|
|
№275 0 0
Бир кездердеги кош жылдыздын бир жылдызы Абдумалик Шерматовдун өткөн турмушу, учурдагы жашоосу эч бир адамды кайдыгер калтырбаса керек. Бул адамдын кыргыз шоу-бизнесинде “жарк” этип бир көрүнүп, кайра жоголуп кетмейи бар. Анын сыңарындай, эки жыл мурун 12 күндүк концерт коём деп чамынган Абдумалик Шерматов бүгүн кайра пайда болду. толугу менен №275 0 0
Мукам үнүнө бийи жарашып, жигиттердин бүйүрүн кызыткан Неля эми сахнага башкачараак болуп чыгууну пландаштырууда. Учурда ал шаардагы дүкөндөрдү кыдырып өзүнө жаккан кийимдерди сатып алып жүрөт. Нелянын күйөрмандары буга чейин ырчыны дайыма чыгыш костюмдары жана кооз көйнөктөрү менен көрүп келишкен. Неля эми сахнага көз айнек тагынып, жалаң жынсы шым-көйнөктөрдү кийип чыкмай болду. Баса, ырчы кыз имиджин биротоло өзгөртүүнү чечип, маңдай чачын кыска көкүл кылып кесиптир. толугу менен ![]() №275 0 0
Эгерде сиз дагы «Татьянин день» телесериалынын туруктуу көрөрманы болсоңуз, анда кандайдыр бир деңгээлде Кирилл Сафоновдун жеке турмушуна кызыккан, ал тууралуу баарын билүүнү каалаган күйөрмандарынын бири экендигиңизде талаш жок. Эмесе, сизге жагымдуу сюрприз… Бүгүнкү «Дүйнө жылдыздары» рубрикабызда «Татьянин день» телесериалынын башкаарманы Кирилл Сафонов тууралуу сөз кылмакчыбыз. толугу менен №274 0 0
“Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар” демекчи, буга чейин ырчы катары гана өзүн көрсөтүп келе жаткан жигиттерибиздин бири Урмат Усеновдун көрсө, ачылбаган дагы башка таланттары бар экен. Ошондой эле бир топ жаңылыктарды жаратып жибергенге да үлгүрүптүр сүйүктүү ырчыңыз. Ушул эле дейсизби, Урмат бизге сүйүү жаатында да кызыктуу маек куруп берген. толугу менен ![]() №274 0 0
«Муңдуу ырлардын рыцары» деген атка конгон куудул, актёр, ырчы Асылбек Өзүбековду күйөрмандары мындан ары айына алты жолу теледен көрө алышат. Тактап айтканда, актёр үч долбоор жазып, КТРдин көркөм кеңешине тапшырган. Жыйынтыгында, үчөө тең колдоого арзыган. Атай кетсек, «Күлкүлүү көркөм тасма», «Сегизинчи шар» жана «Гүлдөй жан» аттуу көңүл ачуучу музыкалык программалары. Жогорудагы үч көрсөтүү тең айына эки жолудан чыгып, ичине 25 мүнөттү камтыйт. Көрсөтүүлөрдүн режиссёру – Мурат ... толугу менен №274 0 0
Бул топту 80-жылдары асмандан түшкөн кометага салыштырышчу. Анткени, топ жок жерден эле пайда боло калып, жер жүзүн каптаган элдердин дээрлик баарынын көңүл борборун ээлеген. Алтургай чыгарган альбомдорунун сатылышы боюнча Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Статистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ушул күнгө чейин бардыгы болуп “Boney M” тобунун 150 миллиондон ашык дисктери сатылып, 1978-жылы сатылуу ылдамдыгы ар бир... толугу менен ![]() №273 0 0
Акыркы кезде эмнегедир куудулдарыбыз жоголуп бараткандай сезилет. Балким, сахнаны ээлеп алган жаш жылдыздардын арасынан көрүнбөй калып жаткандыр, балким, чын эле элди күлдүрүүдөн чарчап, эс алууга чыгышкандыр. Эмнеси болсо да өнөктөштөрүнүн арасынан суурулуп жыл башында жаңы программалары менен “Бешиликтен” чыккан таланттуу жаш куудул Талант Анарбаев Оштон келип калган экен. Биз куудул менен баарлашканга шаштык. толугу менен №273 0 0
Суйкайган ырчы Бегимай Эсенгулованын аяш апасынын баласы Афганистандагы америкалык аскер базасында эмгектенет экен. Байкеси ал жактагы дисктердин арасынан Бегимайдын клиптерин көрүп бир чети ишенип, бир чети ишенген эмес. Анткени, карындашынын ырчы болуп кеткенин уккан эмес эле. Бул жакка келген соң Бегимайдын ырчы болуп кеткенин билип, анын клиптерин Афганистандан көргөнүн айткан. толугу менен ![]() №273 0 0
«Адамдын көркү – чүпүрөк» же «адамды кийген кийимине карап тосуп алып, акылына карап узатабыз” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай, жер бетиндеги ар бир адам сырткы келбетинин сулуу болушу үчүн кийимине көңүл бурат эмеспи. Ал эми кийимдердин жарашыктуулугу анын баасынан да көз каранды. Андыктан, «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бул чыгарылышында ааламга аты таанылган атактуу жылдыздардын айрымдарынын кийген кийимдеринин баалуулугуна көз чаптырып көрүүнү туура ... толугу менен №272 0 0
Токтогул, Боогачы, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Шекербек өндүү залкарларыбыз кыргыз элинин салттык музыкасынын муундан-муунга мурас болушуна өбөлгө түзгөн десек туура болоор. Ошол улуу өнөрдү аздектеп, кечээки салттык музыкабызды бүгүнкү менен келечек өнөр ээлеринин ортосуна көпүрө болууну көздөгөн салттык музыканын алып жүрүүчүсү, шакирттеринин тили менен айтканда “салттык музыка десе жанын берген” жаш музыка изилдөөчү, КРнын Эмгек сиңирген артисти (1999), искусство илимдеринин кандидаты (2006), Кыргыз Улуттук консерваториясынын жана Бейшеналиева атындагы искусство институтунун салттык музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу Роза Аманова бүгүн бизде мейманда. толугу менен ![]() №272 1 0
Эки кыздын атасы ырчы Ынак Осмоналиев “үчүнчү балам уул болсо экен” деп ак эткенден так этип отуруп, бирок, бул жолу да Кудай ага кыз берди. 5-январь күнү таңкы саат жети жарымда 4-төрөт үйүндө жарыкка келген ымыркайына ырчы өзү Айдай деген ысым ыйгарды. “Кайрадан кыз төрөлдү” деп капа болбой, Кудайдын бергенине ыраазы болгон Ынак “келечекте кыздарым ата-энесин гана бакпастан, жалпы кыргыздын керегине жараган кыздардан болот” деген аруу тилектердин кучагында кубанычы коюнуна батпай турат. толугу менен №272 0 0
Гарик Мартиросян – тажрыйбалуу невропатолог. “Адамдарды ооруканалардан эмес, сахнадан дарылаган оңоюраак” деген ой менен сахна жылдызына айланган. Бардык оорунун дарысы Гарик үчүн бирөө гана, бул – күлкү. Акцент менен сүйлөгөн тамашакөй Гариктин күйөрмандары жашына, улутуна, табитине карап бөлүнүшпөйт. Булардын арасында биздин мекендештерибиздин да бар экендиги сыр эмес… толугу менен ![]() №271 0 0
Талыкпаган аракет, тынымсыз изденүү, тартип – бул нерселер кандайдыр бир иштин ийгилигин улам жакындатып отурат. Бул нерсени “Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков баштаган жамаат далилдеп отурат. Ушул айда аталган радио толук бир жашка чыкты. Мындай кыска аралыктын ичинде чоң ийгиликтерге жетишүү дайыма эле боло берчү көрүнүштөрдөн эмес. толугу менен №271 0 0
Орусия мамлекетинин “За заслуги” ордени менен ырчы Айчүрөк Иманалиева сыйланды. Россиянын шаарларында болуп өткөн фестивалдарга, конкурстарга катышып жүргөн ырчыга бул орден Кыргызстандын жана Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн берилди. Айта кетчү нерсе, мындай орденди Айчүрөк айым Кыргызстандан биринчилерден болуп алып... толугу менен ![]() №271 0 0
Бир гана Орусияны эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүн мекендеген бир канча миллиондогон адамдардын көз жашына карабай атактуу актёр Александр Абдулов үстүбүздөгү жылдын 3-январында 54 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Актёрдун сөөгү 5-январь күнү 22 миңге чукул кишинин узатуусунда Москва шаарындагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлду. толугу менен №270 0 0
Эски жыл кыргыз шоу-бизнеси үчүн жаман жылдардан болгон жок. Сахнада жаңы ысымдар, жаңы ырлар, кыскасы, көп-көп жаңы нерселер пайда болду. Жаңы жылда шоу-бизнесте дагы кандай өзгөрүүлөр болот, аны күтө туралы. А биз болсо жаңы жылдагы алгачкы саныбызды сулуу десең сулуу, таланттуу десең таланттуу ырчы айымыбыз Нелянын жаңы-жаңы жаңылыктарынан баштадык. толугу менен ![]() №270 0 0
Кубулжуган үндүү Роза Шакированын сахнага чыкканына аз гана убакыт болсо да өзүнө бир топ күйөрман топтогонго жетишти. Анын "Таппай жүрөм" деген ыры диск саткан кайсы гана жерде болбосун жаңырып жатканына күбө болуп жатабыз. Ырчынын ушул ыры көпчүлүккө сиңимдүү болуп жатканын байкаган шылуундар оңой акча табууну көздөшүп, ырга клип чыгара коюшкан. Ырдын клиби Кореянын "Тагдыр оюну" тасмасынан алынган экен. Көрөрмандардын айтымында, ыр менен клип шайкеш келген. "Шайкеш келгени ... толугу менен №269 0 0
толугу менен ![]() №269 0 2
Ташкент кызы Гүлдүн күйөрмандарын санап санын чыгаруу мүмкүн эмес болуш керек. Бул таланттуу кыз мурдатан жаныбарлардын терилерине кызыгып жүргөнүн таластык күйөрманы билип алган. Керилген сулуу түлкүлөрдү атайын тузак коюп кармаганбы же сатып алганбы, айтор, бир жеринде да кемтиги жок 6 түлкүнүн терисин Гүлгө ошол таластык күйөрманы белек кылган. толугу менен №269 1 0
Бул ирет “Тамаша торубузду” Жаңы Жылга байланыштырууну чечтик. Жалпы сценарийди толук бышырып алгандан соң суйкайган сулуу ырчы Неляны “Тамаша торго” түшүрүүнү пландадык. “Тамаша торун” жайганыбызды Неля сезип калбасын деп атайын өз ишине чебер, сөзгө чечен жигитти таптык. толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |