МИТХУН ЧАКРАБОРТИ
№24500
Кинотеатрларга барып алып жүрөк козгогон индия кинолорун көрүп көз жаш куюлган учурлар эсиңизде болсо керек. Ал эми жөн гана кино көрүп отурган адамды ыйлаткан актёрлордун талантына тан берсе болот. Ошондой таланттуулардын бири болгон легендарлуу Индия киноактёру Митхун Чакраборти тууралуу кененирээк маалыматтарды сиздерге гезитибиздин бүгүнкү санында сунуштайбыз.
толугу менен
«АРТЫК & САПАР» ДУЭТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАРКАДЫ?
№24400


Шоу-бизнестин кезектеги дагы бир сенсациясы пайда болду. Башкача айтканда, сахнада такай эгиз козудай ээрчишип жүргөн ырчы жигиттер Артык менен Сапар чыгармачылыкта эки башка жол менен кетүүнү туура көрүшүптүр. Мунун себебин Артык, Сапар жана алардын продюсери Дана төмөнкүчө тү­шүн­дү­рүш­тү...

толугу менен
САЙКАЛДЫ АПАСЫ НАЧАР ОКУГАНЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАДЫ
№24400

Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун көкүрөк күчүгү Сайкалды Жаңы Жылдын астында өткөн концерттердин ар биринен көрчүбүз. Ошондон бери Сайкал концерттерге эмне эле такыр чыкпай калды десек, ыр деп жүрө берип сабакка такыр көңүл бурбай, чейректери жалаң “3” болуп кеткен экен. Мындай кылыгына апасы Гүлшайыр эже нааразы болуп, Сайкалды сахнага чыгарбай, сабакты жакшы окуусун талап кылган. “Кызымды сахнага 6-7 ай жолотпой койсом бук болуп кетти. Азыр экзамендеринин баары бүттү жана жылдык баалары...

толугу менен
КЛИП КАНТИП ТАРТЫЛАТ?
№24400

Кийинки учурларда телевидениеден жаңы клиптер биринин артынан бири көрсөтүлүп жаткандыгы маалым. Мындан аз гана жыл мурункуга салыштырганда клип тартуу жагынан өсүп баратканыбызды далилдеген бул көрүнүш албетте, кубантпай койбойт. Даяр болгон клипти көргөн адамга бул өнөр жеңил туюлганы менен анын ичиндеги түйшүктү көпчүлүк сезе бербесе керек...

толугу менен
АРТТА КАЛГАН АЛТЫН БАЛАЛЫК
№24400


Балалык. Кандай жакшы сөз. Мүмкүн болсо ошол кезге бир барып, кайра кайтып келгиң келет. Биздин белгилүү адамдарыбыз да кезинде бала болушкан. Алардын балалыгына саякаттагыңыз келсе, биздин “Артта калган алтын балалык” рубрикабызды калтырбай окуңуз. Бул жолу белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов балалыгын эскерет.

толугу менен
ЖАНЫБЕКТИН ЖАШ АНЫКТОО ЫКМАСЫ
№24400
Кадимки эле Жаныбек жөн турбай бир кызга тийишип атат дейт:
– Чоң кыз, “аялзатынын жашын сурабайт” деп коюшат. Бирок, сиздей кыздан кантип сурабай коё алам? Атыңызды сурабаганым үчүн кечиресиз, жашыңыз канчада?
– Канчада экеним сыртымдан эле көрүнүп турса керек, канча бересиз?- десе, анда Жаныбек:
– Эми-и, оймоктой оозуңузга караганда, 16да окшойсуз. Кашыңыздын серпилишине карап, «17деби?» деп да ойлоп кеттим. Жүзүңүздөн чачыраган нурлардын айтымында, 20да...

толугу менен
«МОДЕРН ТОКИНГ» ("Modern Talking") тобу
№24400

80-жылдардын жүрөк эзген ырлары азыркы жаштар тарабынан ырдалбаса дагы ага-эжелерибиздин жүрөгүндө эң жакшы көз ирмемдерди эске салган жандүйнө жаңырыгы бойдон кала бергенинен күмөн жок. Гезитибиздин бул санында окурмандарыбызга бир тамчы болсо да жаштык элесин тартуулоо максатында 80-жылдарга сапар тартууну туура таптык. Анда «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бүгүнкү санында убагында миллиондогон кыздардын көз жашын...

