|
![]() №277 ![]() ![]() Атанын уулу аталган Кубаныч Сатаев өткөн аптада Москва шаарына биринчи жолу өзүнүн жеке концертин коюп кайтты. Ырчы ал жакка маданият министри Султан Раевдин көмөгү менен барган эле. Башкача айтканда, министр ырчыга учактын билетин 50 пайыз арзандатып алганга жардам берген. Ал эми ырчы Москвадан поезд менен келатып жүргүнчүлөрдүн суроосу боюнча поезддин ресторанында өзүнүн тобундагы балдар менен 2 сааттык концерт берип, ырлары жазылган дисктерин сатуу менен жол киресин чыгарып алганын бизге... толугу менен ![]() №277 ![]() ![]() Баңгизаттарын колдонуу акыркы кездерде катардагы көрүнүшкө айланып баратканы – ачуу чындык. Мындай көрүнүш жөнөкөй калк арасында гана кездешпестен, жер бетиндеги элге үлгү болчу атактуу жылдыздардын арасында да өөрчүп кеткени өкүнүчтүү. Бүгүнкү «Дүйнө жылдыздары» рубрикабызда жагымсыз болсо да кызыгууну арттырган баңгизаттарын колдонгон айрым жылдыздар туурасында сөз козгосок... толугу менен ![]() ![]() №276 ![]() ![]() Жагымдуу чырайы жана өзгөчө таланты менен көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган кыргыз шоу-бизнесиндеги абройлуу айымдардын бири Айя Садырова мындан жарым жыл мурун жеке иштерине байланыштуу Казакстанга кеткен эле. Эми Айя кайрадан кыргыз элинин патриот кызы экендигин далилдеп, борборубуз Бишкекке биротоло келгендигин билдирди. Анда эмесе, ырчы кыз Айя менен болгон маек төмөндөгү макалада... толугу менен ![]() №276 ![]() ![]() Таланттуу үйбүлөнүн таланттуу келини Жанета Бобкова жакынкы күндөрү Юрмала шаарында өтүүчү “Жаңы толкун” (“Новая волна”) конкурсуна катышмакчы. Ырчынын айтымында, бул конкурска Кыргызстандан өзү менен кошо жаш ырчылар Мирбек Атабеков жана Омар да барат. Конкурстун алгачкы туру 29-февралда коңшу Казакстан мамлекетинде өтүп, ал турдан өткөн ырчылар гана “Жаңы толкунга” жолдомо ала алышат. Юрмалада жыл сайын болуучу фестивалдын калыстар тобунун башында Алла... толугу менен ![]() ![]() №276 ![]() ![]() Белгилүү актёр Жет Ли 40 жашка чыкканга чейин спорт менен машыгып, денесин физикалык жактан күчкө толтуруу менен алектенген болсо, 2003-жылдан тарта ички дүйнөсүнө да чоң көңүл бура баштады. Мурда бир гана өзүнө байлык топтоо менен алектенип келсе, эми өзүнүн кичинекейиндеги кедей турмушту башынан өткөргөнүн эске алып, жакырларга жардам берүү үчүн атайын кайрымдуулук фондун ачты. Алтургай жакында эле мындан аркы иштеп тапкан байлыгынын баарын жетишпеген үйбүлөлөргө арнаарын... толугу менен ![]() №275 ![]() ![]() Бир кездердеги кош жылдыздын бир жылдызы Абдумалик Шерматовдун өткөн турмушу, учурдагы жашоосу эч бир адамды кайдыгер калтырбаса керек. Бул адамдын кыргыз шоу-бизнесинде “жарк” этип бир көрүнүп, кайра жоголуп кетмейи бар. Анын сыңарындай, эки жыл мурун 12 күндүк концерт коём деп чамынган Абдумалик Шерматов бүгүн кайра пайда болду. толугу менен ![]() ![]() №275 ![]() ![]() Мукам үнүнө бийи жарашып, жигиттердин бүйүрүн кызыткан Неля эми сахнага башкачараак болуп чыгууну пландаштырууда. Учурда ал шаардагы дүкөндөрдү кыдырып өзүнө жаккан кийимдерди сатып алып жүрөт. Нелянын күйөрмандары буга чейин ырчыны дайыма чыгыш костюмдары жана кооз көйнөктөрү менен көрүп келишкен. Неля эми сахнага көз айнек тагынып, жалаң жынсы шым-көйнөктөрдү кийип чыкмай болду. Баса, ырчы кыз имиджин биротоло өзгөртүүнү чечип, маңдай чачын кыска көкүл кылып кесиптир. толугу менен ![]() №275 ![]() ![]() Эгерде сиз дагы «Татьянин день» телесериалынын туруктуу көрөрманы болсоңуз, анда кандайдыр бир деңгээлде Кирилл Сафоновдун жеке турмушуна кызыккан, ал тууралуу баарын билүүнү каалаган күйөрмандарынын бири экендигиңизде талаш жок. Эмесе, сизге жагымдуу сюрприз… Бүгүнкү «Дүйнө жылдыздары» рубрикабызда «Татьянин день» телесериалынын башкаарманы Кирилл Сафонов тууралуу сөз кылмакчыбыз. толугу менен ![]() ![]() №274 ![]() ![]() “Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар” демекчи, буга чейин ырчы катары гана өзүн көрсөтүп келе жаткан жигиттерибиздин бири Урмат Усеновдун көрсө, ачылбаган дагы башка таланттары бар экен. Ошондой эле бир топ жаңылыктарды жаратып жибергенге да үлгүрүптүр сүйүктүү ырчыңыз. Ушул эле дейсизби, Урмат бизге сүйүү жаатында да кызыктуу маек куруп берген. толугу менен ![]() №274 ![]() ![]() «Муңдуу ырлардын рыцары» деген атка конгон куудул, актёр, ырчы Асылбек Өзүбековду күйөрмандары мындан ары айына алты жолу теледен көрө алышат. Тактап айтканда, актёр үч долбоор жазып, КТРдин көркөм кеңешине тапшырган. Жыйынтыгында, үчөө тең колдоого арзыган. Атай кетсек, «Күлкүлүү көркөм тасма», «Сегизинчи шар» жана «Гүлдөй жан» аттуу көңүл ачуучу музыкалык программалары. Жогорудагы үч көрсөтүү тең айына эки жолудан чыгып, ичине 25 мүнөттү камтыйт. Көрсөтүүлөрдүн режиссёру – Мурат ... толугу менен ![]() ![]() №274 ![]() ![]() Бул топту 80-жылдары асмандан түшкөн кометага салыштырышчу. Анткени, топ жок жерден эле пайда боло калып, жер жүзүн каптаган элдердин дээрлик баарынын көңүл борборун ээлеген. Алтургай чыгарган альбомдорунун сатылышы боюнча Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Статистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ушул күнгө чейин бардыгы болуп “Boney M” тобунун 150 миллиондон ашык дисктери сатылып, 1978-жылы сатылуу ылдамдыгы ар бир... толугу менен ![]() №273 ![]() ![]() Акыркы кезде эмнегедир куудулдарыбыз жоголуп бараткандай сезилет. Балким, сахнаны ээлеп алган жаш жылдыздардын арасынан көрүнбөй калып жаткандыр, балким, чын эле элди күлдүрүүдөн чарчап, эс алууга чыгышкандыр. Эмнеси болсо да өнөктөштөрүнүн арасынан суурулуп жыл башында жаңы программалары менен “Бешиликтен” чыккан таланттуу жаш куудул Талант Анарбаев Оштон келип калган экен. Биз куудул менен баарлашканга шаштык. толугу менен ![]() ![]() №273 ![]() ![]() Суйкайган ырчы Бегимай Эсенгулованын аяш апасынын баласы Афганистандагы америкалык аскер базасында эмгектенет экен. Байкеси ал жактагы дисктердин арасынан Бегимайдын клиптерин көрүп бир чети ишенип, бир чети ишенген эмес. Анткени, карындашынын ырчы болуп кеткенин уккан эмес эле. Бул жакка келген соң Бегимайдын ырчы болуп кеткенин билип, анын клиптерин Афганистандан көргөнүн айткан. толугу менен ![]() №273 ![]() ![]() «Адамдын көркү – чүпүрөк» же «адамды кийген кийимине карап тосуп алып, акылына карап узатабыз” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай, жер бетиндеги ар бир адам сырткы келбетинин сулуу болушу үчүн кийимине көңүл бурат эмеспи. Ал эми кийимдердин жарашыктуулугу анын баасынан да көз каранды. Андыктан, «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бул чыгарылышында ааламга аты таанылган атактуу жылдыздардын айрымдарынын кийген кийимдеринин баалуулугуна көз чаптырып көрүүнү туура ... толугу менен ![]() ![]() №272 ![]() ![]() Токтогул, Боогачы, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Шекербек өндүү залкарларыбыз кыргыз элинин салттык музыкасынын муундан-муунга мурас болушуна өбөлгө түзгөн десек туура болоор. Ошол улуу өнөрдү аздектеп, кечээки салттык музыкабызды бүгүнкү менен келечек өнөр ээлеринин ортосуна көпүрө болууну көздөгөн салттык музыканын алып жүрүүчүсү, шакирттеринин тили менен айтканда “салттык музыка десе жанын берген” жаш музыка изилдөөчү, КРнын Эмгек сиңирген артисти (1999), искусство илимдеринин кандидаты (2006), Кыргыз Улуттук консерваториясынын жана Бейшеналиева атындагы искусство институтунун салттык музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу Роза Аманова бүгүн бизде мейманда. толугу менен ![]() №272 ![]() ![]() Эки кыздын атасы ырчы Ынак Осмоналиев “үчүнчү балам уул болсо экен” деп ак эткенден так этип отуруп, бирок, бул жолу да Кудай ага кыз берди. 5-январь күнү таңкы саат жети жарымда 4-төрөт үйүндө жарыкка келген ымыркайына ырчы өзү Айдай деген ысым ыйгарды. “Кайрадан кыз төрөлдү” деп капа болбой, Кудайдын бергенине ыраазы болгон Ынак “келечекте кыздарым ата-энесин гана бакпастан, жалпы кыргыздын керегине жараган кыздардан болот” деген аруу тилектердин кучагында кубанычы коюнуна батпай турат. толугу менен ![]() ![]() №272 ![]() ![]() Гарик Мартиросян – тажрыйбалуу невропатолог. “Адамдарды ооруканалардан эмес, сахнадан дарылаган оңоюраак” деген ой менен сахна жылдызына айланган. Бардык оорунун дарысы Гарик үчүн бирөө гана, бул – күлкү. Акцент менен сүйлөгөн тамашакөй Гариктин күйөрмандары жашына, улутуна, табитине карап бөлүнүшпөйт. Булардын арасында биздин мекендештерибиздин да бар экендиги сыр эмес… толугу менен ![]() №271 ![]() ![]() Талыкпаган аракет, тынымсыз изденүү, тартип – бул нерселер кандайдыр бир иштин ийгилигин улам жакындатып отурат. Бул нерсени “Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков баштаган жамаат далилдеп отурат. Ушул айда аталган радио толук бир жашка чыкты. Мындай кыска аралыктын ичинде чоң ийгиликтерге жетишүү дайыма эле боло берчү көрүнүштөрдөн эмес. толугу менен ![]() ![]() №271 ![]() ![]() Орусия мамлекетинин “За заслуги” ордени менен ырчы Айчүрөк Иманалиева сыйланды. Россиянын шаарларында болуп өткөн фестивалдарга, конкурстарга катышып жүргөн ырчыга бул орден Кыргызстандын жана Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн берилди. Айта кетчү нерсе, мындай орденди Айчүрөк айым Кыргызстандан биринчилерден болуп алып... толугу менен ![]() №271 ![]() ![]() Бир гана Орусияны эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүн мекендеген бир канча миллиондогон адамдардын көз жашына карабай атактуу актёр Александр Абдулов үстүбүздөгү жылдын 3-январында 54 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Актёрдун сөөгү 5-январь күнү 22 миңге чукул кишинин узатуусунда Москва шаарындагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлду. толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|