|
Неге суз айтчы, бийкеч, сенин жамалың,
Таарынттыбы сүйгөн адамың?
Көтөрчү башыңды, көрсөтпөй жашыңды,
Жадырап, оо-о.
Жарк этип күлүп койчу, күлүп койгун сен,
Кубаныч кошулсун жаңы.
Жашоонун жадырап турарын жактырам,
Жадырап, оо-о.
Кайырма:
Ансыз да жашообуз жалгыз,
Айрылбайт бизде түйшүк деген.
Келиңиз, ушул кечте бүгүн,
Сиз үчүн ырдап берем.
Ар дайым жүзүңүзгө күлкү жарашып,
Сизге баары болсун ашык.
Ыр менен тартуулагым келет ырахат,
Жадырап, оо-о.
Жарк этип күлүп койчу, күлүп койчу сен,
Кубаныч кошулсун жаңы.
Жашоонун жадырап туранын жактырам,
Жадырап, оо-о.
Кайырма:
Сөзү : Лариса Асанбекованыкы
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Властная, страстная, сладкая и прекрасная,
О тебе пою не напрасно я,
Забывая все я ненастья.
Мне хорошо быть с тобой,
Как мне тепло, ой-ой-ой.
Сердце отдал я с душой,
Для тебя одной, ой-ой-ой.
Кайырма:
Ты - властная, страстная, сладкая и прекрасная,
О тебе пою не напрасно я,
Забывая все я ненастья.
Властная, страстная, сладкая и прекрасная,
О тебе пою, не напрасно я,
Забывая все я ненастья.
Всем сказав, что я твой,
Повторяешь: "Мой-мой-мой".
Я пою тебе: "Да, я твой,
Ах, какая девушка, ой-ой-ой".
Кайырма:
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Маңдайыма сени жазган,
Ушул тагдыр буюрган.
Күлсөң күлкүң алтын-күмүш,
Ак жүзүңдөн куюлган.
Каректериң сыйкыр беле?
Кетпейт оюмдан.
Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан,
Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан.
Кайырма:
Жалгызымсың менин ар дайым,
Жарым болуп мага кал дайым.
Жан дүйнөмдө жанып жашайсың,
Жыргалымсың ар дайым.
Жалгызсырап сенден калбайын,
Жамалыңдан сүйүп танбаймын.
Жылдызымсың күйүп асманда,
Жазда сүйүүм бар дайым.
Түбөлүккө сен деп жашайм,
Турмуш жолун улантам.
Көңүлүңдү көтөрөмүн,
Күлсөң, күлүп кубантам.
Жаратканым, айырбагын,
Сенден суранам!
Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам,
Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.
Кайырма:
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Өкүнүчтөн өзүмдөн-өзүм кыйналдым,
Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың.
Жалган сенин, жасалма айткан ал сөздөрүң,
Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым.
Кайырма:
Аттиң, арман, мага салган,
Маңдайыма жазган го жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Чыйрыгамын, махабатымдан айрылып,
Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып.
Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң, сен кай жакка?
Өткөн өмүр өкүнөм келбейт го кайрылып.
Кайырма:
Аттиң, арман, мага салган,
Маңдайыма жазган го жалган.
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм,
Сенсиз, бирок өкүнбөйм.
Аттиң, арман, жазган го жалган,
Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
Гүлүм сунуп сени тандагам,
Жүрөгүмдү сага байлагам.
Эмне болду, такыр түшүнбөйм,
Жаңылдымбы тапкан бактымдан?
Кайырма:
Ыраазымын сени көргөн бактыма,
Айтчы, жаным, неден жаздык тагдырга?
Түз баратып, эки жолго адаштык,
Кайгырба, мага таарынба!
Талкаланды ташка үмүтүм,
Муздай болуп, какшап жүрөмүн.
Кусалыкка денем жанчылып,
Ыйлагансып сыздайт жүрөгүм.
Кайырма:
Аралап баратып сансыз гүлдөрдү,
Ачылган бир назик кызыл гүл көрдүм.
Аңкыган жытына гүлдүн мас болуп,
Азгырылдым, үзбөдүм.
Карадым, ойлонуп ойдун тереңин,
Кыздарды ал назик гүлгө теңедим.
Кызыгып, ал кызды алдап сүйгүчө,
Кызылынан сүй деймин.
Кайырма:
Гүлдөп турган гүлдү үзбө,
Кыз аралап миңди сүйбө!
Кыздын дагы убалы бар, билгин,
Кадырына жетпей, ара жолдо жүрбө!
Карагын, ойлонуп кызга тийбегин,
Кыздарды асманда айга теңегин.
Кыдырып, кыз баркын тепсеп жүргөнчө,
Кадырына жет деймин!
Кайырма:
Много разных красавиц встречал,
Черно оких и с длинной косой.
Но, такую, как ты не видал,
Покарен я твоею красой.
Очарован тобою навсегда,
Оо, моя Жамиля.
Не забуду тебя никогда,
Оо, моя Жамиля,
Жамиля, Жамиля, оо, моя Жамиля.
Кайырма:
Жамиля, Жамиля, только моя,
Жамиля, Жамиля, любимая.
Жамиля, Жамиля, только моя,
Жамиля, Жамиля, любимая.
Птицы песни поют про тебя,
Солнце светит с небес для тебя.
Для тебя расцветают сады,
Для тебя поспевают плоды.
Когда солнце за горы уйдет,
Когда выйдет луна.
Пусть к нам счастье свиданием придет,
Оо, моя Жамиля,
Жамиля, Жамиля, оо, моя Жамиля.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Канча күн өттү, кайрылып келбей,
Билбей оюңду.
Калбай артыңдан, кадам таштадым,
Үзбөй жолумду.
Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай,
Түнгө жашынып?
Айсыз караңгы, жетпей каламбы,
Сени сагынып?
Кайырма:
Кеттиң кайда?
Оюмдан кетпей, оорудум жетпей.
Талпынып сага жетпей,
Дарыма жетпей.
Оюмдан кетпей, оорудум жетпей.
Талпынып сага жетпей,
Дарыма жетпей.
Балким, кечиктиң,
Маңдайга жазган тагдыр, түшүнгүн.
Арзуу, махабат, жетпедим сүйүүгө,
Сенсиз өкүндүм.
Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай,
Түнгө жашынып?
Айсыз караңгы, жетпей каламбы,
Сени сагынып?
Кайырма:
Сөзү : И.Абдалиев, Д.Эрматовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Кадала тиктеп өзүңдү,
Карагым келет көзүңдү.
Кыялга бөлөп койдуң сен,
Көңүлүм сага бөлүндү.
Неге мынча татынасың?
Назданып сен тартынасың,
Балдан ширин таттуу жансың...
Кайырма:
Жан дүйнөм сага,
Сезимим сага.
Жүрөктөн чыккан,
Ырларым сага.
Жылдыздай жанат,
Көздөрүң мага.
Тойбоймун карап,
Тамшанып сага.
Жашоомдун сенсиң жыргалы,
Сезимдин өчпөс чырагы.
Садагам сага мен дайым,
Санаалаш болсом ар дайым.
Неге мынча татынасың?
Назданып сен тартынасың,
Балдан ширин таттуу жансың...
Кайырма:
Сөзү : А.Чилетированыкы
Обону : М. Абдраевдики
Жан дүйнөмдү сага арнадым, жаным,
Жанымдын жыргалы өзүңсүң.
Ак сүйүүмдү сага арнаймын, жаным,
Келсеңчи сагынтпай өзүмдү.
Кайырма:
Сагынып, сагынычтан мен кусага батамын,
Жаным деп айткандан тажабайм.
Эңсейм сенин өзүңдү,
Көргүм келет көзүңдү,
Жанды кыйнап жалгыздатат кусалык.
Жанымда турсаңчы жайдары, жаным,
Ачылып, көңүлүм кубанат.
Назданасың мээримиң төгүп, жаным,
Ашыгым, арнаймын өзүмдү.
Кайырма:
Ашык болуп сага умтуламын, жаным,
Кабыл алчы, сенден суранам.
Сенсиз жашай албайм, түшүнсөң, жаным,
Арбалып өзүңө тартылам.
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайдым барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Колдоруңдан алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүң угуу майрамдардын майрамы,
Жаны бирге жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Келечекте эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.
Сөзү : Т. Эргешовдуку
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Керилген бир керме тоодон керегеси,
Көпкөк асман түндүгү да, терезеси.
Жабуулары, үзүктөрү ак булуттан,
Жерим менин ак боз үйдөй керемети.
Кайырма:
Кайсы жерден болосуң деп сураба,
Кандай элден экенимди сынаба.
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,
Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп.
Чалкып жаткан ай-асмандан кең көрүнөм,
Шаңшып учкан ак шумкарга тең көрүнөм.
Ал анткени турпагыңа бутум тийип,
Ата Мекен, сенде жашап, сенде жүрөм.
Кайырма:
Көрдүм мен жоогазымды жакын жерден,
Сулуусун, ай, табигаттым бүтүн берген.
Термелип жатыптыр ал барып калсам,
Селкинчек жасап алып салкын желден.
Ийилип ал саламын бергенсиди,
Чийилип жүрөгүмдө жүргөнсүдү.
Буркурап жыпар жытын гүлгө кошуп,
Мени карай узады, күлгөсүдү.
Жоогазым, жоогазым, мен сени кармагым келди,
Кубанып, кубанып мен сага ырдагым келди.
Чоочулап, чоочулап шашылыш тосуп да кетти,
Өткөрбөй акырын соккон салкын желди.
Балким ал соккон желди жакшы көрөр,
Бирге ойноп, бирге күлүп ал көгөрөр.
Анда мен не турамын ортосунда?
Менсиз да бул жашоодо көп тоскоолдор.
Бирок мен кантип кетем үн катпастан?
Сыр сактап жүрөгүмдө кусалыктан.
Айтчы сен жоогазынын, мени кара,
Астыңдан агайынбы болуп дайра.
Кайырма:
|