толугу менен
Анжелика: «БИР ЧАКА МАЙДЫ ИТКЕ ИЧИРИП КОЙГОМ»
№24300

Наристе кезинен баштап сахнада чоңойгон ырчы кыз Анжелика турмушка чыга элегинде гезит, теле-радиолордон байма-бай чыгып турса, үйбүлө кургандан бери Анжелика жөнүндөгү маалыматтарды күйөрмандары күтүп калышты. Коомчулук деген коомчулук экен, “Анжеликага күйөөсү ырдаганга тыюу салыптыр”, “Анжелика чет өлкөгө кетип калыптыр”... сыяктуу ушактар өзүнөн-өзү тарай баштады эле. Биз болсок ырчы кыз...

толугу менен
АИДА БАЯКОВА ЫРЧЫЛЫККА ӨТТҮ
№24300

Белгилүү скрипкачы Аида Баякова “башкалардан эмнем кем?” деп ырдоого багыт алды. Бул Аиданын капысынан чыгарган чечими эмес. Ал мындай кадамга көптөн бери даярданып, вокалдан сабак алып жүргөн. Азыр Аида биринчи ырларын камдап, убактысынын көп бөлү­гүн үн жаздыруучу студиялардан өткөрүп жаткан кези. Скрипкачынын жакында өзүнүн классикалык концертин бергенин, жакын арада дагы бир концертине...

толугу менен
ЫРЧЫ ЖИГИТТЕРИБИЗДИН САЛМАГЫ ЖАНА АРМАНЫ
№24300


Эл көзүндө жүргөн соң сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөөнүн кыздарга гана эмес, жигиттерге дагы тиешеси бар. Ал эми азыркы ырчы жигиттерибиз мурдагы муундагы ырчы агаларына салыштырганда эмнегедир арыктай сезилишет. Балким, баралына келгенде булар да агаларындай болушаар. Ага карабай азыркы ырчы жигит-терибиздин салмагы менен арманына азил-чыны аралаш тийишип, бир аз чымчып...

толугу менен
ДИНАРА ЫСЫКЕЕВА
№24300
Алпаруучулук өнөрү менен жакындан бери учурдун популярдуу телеберүүсү “Бравону” орус тилинде алпарып жаткан Динара Ысыкеева менен тааныштырабыз.

Ысыкеева Динара 1985-жылы 27-мартта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Кыргыз-Орус славян университетинин 4-курсунун студенти. Бош убактысында китеп окуганды жакшы көрөт.

толугу менен
КИЧИНЕКЕЙ КЕЗИНДЕ АТАК-ДАҢККА ЭЭ БОЛГОНДОР
№24300

Актёрдук кесипке ээ болуу үчүн бир канча атактууларыбыз билим алып, нечен жыл тажрыйба топтогондон кийин гана киного тартылуу укугуна ээ болушкан болсо, кээ бирлери ымыркай кезинен эле шоу-бизнеске аралашып келишет. Алардын арасында ичинен оргуп чыккан чыныгы талантынын күчү менен келгендери да, ата-энесинин колдоо­су менен келгендери да бар. Анда “Дүйнө жылдыздары”...

толугу менен
«АЛ АКЧАНЫ КУСТУРУП АЛААРЫМДЫ УНУТПАҢЫЗ»
№24300


«Тамаша тор» рубрикабыздын бүгүнкү кадырлуу коногу «Атага кат» ырын ырдаган жигиттердин бири Сапар болмокчу. Бул жигитибизди торго илип алып, болушунча эле «коноктодук». Аягында Сапардын чыдамы кете баштаганда гана тордон чыгардык окшойт.

толугу менен
Ташкент кызы Гүл: «ЫРЫМДЫ БИРӨӨГӨ БЕРГЕНДЕ, КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨГӨ УЗАТЫП ЖАТКАНДАЙ БОЛОМ»
№24200

Мындан туура бир жыл мурун чоң сахнага алгачкы жолу чыгып, шоу-бизнеске жаңыдан аралаша баштаган болсо да, бүгүнкү күндө Гүлдүн ысымы жетишээрлик эле кыргыз журтчу-лугуна таанымал болуп калды. Кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө салым кошуп жатканына сыймыктанган Ташкент кызы Гүл 1986-жылы 1-майда Талас районунун Манас айылында туулган. 6 бир туугандын экинчиси. Бойдок.

толугу менен
СУЛТАН ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
№24200
Жаш ырчы Султан Садыралиев жаңы машиналуу болду. Бул жашыл түстөгү “БMB” маркасындагы темир тулпарды ырчы жакында болуп өткөн концертинен түшкөн акчага сатып алды. Ал эми мурунку машинасын азырынча сата элек. Продюсери Динара Эсенгулованын машинасы оңдоочу жайда болгондуктан, ырчынын эски “Мазда” маркасындагы машинасын Динара айдап жүрөт. Продюсери машинасын оңдоочу жайдан алаары менен Султан...
толугу менен
БИЗДИН ЫРЧЫ АЙЫМДАРЫБЫЗДЫН ПАРАМЕТРИ КАНДАЙ?
№24212

Ырчы болуп эл алдына чыккан соң ал ырчы тырмагынан тартып чачына чейин элдин сынында болот эмеспи. Ошондуктан, ырчылар диета кармайбы же ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо жолу мененби, айтор, фигурасын сактоо үчүн аракет кылып келишет. Биздин ырчы айымдардын параметри 90-60-90 бекен, сурап билгенге аракет кылалы. Ар бир адамды Кудай ар кандай кылып жаратат. Ошондон улам...

толугу менен
АНАСТАСИЯ ЗАВОРОТНЮК
№24200


Бала багуучулардын үлгүсүнө айланган Анастасия Заворотнюкту кимдер тааныбасын?! Настянын сериалга тартылганга чейинки жана кийинки тагдыры тууралуу кабарыңыз барбы? Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү санынан бул суроого жооп алууга шашылыңыз.

толугу менен
ФИЗИКАЛЫК КАРТА ЖАНА ӨТҮКЧҮ
№24210
Эркектин башында норка тумак, моюнунда галстук, үстүндө кара кашемир пальто. Айтор, кычырайт. Жанында ээрчиген 3-4-класстарда окуган баласы бар. Экөө түз эле китеп саткан дүкөнгө киришти эле, атакеси сатуучу кызга кайрылды:
– Карындаш, мобул бала окуганга жанагы дубалга иле турган “география” бериңизчи?!- деди эки колун эки жакка жайып көрсөтүп. Аны тиктей караган сатуучу кыз...

толугу менен
Шайырбек Арапов: «СҮЙҮҮДӨН КӨҢҮЛҮМ КАТУУ КАЛГАН»
№24100

Балким, сиз ар аптанын дүйшөмбүсүн чыдамсыздык менен күтүп, бул жигитти көрүү үчүн уктабай отураарсыз. «Бул жигит» дегенибиз – «Ыр майрам» телеберүүсүнүн алпаруучусу Шайырбек Арапов. Ал 1982-жылы Ноокат районунун Төөлөс айылында туулган. Төрт бир туугандын улуусу. Кесиби боюнча юрист. Бойдок.

толугу менен
«АЛТЫН КЕЧ-2007» ДОЛБООРУ БОЛБОЙ КАЛДЫ
№24100
Достор Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев “Алтын кеч-2007” жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын буга чейин бизге айтышкан эле. Тилекке каршы, бул долбоор быйыл аягына чыкпай калды. Мунун себебин уюштуруучулар: “Долбоорду өтө эле кеч баштап алыптырбыз. Көрсө, бүтүрүүчүлөр 2-3 ай мурун эле өздөрү уюштурган кечелерге акчаларын чогултуп коюшуптур. Биздин билет...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: