Добр, Сапар Эркебаев "Байланыш"
Жанр:Поп
00:03:43
58,1 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2010


Сөзү:Добрдуку жана Нурзада Жолдошованыкы
Обону:С.Эркебаевдики

Мындай нерсе боло бербес ар ким менен ар күндө,
Эгер болсо өңдө эмес, көргөндүрсүң түшүңдө.
Угуп турчу, айтып берем “укпай калыпмын” дебе,
Сен сүйүүгө кабылуунун оңой жолун издебе.
Табышмактуу сүйүү күчү кыйла өйдө байлыктан,
Ал бакыттын жандырмагы табышмактуу салынган.
Сүйүү келет ар адамга ар башкача түрүндө,
Ал сүйүүнү издебегиле, жөн гана күткүлө.
Бешенеңе жазган ырыс өз убагында келет,
Түшүнөсүң аны өзүң жүрөк аркылуу сезип.
Кээ бир адам кээде аны бир көрүүдөн байкабайт,
Көп убакыт бирге созуп сүйүү жогун аныктайт.
Кээде сүйүп калат адам биринчи көз караштан,
Толук мүмкүн ал тараптан көңүл бөлбөй калышка.
Ала-Тоонун ак карындай ак жана бийик жеткис,
Бар сүйүүлөр ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.

Кайырма:
Сен деп жашап, сүйүүгө мен бел байлап,
Жүрөмүн мен сени самап.
Издеп сени, махабат арбап мени,
Бакытыма мен байланам.


“Сүйүү кетип келе бербес, келер анын маалы бар,
Күйүп кайра жана бербес” деп айтылган маалым бар.
Өз ичине өзгөчө бир сезимдерди камтыган,
Ал эсинде кала турган сүйүү деген аты бар.
Абайлагын жабыркаштан ал сүйүүнүн арманы,
Жабыркасаң да адашпа бул жашоонун манызы.
Бул жашообу же тагдырыбыздын табышмагыбы?
Буга окшогон себептердин болду экен кайсылы?
Ал дайыма жылуу жана дайым таттуу сезилет,
Ал капыстан кирип жанга жан дүйнөңдү эргитет.
Эгер кетсе өзү менен кошо алган көңүлдү,
Жеңил эмес ал нерсени жүрөгүңдө көтөрүү.
Өмүр бою кайталангыстай көрүнгөн бар сүйүү,
Көргөндөрү бар сүйүүнүн жалгыз эмес ар түрүн.
Ысык-Көлүбүздөй терең, баалуу эч нерсе жеткис,
Бар сүйүүлөр, ал сүйүүгө эч бир нерсе теңелгис.
  • Currently 4.92/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (89)

30.03.2010. 23:10
 Акматов
Алга!!!
01.04.2010. 19:36
 Wonderfullgirl
Дааа мага жакты клип сонун экен фильмин коргум келип жатат .
18.04.2010. 04:21
 botokoz
господи етого Добра вообще не понимаю ни одна песня его мне не нравиться,ету песню можно послушать ради Сапара, но тоже не удачно получилась, а так голос очень даже ценимый
23.04.2010. 18:02
 andormeda
жакшыыыыыыы ыр киносун коруш керек экен....мага жакты клип
26.04.2010. 16:20
 Bais
Жакшыны жакшы деш керек!
26.04.2010. 17:05
 janulia
soonun!! yr eken negizi Dobr talanttu anan emne ele any jamanday beresiner.
29.04.2010. 10:31
 ulmurat
4e za moda reklamirovat' filmy 4erez klipy? Ya ne s4itayu eto klipom. Gotovye kadry s fil'ma paru effectof i nazyvaem eto klipom. Sovet vsem snimaite sami klipy kak fil'm.
30.04.2010. 06:49
 Acia
Азаматсынар!! Добрдын ырдаганы сонун ачыптыр.!
04.05.2010. 19:42
 Meri
Sapar jakwynakai bolup kalyptyr! A Dobr kak vsegda krasav4ik!A Klip prosto super! Molodsy!
06.05.2010. 16:12
 Asecha
Эмнегедир бул ыр мага абдан жакты. Бир укканда тим эле жуз жолу укчу болдум го, бул ырды. Башка ырлардан ушунчалык таасирленген эмесмин. Суйууну даназалаган сюжетке ырдын тексти куп жарашыптыр. Сонун ыр, сонун клип! Азаматтар!
10.05.2010. 01:56
 sakura
sapar krasav4ik bolup kaliptir go malo4ik.alga
13.05.2010. 12:08
 BOLOTBEK ЧМИ
чын эле ДОБР бир аз ритмге кирип же болбосо ВОКАЛДАН сабак алып койсон СУПЕР БОЛМОК!!!
13.05.2010. 16:51
 maratbek
АЛГА ДОБР
17.05.2010. 11:01
 Baibeshin
Мыкты клиптердин катарына кошсок болот,ырга клип дагы топ келет,Алга.
26.05.2010. 20:58
 gulia
сонун ыр го Сапарды уну жакшы экен
26.05.2010. 20:58
 gulia
сонун ыр го Сапарды уну жакшы экен
28.05.2010. 17:42
 Акматов
салам алейкум нукура кыргыз бала где новые клипы
28.05.2010. 17:45
 Акматов
Добр жакты,а сапар чачын албай элле койсо болмок.
30.05.2010. 11:28
 Даниэль
Саунтрэкпи? Ушундай кино барбы?
Алихандын клипиндеги кыз журот го - Аселя.
31.05.2010. 11:29
 silkusia
Сапардын уну кооздоп кетет экен
01.06.2010. 17:13
 minara
Dobr menen Sapar abdan Jakshy nerse jaratyshyptyr ! ! !
03.06.2010. 23:35
 Mirzat Aytmambetov
Сапар мммыкты ырдаптырсын Добр сени айта албайм
04.06.2010. 11:39
 aha
жакшы тартылыптыр заманга жараша
05.06.2010. 18:20
 Asat
abdan soooonungo
06.06.2010. 16:46
 Roha
Dobr как всегда маанилуу ыр жазыптырсын азамат , Сапар тожэ жакшы !
07.06.2010. 12:31
 Maxalub
Жакты припеви ассобено...Алга
08.06.2010. 19:33
 Сыйкырчы
жакшы ыр экен мага жакты каймасы сонун экен
08.06.2010. 21:57
 Акматов
Бара келди булга да 5 упай!!!!!!!!!!
Добр сен кете элексинби?????????
08.06.2010. 21:58
 Акматов
Но Сапар реально косит под Иракли.
08.06.2010. 22:01
 Акматов
Достор каментарияларга тарынбагыла,а так песня супер желаю успехов и когда будут новые песни?????????7
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: