|
Кайгы-муңду ойго албай,
Кубаныч жолун жандай.
Баратамын багынып мен,
Шайыр жашоо аралай.
Убакыт учат сызып,
Күндөрүм өтөт кызык.
Көтөрөлү көңүлдү биз,
Жалын жаштыкка кызып.
Жаштык дайрасында жалында, жалында.
Кайырма:
Оуеи...
Жалын жаштык деми,
Жадыраган сезим.
Арбап мени, сени,
Халее...
Жылдыздарды карачы,
Жаштыгыңды баалачы.
Балбылдаган жашоодо,
Бакытыңды самачы.
Күндөрүм өтөт кызык,
Убакыт учат сызып.
Көтөрөлү көңүлдү биз,
Жалын жаштыкка кызып.
Жаштык дайрасында жалында, жалында.
Кайырма:
Твои глаза ярче солнца и луны,
Твоя слеза как алмаз, сойдет с щеки.
Пусть этот день будет только лишь твоим,
И ведь я верю твоё сердце будет моим.
Пусть жизнь твоя раскроется как цветок,
И этот миг долгожданный не так далёк.
Я обещаю, я буду любить всегда,
Я не могу без тебя, любимая.
Припев:
Я поздравляю тебя,
С днём рождения, родная моя!
Я поздравляю тебя,
С днем рождения!
Любимая моя, родная.
Как много слов я готовил для тебя,
Как в этой жизни мне тяжко без тебя.
Я лишь с тобою хочу эту жизнь прожить,
Я судьбою рождён, что б тебя любить.
Припев:
Биз жүргөн айлуу түн кайда?
Биз үзгөн жыпар гүл кайда?
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра.
Жалбырак жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.
Кыялдын минип кемесин,
Кыйналдым качан келесиң?
Кыйнаган менин жанымды,
Кымбаттуу кандай немесиң?
Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызын ичим тызылдайт,
Сагындым сенин күлкүңдү.
Берекелүү жергебиз,
Кең пейилдүү элденбиз.
Кереметтү кыргызстан,
Телегейиң теп - тегиз.
Жерибиз асыл, кенге бай,
Теңирим берген аянбай.
Кереметтүү кыргызстан,
Бейиштин гана төрү, ай.
Кайырма:
Көчмөнү кылым карыткан,
Өчпөсүн изи тарыхтан.
Жар салам бүткүл ааламга,
Жашасын кыргызстан.
Манас атам колдосун,
Ынтымак тынчтык орносун.
Өнүгүп, өскүн кыргызстан,
Кымбаттуу алтын ордосуң.
Ырыскы тилейм жериме,
Ынтымак каалайм элиме.
Береке, байлык көп болсуң,
Ак аклпак кыргыз элимде.
Кайырма:
Көчө бойлоп басып каткырабыз,
Көркөм сулуулукту жактырабыз.
Сезимди жүрөктөн билдире албай,
Кыялдарды дайым шаштырабыз.
Шок жигиттин баарын жактырабаз,
От сезимдин баарын айттырабыз.
Жетелеген сымал колдорунан,
Аркабыздан азап тарттырабыз.
Кайырма:
Шайыр кыздар, жигиттерди бийге тарталы,
Шоктук кылып сүйүү сөзүн биз да айталы.
Курбу кыздар, шайыр ойнойлучу,
Куру сөзгө көңүл койбойлучу.
Кусалуу күндөрдү артка таштап,
Сүйүүнүн деңизин бойлойлучу.
Сулуу кыздар, сырды ачалычы,
Жаман сөздөн алыс качалычы.
Унутулгус күндөр ушул болсун,
Махабат белесин ашалычы.
Кайырма:
Сөзү : А.Туткучев, Ж.Жумакадыр
Обону : Э.Балтагуловдуку
Келечеке көз жаштарын төккөн ким?
Кереметтүү из калтырып өткөн ким?
Улуулуктун мээримине бөлөнүп,
Урмат, сыйы улам бийик өскөн ким?
Кайырма:
Ал Мухаммед пайгамбарым акыркы,
Керек болгон үмөттөргө азыркы.
Ал Мухаммед ааламдардын асылы,
Жашайлычы үмөттөр татыктуу.
Аалам ыйлайт, бил ал азан айтканда,
Ал шапаат, шириз дүйнөдөн кайтканда.
Анын жолун турат дайым көрсөтүп,
Жылдыз болуп сахабалар асманда.
Кайырма:
Смотрю в твои глаза,
В них отражается луна.
Я наслаждаюсь этим мигом,
Я чувствую, что время застыло на моих часах,
Я их уже не замечаю.
Робко брошу я свой взгляд,
На твои губах, лёгкий блеск, слегка помада,
Сладкий, нежный запах твой,
Прошепчешь ты "глаза закрой",
Я утону с тобой.
Кайырма:
Свидание в ночи,
Мы с тобою две свечи.
Будь, моею навсегда,
Знаешь, я люблю тебя.
Свидание в ночи,
В тёмном мире горят огни.
Я тихо прошепчу,
Как сильно я тебя люблю.
Забудем обо всём,
Сегодня только мы вдвоём.
Город ночной весь в лунном свете,
Смотрю, любуюсь на тебя,
В сердце верность лишь тебе храня,
Я не смогу без тебя.
Смотри на это небо,
Посмотри на эти звёзды.
Знаешь, милая, ведь это всё теряет смысл,
Если рядом нет тебя.
Знай, для тебя эта музыка,
Знай, я чувства от тебя не скрою,
До самого утра встречаем мы рассвет.
Кайырма:
Сөзү : Р.Нарынбаевдики
Обону : Р.Нарынбаевдики
Жаңы, жаңы, жаңы жыл!
Кирип келди кайрадан.
Жаңы жылдан жакшылык,
Күтөт элдер сандаган.
Тынчиык, сүйүү, бейкуттук,
Чын ден-соолук кааларым.
Ыр, күлкүгө чулганып,
Шаңга толсун айлана.
Кайырма:
Көңүлдөргө дайыма,
Күлкүлөр толуп, шаң болсун.
Адамзаттын жан дүйнөсү,
Жааган кардай ак болсун!
Эски жылды биз узатып,
Жаң жылды биз тосолу.
Ар бир үйгө кут кирип,
Ден – соолукта бололу.
Сааттын жылып жебеси,
Он экини кактырат.
Шаңга толуп көчөлөр,
Шампан көккө атылат.
Ар бир үйгө жаңы жыл,
Кирип келет жаркырап.
Жаңы жылда жакшылык,
Каалоо- тилек айтылат.
Кайырма:
Сөзү : Сагынычтыкы
Обону : Сагынычтыкы
Өкүнүп өткөндөргө,
Кусалык жүрөгүмдө.
Сагынып жашап келем,
Зарыгып ак сүйүүңө.
Талпынам бир өзүңө,
Жетсем дейм ал күндөргө.
Алгачкы ак сүйүүнү,
Тутантсак чогуу бирге.
Кайырма:
Жалынамын кайрылып келчи мага,
Сагынамын нур чачкан жылдыз жүзүң.
Жалбарамын жалгыз бир Жараткандан,
Берчи сүйүүмдү кайра мага.
Билинбей мезгил учат,
Убакыт сенсиз сызат.
Ыргалган биздин дарак,
Ый менен муңдуу турат.
Келсеңчи, жаным, эми,
Алоо сүйүү деми.
Өзүңдү жоготсом мен,
Сүйүүнү таш боор деймин.
Кайырма:
Абалымды билип мени түшүнбөдүң,
Оорубадым, бирок өкүнбөдүм.
Мүнөзүңдү жеңил, сезип кеч болсо да,
Түшүнгөнмүн, өкүнбөдүм.
Кыйнап жатып күлүп, мени түшүнбөгүн,
Кылыгыңды эстеп түңүлгөнмүн.
Жолугам деп келип, билгин, тынчым алып,
Өтүнбөгүн, өтүнбөгүн.
Кайырма:
Кайгырбаймын, кайрылбаймын,
Башка сүйүүм, кайгырбаймын.
Сагынбаймын, жалынбаймын,
Жалган сүйүп, кайгырбаймын.
Кабарыңды алып, сага жолукпаймын,
Кайгы тартып, жүрөк оорутпаймын.
Сезимимди таза, ыйык махабатка,
Толуктаймын, толуктаймын.
Көздөрүңдү сенин унутпаймын,
Түштөрүмдү сен деп жорутпаймын.
Көңүлүмдү түзөп эми башка адамга,
Сунуштаймын, сунуштаймын.
Кайырма:
Баалабайсың сен баркымды,
Кармабадың го антыңды.
Байлабайсың сен бактымды,
Тагдырымды.
Махабаттан баш тарттыңбы?
Башка адамды сен таптыңбы?
Бакытыңды, өз сүйгөн адамыңды,
Сен таптыңбы?
Кайырма:
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Туюлган арзуулардай,
Алгачкы махабатым,
А бирок азыр армандай.
Куюндап учкан чаңдай,
Кайрылбай бара жатат,
Сүйүгөнүм менин алыстай.
Кайырма:
Дирилдеп жүрөгүм эзилгенсийт,
Эгизин жоготуп, жалгыз калгандай.
Махабат мүрөгүм соолуп баратат,
Менин...
Буулугуп учкан куштай,
Армандан сыздап кеттим,
Айта албай, ичимен ыйлай.
ким үчүн тагдыр кыйнайт,
Айрылтып жүрөктөрдү?
Бирине-бирин буюрбай.
Кайырма:
Ашыгамын, бактымды издеп келем,
Ачыламын, сүйгөнүм аңсап келем.
Ашык болдум, кыялда жылдыз болуп мен сага келем,
Кубанамын, кучагымды жайып.
Махабаттан тапкан бактыма.
Кайырма:
Аңсаган махабатым сен болдуң,
Эркимди байлап алдың.
Толгондум түш көрүп, түн уйкумдан,
Мен сендеп ойгондум.
Кубанамын, жан дүйнөм жайнап турат,
Махабатым, сезимге жайды кучак айырбагын.
Жараткан жакынымдан суранам сенден,
Бирге болом, өткөзүп сезимдердин бийик чыныгы.
Кайырма:
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Нияз Абдыразаковдуку
Сөзү : Түмөнбай Байзаковдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Өтөсүң күндө кыйгачтай басып,
Жүрөккө сүйүү учкунун чачып.
Өтөсүң күндө кашыңды кагып,
Жүрөккө сүйүү алоосун чачып.
Кайырма:
Жылдызсыңбы, нур кызсыңбы?
Карегиме кайсы күнү чагылдың?
Издеп жүрөм алоосунан,
Мен жалындын.
Бүт жылуулук, бүт сулуулук,
Ээлеп алды сезимди.
Сапарына, катарына кошуп алды өзүмдү.
Арылып түн, нур чачты күн,
Көктөн нөшөр төккөндөй.
Сезди, жаным, анын талын,
Жароокер кыз өпкөндөй.
Өтөсүң күндө гүл алып колго,
Өтсө деп күндө эки көз жолдо.
Өтө бер күндө, өткөнүң өмүр,
Өрттөсөң дагы өзүңдө көңүл.
Кайырма:
Сөзү : Жыргалбек Шакировдуку
Обону : Замир Мырзаныкы
Суктантат сенин келбетиң,
Сунайын сүйүү берметин.
Жактырбай сүзүп көзүңдү,
Жаралуу кылба сезимди.
Унутпайм күткөн мезгилди,
Жүрөктөн арнап сезимди.
Уурданып сүйүп мен сени,
Уйкудан калган кезимди.
Кайырма:
Оюмда сенсиң,
От болуп жанган.
Жүрөмүн жетпей,
Сүйүүңө арман.
Көрүнүп койчу,
Кусадар кылбай.
Ашыкмын сага,
Ашыкмын абдан.
Жадабай жолуң караймын,
Жалынып сүйүп, самаймын.
Угар деп менин үнүмдү,
Өзүңө карай барамын.
Жүрөгүм толуп кусага,
Чыдабай барам ызага.
Толтуруп сүйүү кесесин,
Тойгузчу мени, садага.
Кайырма:
Сени таппай издеп жүрөм,
Карааныңа зар болуп.
Айтчы, менин кайсы күнөөм?
Жүрөк сыздайт, ый толуп.
Кыйналам түндө уктабай,
Күтүүдөн көңүл калбай.
Келчи эми, асыл ардагым,
Агарып аткан таңдай.
Жылытчы тоңгон жүрөктү,
Кусалыгым жүдөттү.
Күтүүдөн жүрөк чарчады,
Азаптуу күндөр өттү.
Көздөрүң сенин карагат,
Көңүлдү эзип, жаралап.
Көөдөндө толгон кусалык,
Ыр болуп сага арналат.
|