Аскат Мусабеков "Махабатым"
Жанр:Поп
00:03:46
58,52 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2009


Сөзү:С.Жусубалиеваныкы
Обону:К.Рыскуловдуку

Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң деле көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй.

Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Абалымды сезер болсоңчу,
Кушум болуп колго консоңчу.
Көңүл үчүн кээде бир жолу,
Көз кырыңды салып койсоңчу.

Кайырма:
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң керек көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жүрсөң керек жаздын гүлүндөй.

Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай
Көз талдырат көркүң кундуздай
Көргөн сайын көөнүм арбалып
Адатым бар ичтен бир сызмай

Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
  • Currently 4.85/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (74)

04.01.2010. 15:33
 Demon
irchilar ushinetip bashinda jakshi ele chigishat, birok kiyin ele ozgorup ketkeni jakshi emes da, iri jakshi klipte kemchilikter bar
05.01.2010. 17:55
 MaRmeLaDka
Сонун ыр,клибинин да мааниси жакшы экен.Эс алдырат.Кунуно 4-5 жолу созсуз угуп,маанайым которулуп калат.
07.01.2010. 04:18
 osobiy
SUPER
07.01.2010. 18:55
 akylzirek
Ech kim Askatka jetpeit go....Jetem degender bolso 7 jolu tamagyn ayryp unun buturup yrdash kerek.... Azamatsyn Aske bar bol!!!
20.04.2010. 11:25
 Назик кыз
Аскаттын унун суйуп калдым, олло сонун ырдаптыр ;)) Азаматсын! Сизден дагы жаны ырларды кутолу
21.04.2010. 12:32
 Baibeshin
Абдан жакшы жагымдуу клип болуптур,актерлор жеткире аткарган,ыр сонун озгочо кыз жакшы аткарыптыр.
26.04.2010. 17:15
 janulia
Ushu yrdy uksam ele alergiya bolo berem,yrchyny korso tem bolee
27.04.2010. 11:21
 azeko
janulia аллергиян кармаса эмне жанынды кыйнап угуп атасын? Корбой укпай кой да! Негизи адамдар ушул коро албастык деген сапаттан качан арылабыз?! :( Чыныгы таланттарды сыйлаганды уйронуп алышса кээ бир адамдар.
27.04.2010. 15:30
 tatybek
Ырдын созу да, обону да жагымдуу, уккулуктуу экен. Ал эми сын айтуу ар бир адамдын оз эрки деп ойлойм. Туура тушунуу менен баалай билели.
28.04.2010. 12:00
 diko
Уну аябай жакшы экен. Созот го тимеле!!!
28.04.2010. 20:30
 Дикуся
Ыр деген ушундай болуш керек,музыкасы,обону куп жарашкан. Клип деле жакшы.
20.05.2010. 02:36
 janusya
Аскат байке молодецсин! Ушундай ырлардан дагы жарата бериниз!
01.06.2010. 15:34
 nargizao
жакшы ыр экен, только ыр клипке топ келишпейт экен, ыры эски ырдай, а клипте болсо современный жашоо тартылып калган.
02.06.2010. 11:20
 azulya
nargizao бул деген эски ыр эмес, и клипи деле менин оюмча ырдын маанисине жарашкан. А сен азыркы болоор болбос ырчылардын эски ырларды жанычалап бузуп жазып алып, мындан да откон современный жашоону тарткандарга кандай комментарий берээр экенсин??? Мага кызык да аябай! Кутом сенин жообунду!
02.06.2010. 17:46
 bakytmirza
Калмураттын обону, обонго сөз тандай билүүсү укмуш болчу. Жаш өтүп кеткени жаман болду. Эгер тирүү болгондо көп шедевр чыгармаларды жаратмак деп ойлойм.

Клип боюнча айта турган болсом, тиги сууну артка агызбай эле койсо болмок, ошол жери бузуп койгон клипти. Негизинен жакшы тартылган
05.06.2010. 21:47
 BEKTUR AZHO
Э бар экенсин го брат супер.
08.06.2010. 15:12
 Perfekt
Askattyn unu ajbai jakty,ajbai ukkuluktuu.
15.06.2010. 14:11
 honestbek
Азамат азамат жакшы ыр да озу!
Бул шаркыратма каерде? Абдан кооз корунот экен!
23.06.2010. 07:17
 bekjangold
Кээ бир ырчыларга караганда уну аябай жакшы!
23.06.2010. 12:42
 MaRmeLaDka
Ыры клиби сонун экен.Клибин шаркыратып койгону жагымсыз болуп калыптыр.
25.06.2010. 15:16
 rai
Шаркыратманын уну ашыкча болуп калган экен.
29.06.2010. 04:48
 lider-kg
Ыр абдан жакты. Бир жакшы ыр жаратып коюп жатып албай дагы-дагы мыкты ырларды жаратат деп ойлойм. Клип ортодон бир аз жогору.
01.07.2010. 10:35
 замечательная
Жакшы.
05.07.2010. 11:35
 bekjangold
Ушул ырчынын уну абдан жагат!
06.07.2010. 18:17
 Jamal
respekt
20.07.2010. 17:41
 Асылжан
Ырдын аткарылышында кеп жок.Клиптеги сулуу кызга жигит жарашпай калыптыр.
28.07.2010. 08:54
 kingu
Клип жакшы тартылыптыр.Өзү да шаркыратманын алдында эмес, шаарда тартса болмок экен.Окуя эки заманда болгонго окшошуп калыптыр.
28.07.2010. 12:52
 Bad boy
kari kartan chuvaktarga sonun ele da
03.08.2010. 08:44
 diko
Bad boy эртенки куну сен да картаярынды унунтпа! "Чувак" деп коет дагы уялбай! Тарбиян жок экени корунуп эле турат!!!
03.08.2010. 08:46
 diko
Супер Инфо газетасы! Ушул ыр жонундо в основном жакшы ой пикирлер жазылган. Бирок силер газетага дайыма тескери гана пикирлерди жазасынар. Эмне учун мындай?!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: