Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
ТАШКЕНТ кызы ГҮЛ
№2000 7361 0


Жакындан бери «Мен өзгө­р­үп баратамын», «Сүйүү жалган», «Сагыныч» аттуу ырлары менен эл алдына чыгып, тааныла баштаган Ташкент кызы Гүл менен тааныштырабыз.

Ташкент кызы Гүл 1986-жылы 1-майда Талас районунун Манас айылында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары кол өнөр­чүлүккө кызыгат. Учурда Искусство институтунун 3-курсун аяктаган кези.


толугу менен
«ТАКАМ МЫККА ИЛИНИП, ТИЗЕЛЕП ОТУРУП КАЛГАМ»
№2000 5580 0
Сакадай бою сары алтын Асел Турдалиева да көпчүлүк кесиптештери сыяктуу күйөрмандарынын көз алдында ыңгайсыз абалга туш болуптур. Элге уят болгон бир учурун Асел айым төмөнкүчө эскерет.

Асел Турдалиева:
– Эсимде, Бектин туулган күнүнө карата уюштурулган концерти болчу. Кудай жалгап дал ошол күнү бир нерсени сезгендей фонограммасыз ырдагым келди. Кээде аппаратура жакшы болсо...

толугу менен
САУЛЕ: «КОНЦЕРТТЕН ТҮШКӨН АКЧАНЫ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БЕРЕБИЗ»
№2000 4583 0
Алты жаштагы кыздын өзүнүн жеке концертин берип жатканы кыргыз сахнасынын тарыхында биринчи жолу болуп жатса керек. «Менин атым Сауле, мени колдоп койгула...» деп рэп стилиндеги ыры менен сахнага чыкканына аз эле болгон сүйгүнчүк кыз эми минтип жеке концертин берүүгө даярданып жаткан кези.

– Сауле, өзүң кичинекей кыз болуп туруп жеке концертиңди берип жатасың. Буга эмне түрткү болду?

толугу менен
МАДОННА
№2000 4958 0
«Америка жашоосу», «Кыз сыяктуу», «Бактылуу жылдыз» жана башка ырлары менен дүйнөлүк масштабда белгилүү болгон ХХ кылымдын эң популярдуу ырчысы, «поп-музыканын ханышасы» Мадоннаны кимдер гана тааныбайт, кимдер гана билбейт? Алтургай, ар бир мамлекеттин эли өздөрүнүн эң белгилүү ырчыларын «Биздин өлкөнүн Мадоннасы» деп Мадоннага теңеп келишет. Ушундай атакка ээ болуп, дүйнөнү багындырган Мадоннанын толук аты-жөнү – Мадонна...
толугу менен
АКТЁРЛУК СҮЙҮҮСҮН АЛМАШТЫРБАГАН АЛЬ ПАЧИНО
№2000 4582 0
Легендарлуу «Крёстный отец» фильминде башкы каармандын ролун жараткан Аль Пачино учурда да өз популярдуулугун жоготпой келет. Тубаса актёрлук таланты бар Аль Пачино 1940-жылы 25-апрелде Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Өз аты Альфредо Жеймс Пачино. 30дан ашуун киного тартылып, 5 жолу «Оскар» сыйлыгына татыктуу болгон.

Альфредонун ата-энеси Сальватор жана Роза аз эле убакыт чогуу жашаган. Бул бактысыз никеден...

толугу менен
Байыш Момунов: МУРУНКУ ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ЖАШАГАНДАН БЕРИ ӨЗҮМДҮ ЖАКШЫ СЕЗИП КАЛДЫМ
№1990 20954 0


Белгилүүлөр кичине кылт этсе эле дүң болуп, бат эле элге жайылып кетет эмеспи. Анын сыңарындай, ырчы Байыш Момунов да биринчи жубайынан ажырашкандан кийин Клара Алибековага баш кошкону бир дүң болсо, Клара менен да жолу болбой, кайрадан Динара менен жарашканда андан бетер “популярдуулугу” артты эле. Ушундан кийин Байыштын эмнегедир дайыны чыкпай калган. Байышка жолугуп, аны маекке тартканыбызда ал чыгармачылыгы жана жеке турмушу жөнүндө төмөнкүлөрдү кеп кылып берди.


