныргыз Чикилованыкы
Обону : Э.Мээркановдуку
Словно день без тебя в мыслях лишь ты одна
Я хочу чтобы любовь моя грела как солнце тебя
Ты со мной каждой лунной ночью
Ты со мной когда льют дожди
Ты со мной но я хочу очень
Чтобы ты разделила мечты
Ла ла ла ла ла ла ла ...
Ла ла ла ла ла ла ла ...
Моя ночь холодна нет у меня тебя
Ты приди хоты бы в сны мои
Радость не отмени
Ты раскарась сны мои цветом твоей любви
Я построю замок любви для нас на солнецных островах
Ты со мной каждой лунной ночью
Ты со мной когда льют дожди
Ты со мной но я хочу очень
Чтобы ты разделила мечты (х2)
Мы одни (мы одни) лишь одни
Только мечтаь... не грусти
Будет и день и час
Там будет все для нас
Ты со мной каждой лунной ночью
Ты со мной когда льют дожди
Ты со мной но я хочу очень
Чтобы ты разделила мечты
Сөзү : А.Алымов, Добрдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Супер гезит бул – “Супер-Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
"Супер" менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда, биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы, өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың, биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!
Жымыңдаган жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Эмгек менен ал талыкпай,
Тартылат сыйкыры бардай.
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен, эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.
Жолун улай бирге болот,
"Супер" артта калбайт.
Эмгектенет, ал талыкпай,
Адашпай жолун ал тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
Эй, достум, айтайын жашыруун сыр,
Жашоомду жаңыртты бир жакшы ыр.
Кезиктим сүйүүмө кайрыктардан,
Белегин сунду бейм мага тагдыр.
Кайырма:
Бир обон, бир жакшы музыка,
Жүрөктү салган го тузакка.
Кубулжуп бүтпөсүн жаңы ырым,
Экөөбүз таанышкан,
Бизди табыштырган мызыка.
Көңүлгө бакыт куш келип конуп,
Көөдөнүм бал сөзгө турат толуп.
Ыр болуп түбөлүк жаңырсын деп,
Сүйүүбүз жазылды нота болуп.
Бир обон, бир жакшы музыка,
Бирде ал сагыныч-кусада.
Бирде ал кубаныч, сүйүнөт,
Бирде таарыныч, сагыныч ызада.
Кайырма:
Сени менен бир болсом деп кыялданам,
Арман болдуң жан дүйнөмдүн тынчын алган.
Жаркылдаган элесиңден алсызданып,
Унуткуча көз жашымды кантип тыям?
Кайырма:
Ырдасам да, ыйласам да, кыйкырсам да,
Алыстасың, бир өзүңө үнүм жетпейт.
Канчалык сүйөрүмдү билесиңби?
Сенден башка эч бир жанды сүйгүм келбейт.
Мерез сүйүү, тагдырымды талкаладың,
Жалгыздык мени сенден тартып алды.
Бассам-турсам сен жөнүндө ойго батам,
Айла таппай жаш жүрөгүм жараланды.
Кайырма:
Жароокер көздөрүңдөн адашканмын,
Балдай таттуу сөздөрүңө алданганмын.
Сүйгүм келбейт, сүйбөймүн деп капысынан,
Бир көрүп тун сүйүүмө кабылганмын.
Кайырма:
Кыйнадың жүрөктү, кыйналдым, күн өттү,
Кыя албай өзүңдөй чүрөктү.
Уяладың жүрөктү, уйкусуз түн өттү,
Уурдадың махабат мүрөктү.
Кайырма:
Кыйналам кылыгыңа,
Караган кыйыгыңа.
Качан болсо кылыктанасың,
Салып ойго кызыктанасың.
Кабыл алсаңчы сен жалдыратпай,
Кылчайбаган сызыктанасың.
Көтөрүп боюңду, кармадың оюмду,
Карматпай кебездей колуңду.
Тосуп чыксам жолуңду, качасың коркумдуу,
Мага салып махабат ооруңду.
Кайырма:
Сөзү : Т.Пирматовдуку
Обону : Э.Мээркановдуку
Сени сүйөмүн, сени,
Сезбей кыйнаба мени.
Сенсиз тар болуп дүйнөм,
Калдым уйкусуз түндө.
Билбей түшүнбөдүң,
Буулугуп жүргөнүм.
Ойлорум алыс учуп,
Ооруду жүрөгүм.
Балким, билбей жүрдүң,
Жана менде сүйүү болду, менин жылдызым.
Бир көргөндө кызыгып.
Өтпөй мага күндөр,
Узун болду түндөр.
Өзүңдө деп көңүлүм,
Кыскарат өмүрүм.
Сагынычым өзүң,
Сагынамын, көзүң салбай мени кайгыга.
Салам айтчы, сүйгөнүм.
Кайырма:
Жүрөгүңдөн мага орун бер, садагам,
Жүрөйүн мен бактылуу, жаның болуп сага.
Как хочу я к тебе прикоснуться,
Красотою твоей надышаться
И обнять стан твой стройный,
В тебя снова и снова влюбляться.
Сейчас нет тебя со мною,
Мой вечер длится вечно.
Напишу я эти строчки,
И тебе посвящу эту песню.
Припев:
Помню глаза твои всегда,
Я не забуду никогда.
Нашу любовь я сберегу,
Я лишь тебя одну люблю.
Твои слова в них столько ласки,
В лучах заката ты так прекрасна.
Дотронусь губами так нежно,
Хочу любовь дарить тебе безбрежно.
Припев:
Сөзү : Эркин Мукашевдки
Обону : Эркин Мукашевдики
В небе проплывают облака, высоко,
И за ними скрылась вдруг луна, от чего?
Ветер в паре с желтою листвой кружится над землей.
И по черным клавишам зонтов ветер звонкий,
Наиграет старый джаз нам вновь, что же с ним?
На асфальте мокром от дождя, танцуешь ты и я.
Припев:
Танец под дождем,
Только мы вдвоем,
Под одним танцуем зонтом.
Танец под дождем, и пока сейчас,
Эта музыка звучит для нас.
Мокрые от слез,
Может от дождя,
Не забыть мне эти глаза.
Танец под дождем,
Мне напонит грусть,
На играю я осенний блюз.
Все осталось где-то позади, далеко,
Наши разошлись с тобой пути.
Под мотив печального дождя,
Танцуешь ты одна.
Припев:
Танец под дождем,
Только мы вдвоем
Под одним танцуем зонтом,
Танец под дождем, и пока сейчас,
Эта музыка звучит для нас.
Мокрые от слез,
Может от дождя,
Не забыть мне эти глаза.
Танец под дождем,
Мне напонит грусть,
На играю я осенний блюз.
Сөзү : Сейит Жээнбаевдики
Обону : Эркин Мээркановдуку
Жоголуп жашоо кызыгы,
Жолдо калдым арасат.
Кыскарып өмүр утуру,
Батып баратат.
Сүйгөнүм, кечиргин мени,
Таштабадым ийнени.
Азапка салдым таарынтып,
Мен сени.
Өзүңдү далай алдадым,
Өзөктө жатат.
Кайырма:
Арманым - бүтпөс азабым,
Арманым - өчкөн жаш чагым.
Кыйылбай өмүр кырчындай,
Жашагым келет, жашагым. (2 жолу).
Айланды күнгө күн нуру,
Адаштыбы булбулу?
Ажалга кетти мен үчүн,
Сүйүү жылдызы.
Өлүмдөн сактап кала албай,
Өксүдүм таба албай.
Калсамчы сенсиз жашоого,
Жаным, жаралбай.
Өзүмдү далай алдадым,
Өзөктө жатат.
Кайырма:
Я помню то мгновенье как сейчас,
Её тогда увидел в первый раз.
Своею красотой свела с ума,
Её взгляд нежный яд я теперь без сна.
Чудесней девушки не видел свет,
В её глазах увидел я ответ.
Смуглой кожи цвет её лица,
Не смогу я забыть никогда никогда.
Припев:
Взгляд смуглый твой взгляд,
Хочу увидеть опять.
Облик твой милый я боюсь потерять,
Как же теперь мне тебя отыскать.
Не могу без тебя ни минуты ни дня,
Ни минуты ни дня.
Песней я скучаю без неё,
Я точно знаю что найду её.
Твой светлый образ я храню в душе,
Я смогу, я найду без неё не могу.
Припев:
Терезеге дыбырап,
Жамгыр үнү шыбырап.
Чакыргансыйт мени сыртта,
Жигит үнү угулат.
Кайырма:
Нөшөрлөнгөн ак жамгыр,
Жаай берчи себелеп.
Тереземди черткилесең,
Сүйгөнүмдөй сезилет.
Ар бир тамчы үн салып,
Комуз үндөй угулат.
Сыдырыла агылганың,
Көз жашымдай туюлат.
Кучактайын эркелетип,
Ыйлабачы, ак жамгыр.
Көз жашыңды агызбачы,
Кыйнабачы, ак жамгыр.
Эске салып өткөндөрдү,
Эмне мынча кыйнадың?
Соортконго карабастан,
Кечке дейре ыйладың.
Бугуң айтчы, мен угайын,
Арманыңды тыңшайын.
Ак сүйүүгө обон кошуп,
Мен да муңдуу ырдайын. (2жолу).
Сени сүйүп жүрөк сыздады,
Санааларга салып кыйнадың.
Сезимимди сезбедиң, бирок
Байкуш жүрөк сен деп ыйлады.
Кайырма:
Сен деп согот жалгыз жүрөгүм,
Сени ойлоп сыздап жүрөмүн.
Сагынычтан саргайып, азып,
Санаа тартып өттү күндөрүм.
Кабылдымбы сүйүү торуна,
Калтырбачы жалын отуңа.
Күтө берип карек талыды,
Кысайынчы, келчи, боорума.
Жашырбачы, сырың катпачы,
Жан дүйнөмдү жабыркатпачы.
Жакшы көрөм, жаным, жамалың,
Жаралаба, мени аячы.
Кайырма:
Сени сүйүп жүрөк сыздады,
Санааларга салып кыйнады.
Сезимиди сезбедиң, бирок
Байкуш жүрөк сен деп ыйлады.
Кайырма:
Сен деп согот жүрөгүм,
Сени ойлоп жүрөмүн.
Сагынычтан саргайып,
Санаа тартып жүрөмүн.
Сүйөмүн мен десемалбай теңиңе,
Кайгынын туусун салдың, тунук сезимге.
Жылмайып күлөсүң,ш ылдыңдуу карап,
Махабат жылдызың жүзүмөн тарап.
Кайырма:
Аа, бери карачы, сезимди аячы,
Аа, жалгыз сен деген сүйүүмдү аячы.
Арнаймын мен өмүрүмдүн сага барасын,
Сени сүйгөн көңүлүмдүн,бакыт балысың.
Айыктырар жүрөгүмдүн өзүң дарысың.
Жаралгадай сезип кетем, жалгыз сен үчүн,
Жалбарамын сага, жалжалым сен түшүн.
Башка жигиттерге көңүлүңдү буруп,
Атайын кыласың, неге билип туруп?
Кайырма:
Ала качып көздөрүң,
Айткың келбей жүрөсүң.
Сырың бардай ичиңде,
Сырдуу сенин мүнөзүң.
Акырын келсем жаныңа,
Жолотпой качтың наздана.
Не болду, а, айтчы, жаным, сага?
Не болду?
Көңүлүңдү алсам дейм,
Күлүм-жанып калсаң дейм.
Анчалык эмне болду?
Айтчы мага, берекем,
Акырын келсем жаныңа,
Жолотпой койдуң наздана.
Не болду , айтчы, жаным, сага?
Не болду?
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Тоолору бийик кыргыз жеримдин,
Чокулары ага көрк кошот.
Пейили ак кардай элибиздин,
Сый менен мейманын тосот.
Кайырма :
Бар болгун, мекеним - Кыргызстан,
Турмуштун кыры менен алышкан.
Жаңырсын үнүң, атың чыксын алыстан,
Өнүгүп-өркүндө, Кыргызстан!
Келечек-тагдыр сенин колуңда,
Уул-кызың кызмат өтөсүн.
Ынтымак болсо, эгер дайыма,
Өнүгүп көккө жетесиң.
Кайырма:
Көрсөтпөй сени көлөкөдө бакканбы ата –энең?
Көркөмүң сенин, көңүлдө күткөн бак беле?
байкадың, баркың билбес билемин,
Капилет кайырмагым илгеним.
Түбөлүк түгөң кылам өзүңдү,
Асыл эркем.
Кайырма:
Кызганам, кызгалдак,
Кырчындай келбетиң.
Кынарбас берметим кызыгам,
Кызганам, кызылдан.
Дарманым калбады кагылам, кызганам.
Түртсөң да, күлсөң,
Кайтпаймын мен жолумдан карындаш.
Канатым каккан шумкармын кайрып алам карлыгач,
Кабыл ал жүрөктөгү арзуумду.
Ал мончок кара жанга карч урду,
Аз убак аралыгы сен, менби?
Сөзүм берем.
Кайырма:
|