|
Сөзү : К.Иманалиевдики
Обону : М. Осмоновдуку
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
Кайгы-муңга кабылганда жан эркем,
Таң агызып жүрөгүңдүн так эртең
Канаттууга кактырбастан калкалап,
Кайрат болуп канга ойнодуң, жан эркем.
Келбетиңе көркү менен теңелген
Бул дүйнөдө сендей сулуу бар эчен.
Бирок, бирок жан бөлүшүп жанынан
Жандай көргөн жалгыз сенсиң, жан эркем.
Уул үйлөп, кыз узатып дагы эчен,
Мен кубансам сен жанымда жүр эсен.
Бул жашоого бир жаралып өзүңдү
Тапканыма бактылуумун, жан эркем.
Жан жүрөктөн жаралган,
Жаным менин, жан балам.
Таянар тоо болсун деп,
Теңир мага арнаган.
Эркин куштай талпынган,
Эрезеге жет, балам.
Эмгегиңди бааласаң,
Зирек болгун акылман.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Айдай жүзүң нурчалган
Адам болгун жөлөгүм.
Адал иштеп ар убак,
Аткарылсын тилегиң.
Күндөн жүзүң нурчалган,
Күзөтү бол элиңдин,
Элин-жерин коргогон, ай
Опол тоодой милдетиң.
Жараткандан суранам,
Узун болсун өмүрүң.
Жакшыларга жанашкын,
Эмгек болсун көңүлүң.
Кызмат кылып журтуңа,
Өсүп-өнгүн көбөйгүн,
Кабыл кылсын теңирим, ай
Ата-энеңдин тилегин.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Алдей, алдей, алдей, ай,
Укта балам, ай балам.
Сөзү : Ж.Алымовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Сөзү : Т.Салиевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ат баспаган асканын
Аралай басып ак карын,
Жайыттап күнгөй-тескейди
Кой болду менин бакканым.
Тээтиги сары кыр жакка,
Чойт, эркечим! Чойт, эркечим, баштагын.
Ат жетпеген асканын,
Мен бастым шагыл, таштарын,
Кой баккан сонун турбайбы
Балалык ойду таштадым.
Тээтиги Кара-Шорого
Чойт, эркечим, Чойт, эркечим, баштагын.
Дегеле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын,
Кыз сүйгөндөй болосуң
Сылап саамай чачтарын
Күн кечтеп кетти короого
Чойт, эркечим. Чойт, эркечим, баштагын.
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Сөзү : Н.Жаркынбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Ал мезгил менин эсимде,
Али да сонун сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Сүйүү оту жанса көзүңдө,
Сүйүнүч турса өзүңдө.
Сабактан бошоп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.
Чырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Диплом алдың, сөз бердиң,
Алтынчы күнү кечинде.
Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн кезинде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Алтынчы күнү кечинде.
|