толугу менен
АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ АЛТЫ ЖЫЛКЫ СОЮП ТОЙ БЕРДИ
№1990 15262 0
Куудул Абдылда Иманкулов жакында өзү төрөлүп-өскөн Токтогул районунун Тоолук айылына барып, ата-эне­синин 70 жылдык жана үйлөнгөндөрүнүн 50 жылдык кош майрамын белгилеп чоң той берип кайтты. Баргандардын айтуусуна караганда, той үч күнгө созулган жана анда алты жылкы союлуп, он чакты боз үй тигилиптир. Абдылданын ырчы-куудул 30 сахналаш досу да бул тойго катышып кайтышты. “Той Көкөтөйдүн ашын­дай...
толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАР БОЁКТОРУНА КАНЧА КАРАЖАТ САРПТАШАТ?
№1990 6059 0


Айымдардын сулуу көрүнүшүнүн негизги куралы – косметикалык каражаттар болуп эсептелээри талашсыз. Ал эми дайыма эл көзүндө жүргөн ырчы айымдар үчүн косметиканын мааниси андан бетер чоң болуп эсептелет. Чөнтөгүнө жараша кайсы ырчы айым кандай фирманын косметикаларын колдоноору, аларга канча акча сарптаары жөнүндөгү маалымат биздин төмөнкү макалабызда.


толугу менен
Нэля: ЖИГИТИМ МЕНЕН УРУШКАНЫМДЫ ЭСТЕП ЫЙЛАДЫМ
№1991 7041 0
Ырчылар арасында клип тарттыруу аракети күч алып турган кезде башкалардан артта калбай Неля да жаңы “Не спасти любовь” аттуу ырына клип тарттырды. Аны “Аза Универсал” тобунун солисти Мырзабек Айдаралиев колго алып, клип кереметтүү көл жээгинде жана “Вефа” соода борборунда тартылды.

– Клипте жигит кызы менен жакшынакай жү­рүп эле ошол эле убакта башка кызды сүйө берет. Өзүн алмаштырып жатканына өз көзү...

толугу менен
Турдаалы Аскарбеков: ӨЗҮМӨ ЫЛАЙЫК ЖУБАЙ ТАППАЙ ЖҮРӨМ
№1980 2582 0
Кыргыз эстрадасы чыгыш стилине ыктап бараткан кезде кыргыздын нукура табиятын чагылдырган ырлардын өңүтү өчүп бараткандай. Мына ушул кемтикти толтуруу аракетин көргөн ырчы Турдаалы Аскарбеков шоу-бизнеске аралаша баштаган ушул бир жылдын ичинде мактоо сөздөргө арзып, өзүнө бир топ күйөрмандарды топтогонго үлгүрдү. Сахнага кеч келгендей сезилгени менен эстрадага жакшы жышаан менен кирген Турдаалы Аскарбеков 1965-жылы 11-февралда Тогузторо районунун Казарман айылында туулган. Искусство институтун аяктаган. Бир уул, бир кыздын атасы. Учурда жеке ишкер жана жеке ырчы.

– Турдаалы байке, эл көңүлүнө жагаарлык ырларды ырдап оозго алынып жүрөсүз. Бул талант сизге кимден жуккан?
– Негизи, биздин үйдө ырга өзгөчө шыктуу деле...

толугу менен
МИРБЕК АТАБЕКОВ “АЙКӨЛ ЖАЗЫНА” НААРАЗЫ
№1980 820 0
Августтун 10-11-12синде Ысыккөлдүн Бөкөнбаев айылында “Айкөл жазы” аттуу эл аралык фестиваль болуп өттү. Ага аты элге таанымалдар да, таанымал эместер да болуп бир топ жаш ырчылар катышышты. Алардын арасында “Сени гана” ыры менен элге таанылган жаш ырчы Мирбек Атабеков да бар эле. Бирок, Мирбек өзү ээ болгон 3- орунуна ыраазы болгон жок. Мирбектин айтуусу боюнча, фестиваль өтө эле адилетсиз өтүп, орундардын баары ...
толугу менен
Мирбек Иманбеков «КАРА КӨЗ»
№1980 4158 0
Кыргыздын кыздарынын көпчүлүгүнүн жүрөгүнө чок салып келе жаткан жаш ырчы Мирбек Иманбеков «Кара көз» аттуу ырына жакында клип тарттырды. Эмесе, алгачкы клиби тууралуу Мирбек өзү айтып бермекчи.

– Баарына эле маалым болгондой, бул менин алгачкы клибим. Клипте эч кандай сюжет чагылдырылбайт. Себеби, «Кара көз» деген ыр бир эле кызга тиешелүү эмес. Анткени, кыргызымдын кыздарынын баарынын...

толугу менен
БЕГИМАЙ
№1980 7034 0


Жакындан бери «Жазгы сүйүү» деген ыры менен көпчү­лүк­­түн купулуна толуп келаткан жаш ырчы кыз Бегимай менен тааныштырабыз.

Бегимай 1990-жылы 21-ноябрда Каракол шаарында төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Музыкадан тышкары...


толугу менен
Съездбек Искеналиев: ДАЛЫМА КАМЧЫНЫН ИЗДЕРИ ТҮШҮП КАЛЫПТЫР
№1980 4849 0
“Эсимде”, “Селки” жана башка жагымдуу ырлары менен эл оозуна алынып, өзү айтмакчы ырчылар ара­сындагы лидерликке жол тартып бараткан Съездбек Искеналиев эми актёрлук таланты менен да жарк этмекчи. Минтип айтканыбыздын себеби, ырчы жигит жакында Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” аттуу толук метраждуу фильмине тартылып келди. Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн Съездбектин өзү менен маектешкен элек.
толугу менен
«НЕПАРА» ТОБУ
№1981 4921 0
Сыртынан караганда чын эле бири-бирине ылайыксыз көрүнгөн эки ырчыдан турган бул топ күйөрмандарына бир топ сырдуу сезилет. Алардын «Другая причина», «Плачь и смотри», «Они знакомы давно» аттуу ырлары хитке айланып көптөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан.
Эмесе, оригиналдуу аты жана мыкты ырлары менен популярдуулукка жетишкен «Непара» тобунун таржымалынан.

«Непара» тобу 2002-жылдын күз айында Москва шаарында...

толугу менен
Айя Садырова: “УРМАТ УСЕНОВ ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА МАХАБАТ ЖОК”
№1970 5759 0


Кийинки учурда музыка дүйнөсүнө бир катар жаңылык менен келген жаштардын арасында Айя Садырова дагы бар. Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон жаш ырчынын талантынан тышкары жеке турмушу күйөрмандарына купуя сыр болуп келет. Анда эмесе, көпчүлүккө сырдуу көрүнгөн Айянын маеги сиздердин назарыңыздарда.

– Балалыгыңызда эсиңизде калган окуялар...
– Эмнегедир кичине кезимде эркек балдардын арасында...


толугу менен
СҮЙГӨНҮҢҮЗДӨН СҮРДӨП, ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛГА ТУШ БОЛДУҢУЗ БЕЛЕ?
№1970 6898 4


СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ:
– Сүрдөнүү ар бир сүйүү сезимине кабылган адамда болсо керек. Мен өмүрүмдө бир жолу сүрдөгөнүм эсимде. 1995-жылы 4-февралда сүйүктүү жубайым Нурзада менен таанышканымда сүйлөйүн десем, сөзүмдүн баш-аягын таппай, өзүмчө эле тартынып, кызыктай болгомун. Көрсө, мен андан сүрдөгөн экенмин. Ошол сезимдерден улам “Ашыктык ыры” деген комуздун коштоосунда ырдала турган...


толугу менен
Нурзат Токтосунова: «ЭМИ БРАВОНУ» ЭЧ КАЧАН ТАШТАБАЙМ»
№1970 4741 0
Мындан бир жыл мурун «Улуттук хит-парад» телеберүүсүнүн алып баруучусу Нурзат Токтосунованын эфирден биротоло кетиши көпчүлүктү кайдыгер калтырган эмес эле. Нурзат өзү эфирден кетишинин себебин ата-энесинин каршы болушуна байланыштырган. Эми Нурзат өзүнүн эски көрөрмандарын кубандырып, «Браво» телеберүүсү менен кайрадан эфирге келип отурат.
толугу менен
МИКАЭЛЬ
№1970 6483 2


Жакындан бери “Чырагым”, “Я уже еду”, “Файер” деген ырлары, оригиналдуу стили менен көпчүлүктүн, анын ичинде кыздардын көңүлүн бурдуруп келген Микаэль менен тааныштырабыз.

Микаэль 1986-жылы 16-июлда Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүгө жана фото моделдикке кызыгат. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин 1-курсун аяктаган кези.


толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАР ЖАРЫШЫ
№1970 4863 2
Башка элдердин «Большие гонки», «Последний герой» сыяктуу берүүлөрүн баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Мындай берүүлөрдөн биздин кыргыздар деле кур эмес экен. Жакында «Белый парус» эс алуу борборунда «Жылдыздар жарышы» аттуу конкурс өттү. Албетте, жогоруда айтылган орустардын же башкалардын берүүсүнүн деңгээлинде эмес, өзүбүзгө жараша.
«Жылдыздар жарышы» деп аталышы айтып тургандай...

толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо