Добр, Сапар Эркебаев "Байланыш"
Жанр:Поп
00:03:43
58,1 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2010


Сөзү:Добрдуку жана Нурзада Жолдошованыкы
Обону:С.Эркебаевдики

Мындай нерсе боло бербес ар ким менен ар күндө,
Эгер болсо өңдө эмес, көргөндүрсүң түшүңдө.
Угуп турчу, айтып берем “укпай калыпмын” дебе,
Сен сүйүүгө кабылуунун оңой жолун издебе.
Табышмактуу сүйүү күчү кыйла өйдө байлыктан,
Ал бакыттын жандырмагы табышмактуу салынган.
Сүйүү келет ар адамга ар башкача түрүндө,
Ал сүйүүнү издебегиле, жөн гана күткүлө.
Бешенеңе жазган ырыс өз убагында келет,
Түшүнөсүң аны өзүң жүрөк аркылуу сезип.
Кээ бир адам кээде аны бир көрүүдөн байкабайт,
Көп убакыт бирге созуп сүйүү жогун аныктайт.
Кээде сүйүп калат адам биринчи көз караштан,
Толук мүмкүн ал тараптан көңүл бөлбөй калышка.
Ала-Тоонун ак карындай ак жана бийик жеткис,
Бар сүйүүлөр ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.

Кайырма:
Сен деп жашап, сүйүүгө мен бел байлап,
Жүрөмүн мен сени самап.
Издеп сени, махабат арбап мени,
Бакытыма мен байланам.


“Сүйүү кетип келе бербес, келер анын маалы бар,
Күйүп кайра жана бербес” деп айтылган маалым бар.
Өз ичине өзгөчө бир сезимдерди камтыган,
Ал эсинде кала турган сүйүү деген аты бар.
Абайлагын жабыркаштан ал сүйүүнүн арманы,
Жабыркасаң да адашпа бул жашоонун манызы.
Бул жашообу же тагдырыбыздын табышмагыбы?
Буга окшогон себептердин болду экен кайсылы?
Ал дайыма жылуу жана дайым таттуу сезилет,
Ал капыстан кирип жанга жан дүйнөңдү эргитет.
Эгер кетсе өзү менен кошо алган көңүлдү,
Жеңил эмес ал нерсени жүрөгүңдө көтөрүү.
Өмүр бою кайталангыстай көрүнгөн бар сүйүү,
Көргөндөрү бар сүйүүнүн жалгыз эмес ар түрүн.
Ысык-Көлүбүздөй терең, баалуу эч нерсе жеткис,
Бар сүйүүлөр, ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.
  • Currently 4.92/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (89)

09.06.2010. 10:02
 Акматов
Алга Добр !!!
12.06.2010. 06:18
 dream
Сапарга жарашпай калыптыр,это не его стиль песню даже не хочеться слушать
15.06.2010. 14:05
 honestbek
кызыктырып жиберди кайдан таап коро алабыз?
18.06.2010. 15:05
 Colt45
красафчег Добр, Сапар Пи Дейдиге окшошуп калыптыр
21.06.2010. 22:10
 silkusia
сапарга стиляга болгон жарашат экен
23.06.2010. 07:21
 bekjangold
Сапаттуу клип экен!
23.06.2010. 12:02
 MaRmeLaDka
Жакшы ыр, Сапардын үнү жагымдуу, бийик.Клип боюнча атсам, жакшы кадрларды тандашыптыр,бирок түшүнүксүз.Аягында гана үчөө түгөй экенин билдим.
16.07.2010. 02:46
 Ayima
Dobr super
28.07.2010. 17:18
 Арина
Ыр жакты бирок, сүрөттөрдүн атайын эффектисин ким ойлоп тапса да, такыр жаккан жок. Өзүнчө хаос го...
30.07.2010. 18:39
 Biroo
Лондон-Париж
Жүрөмүн мен сени самап
30.07.2010. 18:40
 Biroo
А так жакшы эле ыр экен.
02.08.2010. 10:55
 Bad boy
sapardin irdagan jeri vashe klasken hip-hop menen R&Bni tushungondor beshti beret. Sapar sen Raliya menen jakshiii bir ritmicheski ozundun stilin menen ele bir R&B irdasanar olot da kalat!
19.08.2010. 00:37
 nejenka
Mikti klip,ir.Azamatsinar.Aldiga jilish baykalat.
20.08.2010. 17:42
 Estekeeff
Отлично!!!!!!super!!!
02.09.2010. 13:41
 safina
Добр менен сапардын уну оригиналдуу, мага экоонун тенундору жагат, сонун ырдашат.
11.09.2010. 15:11
 Konok
Ыр абдан жакты создору,музыкасы,оранжировкасы мыкты экен.Клип"Байланыш"кинонун саундтреки турбайбы жакшы тартылган кино.Бирок Айа озун ролун начар аткарган как актриса не считаю я ее!!!
07.10.2010. 01:17
 zarya
on mne voobshe ne nravitsya!
17.10.2010. 20:06
 bilal
Akilzirek: - nikindi ozgortup alchy, nikin menen kommentaritin top kelbey kalyptyr, jashyn kichinekey je bulardy kyzgangansyn je bolboso -akilzirek- kerek saga. Sapardyn unu kirgiz yrchylary arasynda ayirmalanyp turat, Dobr bolso ozuncho bir talant
21.11.2010. 21:26
 Kesh
Я патриот degen yrdy bilsener kaisyl jakta ekenin jazyp koigulachy. Misaly http://super.kg/media/video/1149/
01.12.2010. 12:42
 Bad boy
ochkichen kiz rovnaya e?
22.12.2010. 00:23
 Romantic
Jigitter iwke jarapsynar,jakwy eken jakty)
15.02.2011. 00:45
 isman1995
добр красавчик
21.02.2011. 18:14
 Nuran
Кайсы кинодон алынган?
25.03.2011. 00:43
 gulzarali
Ыр го жакшы.клип орточо эле.Сапар озундон кетип калыпсын го болбой эле"ЗВЕЗДА"болуп. сага жарашпай калыптыр чындыгында.ушул кыргыздардын клиптери кинолоруна криминал,боевик, аралаштырбай эле коюшса соонун болмок.жарашпайт такыр.мага 5-10жыл мурунку кыргызча клиптер кинолор аябай жагат.
19.04.2011. 17:21
 bekush
журоктон чыккан создор журокко жетет азаматсынар жигиттер силерге ийгилик Добр бул ырынарда болом Манзурага жакты
03.06.2011. 20:42
 adash
супер
13.06.2011. 19:00
 luckyboy
энен!!!!!!!!!!!!!!!!!!сонун клип жакшы ыр
11.07.2011. 15:34
 Marselxx
Лондон - Париж - Ираклий!!!! лажакана - плагиат!!!
13.11.2011. 03:27
 lhl
супер супер супер супер5+++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++
26.05.2014. 18:14
 Bekzhan2012
Лондон Париж деген Ираклийдин ырынын музыкасына окшошуп калыптыр го
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: