Айжамал Кабылова "Биймерген"
Жанр:Поп
00:05:09
51,76 Мб
Жүктөлгөн: 23-09-2014


Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз,
Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз.
Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз,
Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз,
Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз.

Кайырма:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди.
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун.
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун.

Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде,
Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө.
Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө,
Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө.
Тулпар деген тушунда кызык ушунда.
Кайырма:

Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге, Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге. Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин, Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин!

Кайырма:

Ала-Тообуз пир болсун!
Атпай кыргыз бий болсун?????
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун.
Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап озгон бий болсун!
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

23.09.2014. 12:18
 AshatMJ89
Жакшы клип болуптур
23.09.2014. 12:31
 alisam
Бийи башкача го, талып сынып эле. Жакшы клип болуптур. Шайлообек Дуйшеевдин ырларын окуп аябай кумири элем. клипке аны тартып жакшы кылышыптыр.
23.09.2014. 13:07
 12.12.12
Ыр жакшы. Бирок бийчилер анын көркүн ача алышпаптыр! Ийгилик.
23.09.2014. 13:07
 elamannn
клип супер ... Жакшы тартылыртыр +5
23.09.2014. 13:51
 Elnuram090
Айжамаал эже азаматсыз сонун озгочо клип болуптур дагы сонун чыгармаларды кутом сиздин ырларыныздын баары жагат унунуз озгочо сизди кумир тутуп чонойгом кичинемде озгочо Замир эконуздордун дуетиниздер аябай жагат кун сайын ошол ырды угам сизге ийгилик
23.09.2014. 13:57
 Jypargul
Эң сонун . Ыр мыкты деңгээлде аткарылган . Айжамал эжем үнүңүздөн сиздин ........ Азаматсыз !
23.09.2014. 15:27
 suyom_seni
Соонун ыр , бий , клип болуптур!)+5
27.09.2014 22:50
Looks
suyom_seni, класссссссс
23.09.2014. 15:27
 gooool
Киного....Сонун Айжамалдын озу жагат............
23.09.2014. 15:47
 Suluwka95kg
азаматсыз Айжамал эже сиздин ар бир ырыныз балалыгымдан журогумо орун алып келет ар бир сиз ырдаган ырды беерилуу менен тажабай угамын
23.09.2014. 17:07
 Samat.A.A
Баары жакшы, карап көрсө бий ырлар клиптер мода болуп жатат, булда элден калбайын дегенго, жакындан бери супер инфого кирсен жалаң эле бий клиптер болуп кетигоо)))
23.09.2014. 17:29
 aleshov.j
Ыр эмес бекен ушул бий мерген.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: