|
Коштошууга шашылбачы, жара жүрөк ырбады,
Нөшөр сымал төгүлгөнсүйт сүйүүбүздүн сырлары.
Кереги жок кечиримдин, баары мага белгилүү,
Бир келесиң, бир кетесиң, аччы, жаным, көзүңдү.
Кайырма :
Коштошууга шашылбачы, кайыр айтып кетүүгө,
Бирде күлкү, бирде кайгы, баары болот сүйүүдө.
Мага сырың болду тааныш, кайталанып ар убак,
Бир келесиң, бир кетесиң, ойно, жаным, азыраак.
Коштошууга шашылбачы, тутандырбай жалынды,
Сүйүү сырын бир чечели, түшүндүрчү жайыңды.
Кереги жок кечиримдин, баары мага белгилүү,
Бир келесиң, бир кетесиң, аччы, жаным, көзүңдү.
Кайырма:
Үмүткө үмүт уланып барат,
Өмүрдүн жолун уламдап карап.
Элестей албайм жашоону сенсиз,
Мендеги үмүт өчкөнсүп калат.
Кайырма:
Сагынып айлар өтүп арадан,
Махабат оту улам күч алат.
Келсеңчи кайра артыңды карап,
Жүрөмүн, сүйгөнүм, бир сени самап.
Сени менен болсом дайым, ардагым,
Ырахатка батат көңүлүм жанып.
Азабын тартып сүйүүнүн калдым,
Өзүмө-өзүм кыянат алдым.
Кайырма:
Өмүрдө эң бир аруу махабат бар,
Өмүрдө сүйүү үчүн күрөшүү бар.
Аруулукту бапестеп, жаркыраткан,
Бул жашоону тиреп турган тирөөчү ал.
Кайырма:
Өмүрдө ак сүйүү бар,
Сагынуулар бар.
Өмүрдө адашуу бар,
Кайгыруулар бар.
Ар бирөөнө жазылган,
Тагдыры да бар.
Көп болот сүйүүлөрдө,
Айрылуулар.
Өмүрдө ак сүйүүгө жеткени бар,
Аздектеп аруулугун сактаган бар.
Ыйык нурдай ааламга чачыратып,
Тоодой толкуп өчпөй турган сезимдер ал.
Кайырма:
Эт жүрөгүм эңсеген,
Колум сунсам жетпеген,
Бакыт нуру сен белең, жаным?
Сени эстесем от болуп,
Күйөт жүрөк чок болуп,
Сенсиз жашоо жок болуп, жаным.
Кайырма:
Сезимдин бугун козгоп,
Жымыңдаса жылдыздар сансыз.
Турамын ойлоп сени,
Жүрөктө болуп ызгаар жалгыз.
Өмүрүм түнгө айланды,
Агарып мага атпаган таңсыз.
Сыртыма чыгара албай,
Ичимен таш жарамын жалгыз.
Кыялдарым буулугат,
Куса болуп куюлат,
Кулагыма угулат үнүң.
Уктай албай күн-түнү,
Сагынамын күлкүңдү,
Айтчы, ушул мүмкүнбү, гүлүм?
Кайырма:
Чырайы жарык, келишкен сулуу,
Көксөм бир канбай, көңүлүмдө жай.
Ойлорумда сен, обонумда сен,
Сен болдуң сулуу, таластык кыз, ай.
Кайырма:
Тамшандырган, ай, таластык кыз, ай,
Суктандырган, ай, сулуу кызым, ай.
Ай-ааламдан, ай, жаралангадан, ай.
Сен болдуң сулуу, таластык кыз, ай.
Шам чырактай сен күйүп-өчпөгөн,
Болгонун сизге арнап өтөйүн.
Ак сүйүүм да сен, аман болгун дейм,
Ажарыңа сенин арбалып келем.
Кайырма:
Карек-каштарың келишкен, жаным,
Ийилген чачың, кыйнайсың, жаным.
Бир сени сүйөм, мен сени күтөм,
Сен болчу менин өмүрлүк жарым
Кайырма:
Ак куудай созулуп өтөсүң күндө,
Жамалың жарык берип тунук сүйүүгө.
Арбадың, айта албадым,
Сүйүп калдым деп сенин өзүңө.
Кайырма:
Студент кыз, жактың жүрөгүмө,
Студент кыз, жактың бир өзүмө.
Сүйүү мээримин издеп жүрүп,
Мен өзүңдү таптым бул өмүрдө.
Ээледиң жүрөктү кериле басып,
Келбетиң, жаным, менден уялып.
Жылмайып, кылыктанасың,
Бакчада өскөн гүлдөй буралып.
Кайырма:
Сөзү : Ф.Исаевдики
Обону : Ф.Исаевдики
Сүйүү кандай башталарын,
Турмуш кандай куруларын.
Түшүнбөдүң айтканыма,
Жүрөгүмдү жараладың.
Сүйгөнүм, сен карабадың,
Сүйүүгө сен жарабадың.
Алыстатып бир өзүмдү,
Ар убакта капаланттың.
Кайырма:
Сүйгөнүм, келчи кайра,
Сүйүү демин берчи мага.
Оо, Жараткан, күбө болуп,
Жардам бер жүрөк дартыма.
Мен сүйгөнмүн сени гана,
Алмаштырбай башка адамга.
Ак сүйүүмдү кайрып берер,
Жалгыз өзүң бул ааламда.
Көзүң күлүп нурун чачса,
Көргүм келет кайра-кайра.
Жан дүйнөмдү жалдыратып,
Кеткениңде эмне пайда?
Кайырма:
Жашоо өзү керемет,
Жакшы ой алга жетелеп.
Умтулуп алга келесиң,
Учуна мына жетем деп.
Кайырма:
Жашоо, жашоо - жалын, керемет,
Кыял, ойго терметет.
Талбай кылсаң аракет,
Максатыңа жеткирет.
Кызык, ай, турмуш керемет,
Кыялың алга жетелеп.
Кыбырап чыгып келесиң,
Кырына мына жетем деп.
Кайырма:
Бир кырга чыксаң, бир кыр бар,
Бийиктейт улам ал кырлар.
Тынымсыз жашоо бул күрөш,
Тирүүлүк деген жыргал бар.
Кайырма:
Акылга салып ченесем,
Ай-аалам болот бересен.
Ата Журт менен барабар,
Акталгыс түйшүк, энекем.
Кайырма:
Бешиктен чыкпай, терметсең,
Бересем үчүн жер безем.
Сөзүмө турам ар дайым,
Кымбатым, сүйкүм энекем.
Каныңдан бөлүп төрөсөң,
Кагылып, сүйүп бөлөсөң.
Кош тамчы сүтүң ойлосом,
Кол жеткис асман, берекем.
Кайырма:
Койгондо чекке кең мекен,
Колуңдан узап мен кетем.
Карегиң талып турса да,
Күтөсүң күнүм, энекем.
Кайырма:
Сөзү : Д.Урманбетовдуку
Обону : Д.Урманбетовдуку
Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билген жоксуң калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Жайлоо гүлүн терип жүрүп кубанып,
Кеттиң, жаным, келдим өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Чырак сындуу жанып турсаң нурданып,
Жыргаар элем өңдөрүмө нур тамып.
Андагы нур, ал кездеги күлкүм жок,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Голубые горы, бесконечные пляжи,
Тропические узоры, красивые пейзажи.
Изумрудные луга, таинственные леса,
Страна водопадов и мистики, волшебства.
Земля, обласканная лучами солнца,
Откройте для себя на Ямайку оконце.
И теплый ветерок Карибского моря,
Всегда развлечет, будет вечная воля.
Добро пожаловать на Ямайку!
Ямайка, Ямайка,
Ямайка, Ямайка…
Разноцветных тел вы увидите сами,
Здесь никаких дел, только политики с делами.
Одиноким скучать не придется,
Всем хорошо и уютно живется.
Разные люди, коктейли сливаются,
Все бесконечно от счастья радуются.
Экзотика природы, море и чайки,
Вы увидите все это на Ямайке.
Добро пожаловать на Ямайку!
Ямайка, Ямайка,
Ямайка, Ямайка…
По себе скажу, это не секрет,
Тут хорошее начало и Happy End.
Уходить не хочется из этой земли,
Давай останемся you and me!
Это нежность ветра и моря прибой,
Манит, ммм… зовет за собой.
Встретим Карибский рассвет, руку мне дай,
Это же Ямайка, Ямайка давай!
Добро пожаловать на Ямайку!
Ямайка, Ямайка,
Ямайка, Ямайка…
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча,
Калалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң, жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Эрке кызмын, кызыл гүлдөй жайнаган,
Кымбат болуп намысты бек кармаган.
Жаралганда чаңкаганым басылбай,
Жан дүйнөмдү музыкага арнагам.
Жалын чачып жүрөк согуп турганда,
Жетким келет максатыма каалаган.
Жаштык оргуп, жүрөк согуп турганда,
Муза, сага бүт дүйнөмдү арнагам.
Кайырма:
Бий бийлеймин, мен ыр ырдаймын,
Ата-энемдин мен эркетайымын.
Шаттык каалап досторума,
Ырларымды арнаганмын.
Жалындаган, жарашыктуу жаштык кез,
Теңир-Тоонун булагындай тунук кез.
Ырым дагы, сырым дагы музыка,
Жетким келет бийиктике менин тез.
Аруулукту кан-жаныма сиңирген,
Ар-намыстуу, жарашыктуу дегизген.
Эркетаймын булбул үндүү, нур кызмын,
Лира үнү жаңырса дейм жеримде.
Кайырма:
Катты сага мен жазамын,
Күтүп жүрүп сени сагындым.
Айлар, жылдар өтүп арадан,
Жазда кеттиң, айланамда өрүк гүлдөп.
Кайырма:
Сени күтөм, үмүт үзбөйм мен эч качан,
Сүрөтүңдү жакшы карайм.
Элестетем көз алдыма,
Кара көзүң, аппак жүзүң, назик үнүң.
Күз да кетти күлүмсүрөп,
Ала кетти алгачкы сүйүүмдү.
Бирок сени унута албайм,
Катты жазам, чыдай албай, дагы жазам.
Кайырма:
Катты сага мен жазамын,
Күтүп жүрүп сени сагындым.
Айлар, жылдар өтүп арадан,
Катты жазам, чыдай албай, дагы жазам.
Кайырма:
Сөзү : Мухтар Атаналиевдики
Обону : Мухтар Атаналиевдики
Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегенимди сен дагы сездиң.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
Жаңылдым, жаздымбы?
Сынадым бактымды.
Сүйүнчү, туугандар,
Бүгүн сүйүүмдү таптымбы?
Жаңылдым, жаздымбы?
Сынадым бактымды.
Сүйүнчү, туугандар,
Чын эле, чын эле, жаным, мен сени таптымбы?
Канча ирет өрүк гүлү төгүлдү?
Махабат күүсү узартсын өмүрдү.
Жоогазын гүлдөй, жоодурап көздөрүң,
Бир гана сага айтам, сүйүү сөздөрүн.
Кайырма:
|