|
Сөзү : Нарсулуу Гургубаеваныкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Турмуштун туура көргөн катасы үчүн,
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн,
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат.
Билбеймин кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен.
Мен сенин үзүлбөгөн жалбырагың,
Сен менин жалбырагым үзүлбөгөн.
Бар туруп, бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп.
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт.
Сөзү : Какен Алмазбековдуку
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол күндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Сөзү : Сооронбай Жусуев
Обону : Бабравшан Тургунбаев
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип эчен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.
Ал кез кетти койбой тынч алып,
Көңүлдөргө кайгы-муң чалып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.
Бак жашарган, бак жасанган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кол кармашып бирге ойноп жүргөндө.
А биз анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашарга айла таппадым,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.
Эркелетип сени тоонун кушундай,
Жүрө албадым сени колдон учурбай.
Тагдыр деген татаал экен, кантейин?
Турмуш деген татаал экен ушундай.
Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.
Сөзү : Р.Шакированыкы
Обону : М.Токтосуновдуку
Асылкечим сен жөнүндө жазам дастан,
Сүйүүнүн тушоосунан чыга албастан.
Өмүр да өтүп кетет максат менен,
Уккан сөз, ушак сөзгө айланбастан.
Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
Сүйүү кулу, акын Мидин айткандай,
Жетпесем да, жеңиши жок убарам.
Жүрөт белем карааныңа жалынып,
Менде болсо жүрөктөгү бурамаң.
Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
А, мен болсо кала бердим ошол бойдон,
Сени деп каректерим көз жаш болгон.
Аягында үмүт менен күтөм сени,
Арманым ай, ак жүрөгүм муңга толгон.
Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Б.Мамаевдики
Айылыңдын чымыр уузу бол кызым,
Үйүңдүн ырыс-куту бол кызым.
Кайненең менен кайнатаң үчүн,
Келини эмес кызы бол, кызым.
Кайырма:
Көшөгөң көгөрсүн, кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым эстүү бол нур жансын жүрөгүңө.
Жан биргем ырыстуу, ыймандуу бүлө болуп,
Балдарга апа бол, бакыт бол түгөйүңө.
Балдарды суук коздөрдөн өзүң сакта,
Теңирим жаман сөздөрдөн өзүң сакта.
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган,
Уясын урап, чөккөндөн өзүң сакта.
Кайырма:
Жарыңдын асыл жары бол кызым,
Үйүңдүн жарык шамы бол кызым.
Кайын журт сүйгөн, кадырлап күйгөн,
Жашоонун аппак таңы бол кызым.
Кайырма:
Сөзү : Нурак Абдракмановдуку
Обону : Нурак Абдракмановдуку
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөнүн азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Өткөн өмүр – учкан куш, канаттары дирилдеп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Жашоо канча ким билет.
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадан,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп барат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.
Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.
Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң бир сырлуу бул өмүргө миң жашасаң тойбойсуң,
Жүз жашасаң тойбойсуң.
Сөзү : Мээрим Карыпованыкы
Обону : Мээрим Карыпованыкы
Ишенипмин ар бир жылуу сөзүңө,
Тике карап жал ооруткан көзүңө.
Жалган сүйлөп көңүлүмдү ооруттуң,
Сөз коротпойм, жаш коротпойм, барк коротпойм өзүңө.
Баалабапсың арзып сүйгөн жүрөктү,
Каалабапсың кадыр тутар түнөктү.
Кыйбасым деп жашап жүрөт деп жүрсөм,
Кылыктанып басып кетчү, оюң башка, бөлөкпү?
Безилдээрсиң кези келсе сезерсиң,
Колдон учкан ырыскыңды издээрсиң.
Жеңил ойдун азабына чөмүлүп,
Ак сүйүүнүн кадыр-баркын, жаным бир күн сезерсиң.
Кадырымды сезерсиң...
Сөзү : М.Тиллебаевдики
Обону : Г.Айдосованыкы
Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апаке кадырыңа жетер белем.
Аппак гүл сунам апа, картайбачы
Ак сарай курам сага, картайбачы
Алдыңа алтын төшөп беремин деп,
Чок кармап турам апа, картайбачы...
Мүрөктүн суусу болсо берер элем,
Картайбас болуп апа ичер белең.
Ааламдын алпы болуп жаралсам, да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.
Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар элем,
Дүйнөнү төрт кыдырып көтөрсөм, да,
Апаке ак сүтүңдү актар белем
Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы
Урман-сый табар кезиң картайбачы
Апаке ак сүтүңдөн айланайын
Ак жоолук салар кезиң картайбачы
Урмат-сый табар кезиң картайбачы
|