|
|
№237 0 0
Чыгыш бийин мыкты бийлегендигинин артында кыздардын кумирине айланууга мүмкүнчүлүк алган Бакыт Байсариевдин жеке жашоосу, чыгармачылыгы, хоббиси сизди кызыктырса, Бакыт менен болгон чакан маегибиз назарыңыздарда. Байсариев Бакыт 1985-жылы 30-июнда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Шаарыбыздагы “Амбасадор”, “Гарем” түнкү клубдардын директору. Бийден сырткары сууда сүзүүгө кызыгат. толугу менен №237 0 0
Бул жолку тамаша торубуздун кайырмагына белгилүү актёр, алпаруучу Турусбек Жумалиевди түшүрдүк. Болгондо да «мен сизден балалуу болгум келет» деп катуу тамашага чалдык. Жооп берүүдө буйтатып ары- бери качканы менен тордун ичиндеги олжону оңой менен коё бербегенибизден кутулуш оңойго турбады. – Алло, жакшысызбы? Турусбек байкени мүмкүнбү? – Мен угуп жатам. Ким сурап жатат? толугу менен ![]() №237 0 0
Шоу-бизнеске аралашып, популярдуулукка ээ болгон жылдыздар туралуу маалыматтар элдин көңүл борборунда болуп келээрлиги анык. Анын сыңарындай, атактуулардын шоу-бизнестен тышкаркы иштери, кандай жол менен байып жатышкандыктары да окурмандарды көңүлкош калтырбаса керек... толугу менен №236 0 0
«Дем» театрынын «Акшоола» балдар ансамблиндеги «эң кичинекей» эрке бала, «Делбирим» тобунун «Ай, жездесиндеги» жезде, бир нече кыргыз фильмдериндеги каарман Камчыбек Сарыбаев өзүнүн оригиналдуулугу менен бир көргөн адамдын эсинде сакталып калат. Камчыбек 1978-жылы 7-февралда Тоң районунун Аксай айылында төрөлгөн. Үйбүлөлүү. Келечекте дагы көптөгөн кыргыз фильмдеринде ролдорду жаратуу – бул... толугу менен ![]() №236 2 0
Акыркы жылдарда кыргыз киносу кайра жанданып, кинотеатрга барып эс алууну унута баштаган биздин муундардын кайрадан кинотеатрларга агыла баштаганы жүрөк кубантаарлык иш болууда. Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун ырчы жигит Съездбек Искеналиев баш каармандын ролун аткарган “Боз салкын” фильми профессионалдуу деңгээлде тартылган кыргыз фильмдеринин катарын толуктайт. Өкүндүргөн нерсеси – дал ошол мыкты фильмдин журтчулукка өз деңгээлинде... толугу менен №236 0 0
Өткөн саныбызда бойдок ырчы кыздарыбыз жөнүндө жазып, бир аз чычалаттык эле, аны окуган бойдок ырчы жигиттерибиз мыйыгынан күлүп, жылмайып калышкан болчу. «Күлгөнгө күлө жетет, аркасынан кубалай жетет» болуп, эми бул санда ырчы мырзаларыбызга кезек келди. Анда эмесе, кыздарга бойдок ырчы мырзаларыбызды сунуштаган азил-чыны аралаш макала назарыңыздарда. толугу менен ![]() №236 0 1
“Ата журт” деген ырды укканда дароо көз алдыңа залкар акын Алыкул Осмонов же болбосо бул ырга шедевр обон жараткан композитор Шамшыбек Өтөбаев элестелет. Өзүнүн кесиби башка болсо да, катыра обон жазып, «мен, мен» деген композиторлорду артка калтырган Шамшыбек чындап чыгармачылыктын артынан түшүп иштесе, ким билет, анда кыргызда кылымдан кылым карыта турган укмуш чыгармалар жаралмак беле?! Анда эмесе, “Жүрөктө калган жылдыздар” рубрикасында... толугу менен №236 0 0
Бул жолу сиздерди жаштардын сүйүктүү «Каалайсыңбы?» деп аталган романтикалуу ырын жогорку деңгээлде жүрөктөргө жеткире ырдаган жаш ырчы жигит Эрмек менен тааныштырабыз. Эрмектин мындан башка «Багыңа кондум бир өзүм», «Пери» ырлары, Аида менен ырдаган «Ата журт» дуэти бар. Эрмек 1984-жылы 13-октябрда Жалалабат облусунун... толугу менен ![]() №236 1 0
Бул топ көчө бийлерин бийлеп, түзүлгөнүнө бир жыл болсо да, жаштардын арасында популярдуулукка жетишти. Өзгөчө бий стили менен айырмаланып турган топту Мирбек Атабековдун “Сен”, “Элестетип” аттуу ырынын клибинде жана жаш ырчы Алихандын “Ашыкмын” деген ырларынын клибинде көрүп келебиз. Анда эмесе, жаштардын сүйүктүү “Star Dance” бий тобунун балдары менен маегибиз. толугу менен №236 0 0
Батыш элдеринин, алтургай дүйнө элдеринин жүрөгүнөн түнөк тапкан Нелли Фуртадо бүгүнкү “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын коногу. Неллинин учурда биздин өлкөдө дагы көп сандаган күйөрмандары бар экендиги талашсыз. Анда кумириңиз тууралуу кененирээк сөз башынан болсун... БАЛАЛЫГЫ Белгилүү ырчы Нелли Фуртадо 1978-жылы 2-декабрда Канаданын... толугу менен ![]() №235 0 0
БАКТЫГҮЛ, 18 жашта, Бишкек: – Урмат байке, сизге «Мачо» деген кличканы ким койгон? – Жакшы эсимде жок. Менимче, «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи Арстанбек Абдыманов койсо керек эле. Себеби, эң биринчи бул кличкамды өзүм радиодон Арстандын оозунан уккам. – Бул кличкаңыздан тажаган жоксузбу? – Буга көп деле маани бербейм. Мени такыр атымдан айтпай, такай... толугу менен №235 0 0
Белгилүү продюсер, “Улуттук хит-параддын” жетекчиси Динара Эсенгулова продюсерликти таштайт. Себеби, Динара эженин болочок жолдошу “продюсерлигиңди ташта, гастролдоп жүргөнүң болбойт” деп шарт коюп жатат. Ал эми эженин жеке жашоосун же продюсерликти тандай албай башы ооруп турган кези. “Азырынча менин окутуп жаткан балдарым өзүнчө чыкканга даяр эмес. Айрыкча Кайрат менен Бегимай. Аларды жалдыратып калтыргым да келбей жатат. Бирок, аялзаты үчүн үйбүлө... толугу менен ![]() №235 0 0
Көптөгөн жигиттерди өзүнүн сулуу ажары менен арбап келаткан жаш ырчы кыз Аида менен тааныштырабыз. Аиданын “Кош бол”, “Мен ыйлабайм”, “Боз улан”, “Я приду к тебе” деген ырлары учурда хит болуп жатканын угармандар билишсе керек. Кулуева Аида 1982-жылы 30-январда Бишкек шаарында... толугу менен №235 0 0
Көргөн адамдын жүзүнө жылмаюу жараткан Россия шоу-бизнесинде пародия аткаруу боюнча атак-даңкка жеткен белгилүү айым Елена Воробейдин сатиралары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун тапкандыгы анык. Анын ичинен биздин өлкөдө дагы көп сандаган күйөрмандары бар. Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикасынын бүгүнкү коногу Елена Воробей тууралуу маалымат назарыңыздарда. толугу менен ![]() №234 0 0
Бул ырчы «Ичпечи, апа» деп ырдаганда жүрөк сыздаса, «Расуулулла» деген ырын угуп, клибин көргөндө карылар «алдыңа кетейин, ыймандуу бала тура» деп жүрөктөрү жибип калышат. Ал эми «Махабат дастанын» созгондо жаштар сүйүүнүн бар экенине дагы бир жолу ынанышып, чыныгы махабат тууралуу бул ырды эргип угушат. Дал ушул жагымдуу ырларды жүрөктөргө жеткире ырдаган Оштон чыккан талант Эмил Балтагуловдун чыгармачылыгы жана жеке турмушу тууралуу маек назарыңыздарда. толугу менен №234 0 0
Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык. толугу менен ![]() №234 0 0
"Кыздын бараар жери күйөө" демекчи, ар бир кыз бактысына жараша эртеби, кечпи, өз ордун табат. Анын ичинде кыргыз ырчыларынын арасындагы бойдок кыздарыбыз да жигиттерди кызыктырбай койбойт. Ошондон улам азил-чыны аралаш бойдок жылдыздар жөнүндө маалымат берүүнү туура көрдүк. Балким, ушул макаладан кийин кыздарыбыздын бактысы ачылып кетээр?.. “Кыз Бурактын” эркек мүнөз бул кызы – кесиби боюнча журналист. “Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес 9 жаш, эй” деп бекеринен ырдабаса керек, анткени, жашы 30дан ашып калса, албетте, Кенжени... толугу менен №234 0 0
Өз акылы, таланты, шыгы менен миллиондоп акча тапкан мыкты дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерди кийсеңиз да, алардын жашоосу, жеке турмушу жөнүндө маалыматыңыз азбы? Рубрикабыздын бул сандагы коноктору – дүйнөлүк мода тарыхында таңкалыштуу жана унутулгус ачылыштарды жасаган эң атактуу модельерлер. толугу менен ![]() №233 0 0
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандын алтын үндүү ырчысы Ырыскелди Осмонкуловду тааныбаган адам болбосо керек. Ырыскелди Осмонкулов 1968-жылы 28-январда Бишкек шаарында төрөлгөн. Он бир туугандын кичүүсү. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. толугу менен №233 0 0
Жакында жаш ырчылардын продюсерлери борбордо болуучу концерттердин баасын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. сүйлөшүүнүн акырында келген жыйынтык боюнча, эми концерттерге мурдагыдай 100 сомдон эмес, 200 сомдон кирет экенбиз. Көтөрүлгөн бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн идеянын «автору» , ырчы Мирбек Атабековдун продюсери... толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |