|
|
№263 0 0
Жаш ырчы Мирбек Атабеков жардам сурап келген үч балалуу аялга колдоо көрсөттү. Тактап айтканда, бул жалалабаттык аялдын Суворов атындагы аскердик окуу жайында окуган баласынын кийгенге кийими жок болгондуктан, окууга барбай калган. Айласы куруган эне Мирбекке келип, жардамга муктаж экендигин түшүндүрүп айтса, ырчы дароо эле кийими жок окууга бара албай жаткан балага төрт миң сомго аскердик форма сатып берди... толугу менен №263 0 0
Опера жана эстрада ырчысы Николай Басков да көпчүлүк атактуу ырчылардай эле кичинекей кезинен таланттуу чыгып, сахнада, эл алдында чоңойгон. Алгачкы жолу балдар бакчасында тарбиячысы жаттаткан төрт сап ырын айтуу үчүн ата-энелердин алдына чыгаар маалда катуу сүрдөп, буттары калтыраганынан баса албай, ырын да айтпай калыптыр. Бирок, 10 жашынан тарта сахнанын коён жатагына чейин билген жаш аткаруучу болууга жетишкен. Ал эми кыздарга кат жазуу дегенди башынан өткөргөн эмес... толугу менен ![]() №262 0 0
Бул селки сахнадагы башка курдаштарынан айырмаланып, сахнада бир жыл мурун же эки жыл мурун пайда болгон эмес. Айгеримдин чыгармачылык менен алектенгенине оо, көп болду. Андагы атасынын алдында чимириле бийлеген секелек кыз азыр ыр менен бийди айкалыштыра билген суйкайган сулуу кыз болду. толугу менен №262 0 0
"Кыз-Бурак" тобунун солисткасы айдай сулуу Айжамал Кабыловага 22-октябрь күнү болочок кайненеси келип, сөйкө салып кеткен эле. Айжамал келечектеги күйөөсү Азамат менен үч жыл сүйлөшүп, бул жигит менен турмуш куруп кете алаарына көзү жеткенден кийин гана макулдугун берген. Ошентип, эки жаштын үйлөнүү тою 16-ноябрь күнү Ош шаарындагы эң престиждүү деп саналган "Магнат" ресторанында өтөт. Айжамал тойго кийүүчү үлпөт көйнөгүн 1200 долларга Казань шаарында жашаган татар улутундагы ... толугу менен ![]() №261 0 0
Жыл өткөн сайын өлкөбүз жымыңдап улам пайда болуп жаткан өнөрпоздорго байыгандан байып баратат. Биз сөз кыла турган ырчы жигит Алихан жылдызчадан жылдызга айланып бараткандардын бири. Ал 1989-жылы 1-майда Токтогул шаарчасында туулган. Үйбүлөдө жалгыз бала. Бойдок. толугу менен №261 0 0
Мукам үндүү ырчы жигит Съездбек Искеналиевдин “Селкиге” аттуу ырынын клиби көпчүлүктүн көз алдында. Ошол клипке аты таанымал Бакыт аттуу врач байке спорттук кийимчен, күрөк сүйөнүп турган абалында кокусунан тартылып калган экен. Уруксатсыз тартып алышканы үчүн ал врач клип жарыкка чыгаары менен Съездбекти сотко берген. Алгач ырчы жаштык кылып, балким, тоготпой бул нерсеге көп маани берген эмес. Мындан бир ай мурун Съездбекти Ленин райондук соту чакырып, иш козголгон... толугу менен ![]() №261 0 2
Кандай ойлойсуздар, Америкада жашаган кыз менен күнөстүү Азияда жашаган кызды же Африканын мээ кайнаткан ысыгында жашаган кыз менен ызгаардуу Сибирде жашаган кызды эмне бириктирип турушу мүмкүн? Албетте, эр көкүрөк жигит, үйлөнүү тою, апакай нике көйнөгү жөнүндө ой-кыялдар... Кызыкчылыгы, көздөгөн максаты түмөн түркүн болсо да, ар бир кыздын жүрөк түпкүрүндө уялаган аруу тилектердин бири үйлөнүү тою экенин баары макул тапса керек. Андыктан, бул ирет маанайды чөктүргөн кымбатчылык өңдүү темаларды мындай коё туруп, өмүрдөгү эң бактылуу салтанат болгон үйлөнүү тою жөнүндө кеп кылууну чечтик. толугу менен №261 3 0
«Ислам» деген сөз араб тилинен «өзүн Кудайга арноо» деп которулат. Бул динди “террористтердин дини” деп туура эмес үгүт жүргүзгөн адамдардын саны арбын болсо да, 7-кылымдын башынан тарта азыркы күнгө чейин исламды кабыл алууну каалагандардын саны күндөн-күнгө артып барат. Алардын катарында дүйнөгө аты таанымал жылдыздар да бар. Эмесе, алардын айрымдары тууралуу... толугу менен ![]() №260 0 0
Ырчы болуу оңой эмес. Ал үчүн канчалаган аракет, изденүүчүлүк, чыдамдуулук керек. Биздин бүгүнкү коногубуз жаш ырчы Кайрат Примбердиев да булардын баарын башынан өткөрүп, азыр элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчылардын катарынан орун ала баштады. Кайрат 1985-жылы 24-ноябрда Ош областынын Каракулжа районундагы Ылайталаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көкой айылында өскөн. Үйбүлөдө үч кыздын арасындагы жалгыз уул. Бойдок. толугу менен №260 0 0
Өткөн жумада ырчы кыз Анжеликага апасы себин берди. Септи алган ырчынын кайын журту Таласта боз үйлөрдү тигип, дүңгүрөтө чоң той кылып, эки жашка элдин батасын алып беришти. Төрт сандыктын үстүнө шыпка тиреле жыйылган жууркан-төшөк ырчынын шаардагы квартирасына батпай турат. “Бул төшөктөрдү апам мен турмушка чыккандан эки ай өткөн соң тигип баштады эле, эми минтип бүтүп, парзынан кутулду. Төркүнүмө барганда апам көз айнегин тагып, “сеп даярдап жатам” деп чыгып калчу эле. “Кана, көрөйүнчү?”- десем көргөзбөй... толугу менен ![]() №260 1 0
Легендарлуу рок ырчысы Виктор Цойдун жашоо турмушу, өмүр таржымалы тууралуу толук айтып берүү мүмкүн эмес. Бул чынында эле оор. Анткени, ушул күнгө чейин атактуу биографтар дагы “бул иштин аягына толук чыктык” деп айтыша элек. Ошентсе да Виктор Цойдун дүйнөдөгү миллиондогон күйөрмандары анын ким экендигин жакшы билишет эмеспи... толугу менен №259 0 2
Бул ырчы жигит чыгармачылыктагы ар кандай тоскоолдуктарга, бут тосууларга туш болуп көрдү. Бирок, чыныгы талант өлбөйт экен. Тескерисинче, Ильяздын чыгармачылыгы учурда кайрадан жанданып, бир тепкичке көтөрүлгөндөй болду... толугу менен ![]() №259 0 0
“Кыргызстан Обондору” радиосунун коңур үндүү ди-джейи Эдил Эркинбаев сүйлөшүп жүргөн кызы менен араздашып кетти. Буга ди-джейдин сүйлөшкөн кызынын ашыкча кызганчаактыгы себеп болгон. Мындай мамиле Эдилдин чыгармачылык ишине тоскоол болуп жатып, акырында минтип эки жашты ажыраштырууга чейин алып келип отурат. Медициналык академияда окуган келечектеги доктур кыз Эдилди Кадыр түн күнү ырчы Нелядан кызганып, чыр салган эле. Бул чыр биринчиси эмес. толугу менен №258 0 0
Учурдун популярдуу ырчысы, сахна жылдызы Мирбек Атабеков «Жүрөгүм» аттуу жеке концертин берүү алдында турат. Андан сырткары, жакында машиналуу да болду. Мирбектин темир тулпары, чыгармачылыгындагы жаңылыктары жана башкалар жөнүндө кенен маек сиздердин назарыңыздарда. толугу менен ![]() №258 0 0
Мусулмандар Кадыр түн тосуп жатканда биздин белгилүү ырчы жигитибиз Съездбек Искеналиев түнкү саат бир жарымда кыздуу болду. Ымыркай шаарыбыздагы №4-төрөт үйүндө 3 килограмм салмакта төрөлдү. Съездбектин апасы небересинин атын Даткайым деп койду. Анткени, ырчынын уруусу Курманжан Датканын адыгине уруусунан болгондуктан, Датка Съездбектин чоң энелери болуп кетет. Жадакалса, ырчынын... толугу менен №258 1 0
Бүгүнкү “Тамаша тор” рубрикабызды адаттагыдан бир аз башкачараак кылууну туура көрдүк. Башкачараак дегенибиз, ырчы мырзаларыбызга чалып, азгырдык. Биздин чеберчилик менен болгон айла-амалдарыбызды колдонгон азгыруубузга ырчы мырзалардын илинбей коюулары мүмкүн эмес эле. Ошентип, аларга чалып, акылга сыйбас жоругубуз менен бир сыйра сүйүнтүп, кайра күйүнткөнбүз... толугу менен ![]() №257 0 0
Популярдуу эстрада ырчысы Султан Садыралиев бул жылы өзгөчө окуяларды башынан өткөргөнү тууралуу күйөрмандары кабардар болуп эле келатышат. Мындай окуяларынын негизгиси – анын продюсеринен кетип, аз убакыт өтпөй кайра кайтып келгени... толугу менен №257 0 0
“Белгилүү ырчы Мерген Турган үйлөнөт экен”, жадакалса “үйлөндү” деген ушактарды кулагыбыз чалып калчу. Мындай ушактарга жооп кылып, бул жолу Мерген мырза бойдоктук менен чындап коштошууну чечти. Ырчы 3-октябрь күнү жубайын алып келгени Казакстанга жөнөп кеткен. 4-октябрда түштөн кийин казак кызы Жылдызды үйгө алып келип, эми чындап үйлөнгөндүгүн бизге сүйүнчүлөдү. Керек болсо “буюрса, орозо чыкса, октябрь айында... толугу менен ![]() №256 0 0
“Браво” телеберүүсүнүн таланттуу алпаруучусу Эрмек Нурбаев жакында эле спорт тармагында да ийгилик жаратты. Анын “Көк жал” чемпионатынан баш байгеге кандайча ээ болгондугу тууралуу маек назарыңыздарда. – Эрмек, жакында эле бокс боюнча “Көк жал” чемпионатына катышып, жеңүүчү болбодуңбу. Спорттун бул түрү менен мурдатан эле машыгып жүрчү белең? толугу менен №256 0 0
Нурзат Токтосунова өзүнүн тушоосу кесилген “Хит-парад” телеберүүсүнө кайтып келүүнү чечти. Бул сунуш ага УТРКнын көңүл ачуу студиясынын жетекчилиги тарабынан түшкөн. Бирок, Нурзат дароо эле макулдугун берген эмес. Алматыдан жума сайын келип туруу үчүн жол киресине эле миң сом кетээрин, ошон үчүн бир аз ыңгайсызыраак болуп калаарын билдиргенде жетекчилик жол кирени өздөрү төлөп тураарын айткан. Муну укканда Нурзат... толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |