Gulzada, Дархан, Нурбек Савитахунов, Мирбек Атабеков, Аяна Касымова, Салтанат Аширова "Тамчы деңиз"
Жанр:Поп
00:04:34
58,37 Мб
Жүктөлгөн: 09-01-2014


Керек эмес күндөр бекер күйгөнү,
Кел, замандаш, өзгөртөбүз дүйнөнү.
Табам десең келечекти жаркыган,
Тазалыктан башта үйдөгү.
Кызыл туудай желбиресек оболоп,
Кыргызстан эртең гүлгө оронот,
Бийик тоодой жашап, жапыз болбойлу,
Биз оңолсок, заман оңолот.

Кайырма:
Билим болуп жолдошуң,
Минип акыл жоргосун,
Ала-Тообуз сени колдосун.
Жалгызмын деп ой кылбай,
Кошул биздин толкунга,
Куралат деңиз тамчыдан.

Если хочешь что-то изменить вокруг,
Ты найди слова надежды и любви.
Руку дай тому, кто верит и пойдёт
За тобой в далёкий, верный путь.
Пусть услышит мир дыханье гор твоих,
Как блестят озёра и поют ручьи.
Пусть всегда цветёт земля от слов твоих,
Вместе мы сберечь её должны.

Кайырма:

Булутту камчылай өмүр күүсү уланат,
Теңир-Тоо толготуп, адамзат ойгонуп...
Бакыт кушу конобу деп жергеме,
Балдарынан үмүт кылат эл деле,
Жарык болуп мекенге биз күйбөсөк,
Жалын жашты берди эмнеге?

Кайырма:
  • Currently 4.50/5
(36 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (68)

09.01.2014. 15:25
 nurizka..
Азаматсынар жакшы ыр болуптур!!!
09.01.2014. 15:31
 aituma_kg
Кандай соонун керемет! уккулушту маныздуу ыр экен дем куч берер Азаматсынар!!!
10.01.2014. 13:55
 laki
Сонун болуптур, жүрөк жылыйт! Азаматсыңар!
Нурбек Савитахунов кыргызча сүйлөй албайбы не?!
11.01.2014 23:08
RUSLAN.KG
Кыргыз болсо ырдайбы? Ал уйгур го...
12.01.2014 02:55
aman94el
RUSLAN.KG, Не уйгур болсо озунун жеринде жургондо оз тилинде суйлосун да азыр Кыргызстандабы демек Кыргыз тилинде суйлошу керек
10.01.2014. 13:56
 Lastochka_14
Нурбек Савитахунов эң мыкты!!! Аны көбүрөөк көрсөтсө болмок!
11.01.2014 19:15
bishkek.kg
Lastochka_14, сен ошону эле пауза кылып корсон болот бирок кобуроок каласан
10.01.2014. 14:36
 talant_29
Эне тилибизге басым жасалып жатат да, ошого орусча ырдаганга анча конул бурулбайт!!! Нурбек Савитахунов да кыргыз тилинде, эне тилибизде ырдаса болмок!
10.01.2014. 14:37
 oma0303
Ийгилик жакшы ыр экен ушундай маныздуу, патриоттук ырларды кобуроок ырдайлык. (Баары онолот, Баары алдыда, Келечектен умут узбой жашайлык замандаштар.!!!)
10.01.2014. 15:20
 rnurzida
Аябай жакшы чыгыптыр. Болгону Нурбек жок дегенде ырдын кайырмасында кыргызча ырдап койсо болмок. Кыргызча суйлой албаган Айя деле кыргыз тилинде ырдайт го. Эмне Нурбектин кыргызчага тили деле келбейт бекен э?
12.01.2014 02:53
aman94el
rnurzida, Ошонусу жанды кейитет да не Кыргызстанда жашап жатасынбы ошол олконун тилин уйрон да не ал бала кыргызбы озу уйронсо болмок билбедим аман эле болгула да оногу Юля Руцкаянын клиптерин бир кылчайып коруп кой нурбексинби дархансынбы и башкасы,,,,,,,,
12.01.2014 06:51
rnurzida
aman94el, Сага кошулам. Юля кыргыз тилинде эле бир жакшына обон созот. "Город 312" тобунун солисти Светлана деле учурунда кыргызча ырдар калчу. Бобков болсо кыргызча туш жоруса керек. Ошол адамдарга наам берип, ыраазычылык билдирсе болот.
10.01.2014. 15:24
 nurkaKg90
Жаккан жок такыр
10.01.2014. 15:39
 zhyldyz_01
Sonun yr eken, ajabai zhakty. Kyrgyzstandyn kelechegi ken buiursa, buga biz ishenebiz. Umutto kelecheke karaily. Alysta zhurgondo Kyrgyzstandy ajabai sagynyp zhurgondo ushundai yrlyrdy ukkanda yilap zhiberet ekensin, sagynychtanby zhee syimyktangan uchunbu bilbeim.
10.01.2014. 17:41
 kanymow
жакшы десе болот
10.01.2014. 17:44
 Real_Madrid95
Азаматсыңар! Эң сонун!
10.01.2014. 18:13
 aura2013
Сонун болуптур
10.01.2014. 18:49
 mahas
Кыргызча орусча аралаш ырлар жакпайт, же кыргызча ырда же орусча ырда да. Нурбек кыргызча уйронсон жакшы болмок.
10.01.2014. 20:20
 aray
Ыр сонун!Чын эле патриоттук сезимди ойгото турган,айрыкча, Мирбек менен Нурбектин ырдагандары жакты.
10.01.2014. 21:23
 leyli00
Кыпкыргызча ырдасанар кандай болот эле кайран гана КЫРГЫЗЫМ
11.01.2014. 01:01
 Serin
Ыр бир гана кыргыздар учун эмес да,буткул кыргызстандыктар учун ырдалып атпайбы.Эн сонун.Азаматсынар.Келгиле тазалыкты комментарийлерден баштайлы.
11.01.2014. 02:29
 miss2014
Дархан жакшы ырдаптыр мага жакты
11.01.2014. 06:48
 azia9393
Дархан жакшы ырдаптыр тиги велосипе айдаган кыз кантет я?
11.01.2014. 09:24
 Real_Madrid95
Мирбек, Дархан, Нурбек, Салтанат, Гүлзада, Аяна. Баары сонун ырдаптыр. Ийгилик силерге!
11.01.2014. 11:43
 saltanat89
jakshy klip boluptur
11.01.2014. 12:42
 kumchik
Азаматсынар!ийгилик силерге,ушундай патриоттук ырларды коп жаратып,элибиздин сыймыгы болуп журо бергиле!
11.01.2014. 12:58
 luchinura
Патриоттугу го жакшы, толук кыргызча ырдашса аябай патриоттук болмок экен э ).
19.06.2014 10:53
Monoldor87
luchinura, Патриоттуулукту башкача тушунуп албагылачы сураныч. Орусчаны да жакшы билип кыргыз тилин мыкты билсен болот. Ошол клиптин мааниси шаардык киргиздер менен айылдык кыргыздардын ынтымакта болуп эки тилди бирге ала журолу оз тилибизди да унутпайлы деп атат. Нурбектин тартылган фонун анан Мирбек менен Дархандыкын салыштырсанар тушуносунор.
11.01.2014. 14:42
 jasmina95
jakshy klip bolgon
11.01.2014. 17:23
 aika_sv
Таланты кучтуу ырчылар экен балдар. А кыздарды тааныбайм жаны чыгып жаткандар го. Жакшы болуптур. Ал эми тил боюнча жогорку комментчилердин оюна кошулса да болот.
11.01.2014. 19:01
 nurel50
Нурбек нацистик кылып койгонго, жок дегенде кайырмасын кошулуп ырдап койсо болот еле
07.09.2014 16:23
Bekish-kg
nurel50, нацист болуш керекда маданияттуу турдо
11.01.2014. 19:52
 lucky_star
Нутбек, Дархан, Гүлзададан башкасы жакпайт и жаккан да жок!
11.01.2014. 21:07
 zeliza93
молодцы...
11.01.2014. 23:04
 Muni-muni
жакшыыыыыы дагы онктуро бергиле онорунорду
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: