Аскат Мусабеков "Махабатым"
Жанр:Поп
00:03:46
58,52 Мб
Жүктөлгөн: 11-12-2009


Сөзү:С.Жусубалиеваныкы
Обону:К.Рыскуловдуку

Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң деле көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй.

Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Абалымды сезер болсоңчу,
Кушум болуп колго консоңчу.
Көңүл үчүн кээде бир жолу,
Көз кырыңды салып койсоңчу.

Кайырма:
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.

Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң керек көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жүрсөң керек жаздын гүлүндөй.

Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай
Көз талдырат көркүң кундуздай
Көргөн сайын көөнүм арбалып
Адатым бар ичтен бир сызмай

Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
  • Currently 4.85/5
(20 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (74)

11.12.2009. 07:47
 Кыргызкритик
Укмуш экен! Мага жакты. Бирок ортосунда ндн бузулуп кетекни жамана экен!
11.12.2009. 07:47
 Кыргызкритик
Супер-инфо, датанарды ондоп алгылачы.
11.12.2009. 15:18
 Tokmok
jakshy
11.12.2009. 15:21
 Адам
Азаматсын Аскат. Мындан да мыкты чыгармаларды чыгар! Унун +4. Клип 5.
p.s. Кана эми бардык адамдарга эле ошондой болуп суйуу келсе...
12.12.2009. 02:51
 azeko
Ун деп ушуну айт!!! Уну кулакка абдан жагымдуу экен. Аскаттын ырдап жаткандагы манералары жакты абдан :)
12.12.2009. 02:53
 azeko
Клип жонундо айтсам, абдан жонокой, конулго жагымдуу клип экен. Эч кандай кычыраган лимузин, жалтыраган макияжы жок эле сонун болуптур. Кадимки жонокой студенттин суйуусу... Клиптин идеясы жакшы экен.
12.12.2009. 03:20
 Elboto
UNU jakshi eken. Klip dagi sonun jerde tarttilgan ...mga jaktii Super...=)))
12.12.2009. 03:29
 Амир
Бул клипти кантип кочуруп алсам болот туугандар!!!
12.12.2009. 19:00
 temirlan
ova klip jaktu maga (kuzda tatunakai eken)!!!!!!!!unu dele jakshuken!!!!+5
13.12.2009. 03:10
 kyrs
Амир бул клипти 1 айдан кийин кочурууго уруксат берилет. Ортосундагы шум суунукубу не понятно?
16.12.2009. 13:41
 kom
Соонун ыр болуптур. Аткаруучунун да уну жакшы экен, ыры озуно жарашыптыр. Эн башкысы клиптеги кыздын оззун тааптыр...Жылмайганы адамды озуно тарткан кыз го...
21.12.2009. 03:40
 aia
мммм аскат эми кыймылдап баштадынбы? азамат бетибиз жер карабайт экен башка ырчылардай болуп.
01.01.2010. 07:25
 Kyjal
Dewushka ochen simpotichnaja, interesno, ona kirgiska?
03.01.2010. 11:49
 azeko
kydykov - нет он не таласский, я знаю :)
ырчынын баары эле таластык боло бермек беле?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: