|
Сөзү : Ж.Абдыраимовдуку
Обону : М.Алыкуловдуку
Кызыл өрүк төгүлгөндөй,
Кыздын чачы өрүлгөндөй.
Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн,
Кыйгач карап көңүл бөлбөй.
Кайырма:
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Сүйүп калдым мен сени көрүп.
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Койчу мага көңүл бөлүп.
Кызыл өрүк данегиндей,
Кара көздүн карегиндей.
Кагып кашың басып кеттиң,
Калтырбадың дарегиңди, эй.
Кайырма:
Кызыл өрүк, азап болдуң,
Кызык сүйүү баштап койдуң.
Кыздын атын сурай албай,
Кызыл өрүк атап койдум.
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Сен дегенде күн батпайт да, таң атпайт,
Учкан куштай учкан жылдар санатпайт.
Баш айланткан бактылуулук мас болуп,
Ачыла элек барактарын барактайт.
Кайырма:
Ай да таңда жылдыздарын түгөлдөйт,
Асыл ойлор арам ойду жүгөндөйт.
Түгөнүшү мүмкүн ушул өмүрдүн,
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт.
Буюрбаган күчтөсөң да кабылбайт,
Табылбаган издесең да табылбайт.
Эмне үчүн экендигин билбеймин,
Сени ойлосом жүрөк ырдайт, жан ырдайт.
Кайырма:
Сөзү : Медер Турсуналиевдики
Обону : Медер Турсуналиевдики
В последний раз взгляну в глаза,
Прошепчу слова, упадёт слеза.
Расстанемся сегодня мы,
Прольётся дождь, такова судьба.
Все то, что мы, прошли вдвоём,
В душе с собой мы унесём.
Не будет больше этих встреч,
Сними всю боль, обиды в печь.
Забыть не обещаю я,
Твои глаза мне не забыть.
Ту нежность что дарила ты,
Сумею знай я сохранить.
Пройдут года изменит жизнь,
Судьбы сюжет наивный взгляд.
Вновь расцветёт в твоей душе,
Любви былой забытый сад.
Кайырма:
Не уходи, не оставляй
В сердце моём эту печаль.
Не уходи, бога молю
Ты мне нужна, не отпущу.
Не уходи, не улетай,
Город разлук не забирай,
Счастье моё, украла мечты.
Проходит не пишу теперь,
Я жду тебя, мне снятся сны.
Где ты со мной счастливая,
Я с нежностью дарю цветы.
Целую губи сладкие,
Вкус сладости меня пьянит.
В глазах твоих по-прежнему,
Огни любви тех дней горят.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Медер Турсуналиевдики
Жаңы бышкан карагаттай,
Карегиңди ала качпай.
Кадыркечим айтсаң боло,
Калдым неге сага жакпай.
Күйүтүңдү чеккен элем,
Жүрөгүмдү тепселебе.
Эми чөлдө калчудаймын,
Эгер азыр кетсең эле.
Көлөкөңдө турайынчы,
Көңүлүңдү улайынчы.
Маанайыңды чөгөрбө деп,
Самайыңан сылайынчы.
Кайгы-муң тартуулаган,
Айрылуунун арты жаман.
Жалгыз сени жаным дейин,
Бөлүнөсүң кантип анан
Кайырма:
Токтой турчу жан сыздатпай,
Тороп жолуң тосом мына
Кетпечи сен жалгыздатпа,
Келсең өз ордуңа.
Жамынбачы сур булуттай,
Араң турдук унчугушпай.
Кайрадан бир кайрылабы,
Сайраган кез ырчы куштай.
Жакшы күндөр эсиңдеби,
Жаңылышсам кечир мени.
Жашоодо биз өчүрбөйлү,
Жанган отту сезимдеги.
Сүйүндүрүп мурда неге,
Сүйгөнүм деп турган эле
Кош деп эми бирин-бири
Коркутабы чындап эле.
Кайгы-муң тартуулаган,
Айрылуунун арты жаман.
Жалгыз сени жаным дейин,
Бөлүнөсүң кантип анан
Кайырма:
Сөзү : Акбар Сүйүнбаевдики
Обону : Абир Касеновдуку
Кайырма:
Сезимди байкабадың,
Жүрөктү козгоп алдың.
Жүрөмүн сени эстеп,
Жагымдуу көздөрүң, ай, эркелейсиң.
Кармап колум, кетпе дейсиң,
Жашаймын, жаным, сен деп.
Айта албай кантип чыдап турамын,
Бирге бололу сураарым.
Айтпагын антип, арналам сага,
Таталы жашоо кумарын.
Дүк-дүк жүрөк,
Тунук мүрөк, эңсеп жүрөт,
Сен түбөлүккө болчу, ардагым.
Кайырма:
Кайдасың, жаным?
Кайда сен калдың?
Жол карап күтүп турамын.
Кайталык артка,
Кетүүгө шашпа,
Жанып тур, сүйүү чырагым.
Кетпе дейсиң, кетпе дейсиң. (3 жолу)
Дүк-дүк жүрөк,
Тунук мүрөк, эңсеп жүрөт,
Сен түбөлүккө болчу, ардагым.
Кайырма:
Сөзү : Сапар Айбашовдуку
Обону : Сапар Айбашовдуку
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Сөзү : Дмитрий Ворсин
Обону : С.Исмаилов, Н.Савитахунов
Припев:
Я знаю выпадает шанс одному из ста
И все встает на свои места
Я шел и пришел час моего шоу поверь
Я достучался в эту дверь
Я знаю никогда небыл успех так сладок
Забудь навсегда тот горький осадок
Я шел и пришел час моего шоу поверь
Я достучался в эту дверь
Это было мечтой
Успех длинной в лимузин
Это было игрой
Я как Ассасин
Святые Shakur и Chris Wallace
Оценят мою подачу навыки и голос
Не стал я тем хотела кем
Видеть меня Ма
Свое время не продаем за дарма
Пылиться бокал или искриться Don Perignon
Мы делаем попрежнему дело вдвоем
Запечатлим момент почему нет
Тост за молодых мужчин серьезный аргумент
Перемен требуют наши сердца
Целый мир увидят мои глаза
Разменивая время на разные соблазны
Празнуем! Эту жизнь мы празнуем
И я смотрю в окно мелькают огни
И я знаю одно меня ждут они
Припев:
Каждый новый с чистого листа
Каждый новый день репутация чиста
Все на свои места все на своих местах
Не ждет лишь время на моих часах
Ждет ли успех все ради одного
Ждет но не всех я против мира всего
Мой мир я в нем в главной роли
365 дел где бы я хотел быть в доле
Я открыл тайник у себя в голове
Это сокровище всегда было во мне
Плавая на дне взлететь высоко
От места моего до Эвереста далеко
И я смотрю в окно мелькают огни
И я знаю одно меня ждут они
Я разрушил свой забор от забот
Готов ко всему
Пусть только мир подождет
Хук:
Жил но не так
Любил но не так
Была жизнь как
Сплошной бардак
Нужны слова важны слова
Поверь
Я достучался в эту дверь
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Булаксың, тунуксуң,
Ачык асман, чырагымсың сен.
Ааламда керемет,
Жарык чачкан шооламсың сен.
Кайырма:
Жүрөгүмдө сенсиң,
Жүрөгүмдө сенсиң,
Сенсиң...
Белегим, берерим,
Жалгыз сен көзүмдөгү карегим.
Көлөкөм, берекем,
Жанымда болсоңчу сен, эркем,
Жалгыз сен.
Кайырма:
Сөзү : Токтогул Имаш уулунуку
Обону : Токтогул Имаш уулунуку
Уланып ойноп жашынмак,
Убакыт учту закымдап.
Өзүңө жүрдүм берилип,
Өзгөчө сүйүүм калыңдап.
Ак тилек ойду бекиттик,
Ак сүйүү оту жалындап,
Ак сүйүү оту жалындап.
Ак таңдай болуп нурданып,
Ак гүлдөй болуп ыргалып.
Канчалык катуу айтсаң да,
Каршы сөз айтпай жылмайып.
Жүрөгүм сен деп какчу эле,
Жүзүңдү бурдуң, кимде айып?
Окшошпой күндөр бирине,
Ой басып жүрдүм күнүгө.
Убайга салдың, кантейин,
Уу кошуп тунук сүйүүмө.
Көңүлүң болуп башкада,
Гүл коштуң сүйүү гүлүнө,
Таш коштуң сүйүү гүлүнө.
Кызыл гүл, менмин кызыл гүл,
Кылчайбайм эми, өзүң бил.
Ачылган сендик гүл элем,
Агарбай калды эми дил.
Табигат берди жардамын,
Таңшы деп талбай кызыл гүл,
Кыйнадың кантем, өзүң бил,
Кызыл гүл, менмин кызыл гүл.
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : И.Аманбаевдики
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Бакыт Алишеровдуку
Өрттөнүп кетели,
Өкүнгөн кеч эми,
Үйдөмүн жалгыз,
Үнүм сага жетеби?
Мурда сезим өрт эле,
Муздайбы эрте эле?
Мелтиреп жашыдым,
Мен канча мертебе.
Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от, деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени?
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.
Жан батпай тоолорго,
Жай таппайм коёрго.
Жоготпо мени,
Өзүң дагы жоголбо.
Жүрөгүмдү сен эзе,
Күттүрбө эмесе.
Жолуңа телмирген
Көздөрүм – терезе.
Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от, деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени?
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Сыдыковдуку
Сөзү : Кубанычбек Маликовдуку
Обону : Элдики
Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.
Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду,
Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду.
Эч болбосо сен конуучу токойго,
Жаным, секет, жая албадым торумду.
"Күйсөң күй" деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча неге түлкү куумай ойноттуң,
Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?
Сөзү : Диана Светличная
Обону : Доно Цветков
На ладонь, как в сказке упадет
Снежная пушинка прямо с неба.
И закружит хоровод из звезд –
Праздник самый главный – Новый год.
Заблестят на елке все огни,
Волшебство стучится в твои двери.
Чудо может в каждый дом войти,
Если очень в него верить.
С новым годом! С новым счастьем всех!
За окном волшебный снегопад.
Пусть удача, радость и успех
Будут с нами каждый день подряд.
Новый год снова встретим вместе,
Бьют часы опять двенадцать раз.
Загадай желанье улыбнись,
Мир светлее от сиянья глаз.
Кружит снег искристый за окном,
А под елкой спрятаны подарки.
Мы, как дети, снова сказку ждем
И пылает сердце жарко.
Напишу волшебнику письмо,
Пусть исполнит все мои желанья.
Миром правит пусть всегда добро.
С новым годом поздравляем!
С новым годом! С новым счастьем всех!
За окном волшебный снегопад.
Пусть удача, радость и успех
Будут с нами каждый день подряд.
Новый год снова встретим вместе,
Бьют часы опять двенадцать раз.
Загадай желанье и улыбнись,
Мир светлее от сиянья глаз.
На ладонь, как в сказке упадет
Снежная пушинка прямо с неба.
И закружит хоровод из звезд –
Праздник самый главный – Новый год.
Сөзү : И.Аманбаевдики
Обону : И.Аманбаевдики
|