Айжамал Кабылова "Жыпарым"
Жанр:Поп
00:03:35
46,04 Мб
Жүктөлгөн: 26-11-2013


Сөзү:Г.Садыбакасованыкы
Обону:А.Мамадалиевдики

Сүйүүдөн тапкан белегим,
Сүйөнөр тоом, жөлөгүм.
Нур болуп кирдиң сен үйүмө,
Көксөгөн үмүт-тилегим.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Шылдырап аккан булагым,
Жаныма эрмек ынагым.
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп,
Сагынып гана турамын.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Каткырсаң балкып кетемин,
Асманга учуп жетемин.
Булуттай болгон жүрөгүм,
Садагаң болуп кетейин.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
  • Currently 4.62/5
(37 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (69)

27.11.2013. 19:50
 Mulatka_kg
кызы сулуу экен бактылуу болгула
28.11.2013. 04:53
 inet.aidana
Мага жаксан жок!
28.11.2013. 07:04
 rnurzida
Ушул ыры аябай жагат. Уну керемет го!!! Клип да супер. Бактылуу уй-булоонун кожейкеси, уу-кыздын апасы, суйуктуу жар,таланттуу ырчы. Мындан откон бакыт барбы. Коз тийбесин.
28.11.2013. 10:23
 Chynju
Kiliptegi celkinchek ot ele kichinekey bolup kalgango.)))))))))
28.11.2013. 11:15
 jazik.87
Ушундай бактылуу уй-було жонундо кобуроок клиптер жарала берсин, коргон элдин да маанайы которулот.клип жакты, бирок уйдун ичинде тартса андан да соонун чыкмак
28.11.2013. 13:50
 aika0090
у вас прекрасные дети!!! берегите свою семью. ради славы не стоит все разрушать!!!!!
28.11.2013. 14:48
 Aikokul85
Достор Айжамал озбек улутуна турмушка чыкканбы?
28.11.2013 16:11
jypara1415
Aikokul85,куйоосу кыргыз,аты Азамат.
28.11.2013. 15:05
 NADUW
жакшы клип болуптур! пианиноны жакшы ойноптур кыз!
29.11.2013. 12:04
 janno4ka
Ыр менен килип бир-бирине топ келишкен абдаан жакшы болуптур. Клиптеги каармандарга уй булоолук бакыт каалайм.
29.11.2013 14:26
never-cry
janno4ka, kowulamyn senin oiuna abdan top keliwtirip tartyliptyr.voobshe molodes' ona,u menya belyi zavist'
29.11.2013. 15:04
 Dil
Кандай сонун!!!
29.11.2013. 20:19
 mersedes2013
абдан сонун ыр жана мыкты клип болуптур.
29.11.2013. 20:43
 tavsan
en jakshy, ui bulooluk bakyt kaalaim!
29.11.2013. 21:56
 beko-
жандуу ырдай албайт.лучше фонограмма менен ырдасын консертеринде угармандарын жоготушту каалабаса
30.11.2013. 23:48
 Mederina11
И быйтыктар чоноюп калышыптыр,Кудайым омурлорун,ыманын берсин!Клип да ыр да сопсонун болуптур!Ийгилик Айжамал эже)
02.12.2013. 04:01
 tengara
Сооонун ииии тим эле уну укмуш кошулуп алып ырдап ла жибердим....Азаматсын
02.12.2013. 12:47
 aya
Жакшы клип болуптур. Куттуктайм!!! Айжамал жонокойлугу менен жагат.
03.12.2013. 16:37
 aijana_92
Азаматсыз Айжамал эже созоолонткон унунуз эч качан очпосун, жолдошунуз менен бактылуу болунуз жана ушундай уул кыздарды чонойтуп остуро бериниздер!
05.12.2013. 00:57
 Nuriik
бул клип соонун болуртур! ун,макияж,форма,кыймыл баары сонун! просто класс!
05.12.2013. 00:59
 Nuriik
кашы татуаж экен э? кыргыздын ырчы кыздарынын баарынын каштары татуаж
24.06.2014 11:47
tram-lam
Nuriik, кылдан кыйкым издеп туруш керекпи е созсуз? Идеалдуу адамды кордунуз беле, болсо айтыныз биз да коруп бактылуу болуп калалы
06.12.2013. 23:19
 Begai_kg
сонун клип болуптур!
15.12.2013. 04:03
 Mariyana
соонун ыр!кызы милашка апасынын копиясыгоо!
18.01.2014. 09:32
 aikoldar
Бул эми оз оюнча клип экен да. Уйбулолук эле видеону жуктоп коюптур, кичине кооздоп койсо деле болмок экен. Мындай уйбулолук видео ар бир эле семьяда болот, значить ар ким ушинтип уйбулосун даназаласак болот экен. Созу ЭН СОНУН, Уну да СУПЕР, бирок обон бул ырга дал келбейт, бул обон кайгылуу ырларга жараша турган экен.
24.01.2014. 12:56
 eliz-an86
Соонун клип! Кызы папасына баласы мамасына окшош экен.
30.01.2014. 20:23
 azzambek
жакшы чыгыптыр килип
04.02.2014. 00:19
 hakker_a
Мен бул ырга абдан башкача шедевр клип куткон болчумун тилекке каршы андай эмес болуп калды. Бирок ыр уккулуктуу
10.02.2014. 22:43
 naz_chy
ничто так не украшает женщину, как материнство! Все прекрасно! Но я бы не снимала свое счастье напоказ всем....... У нас столько мелких людишек, которые не выносят чужого счастья- "коралбастык", а эта отрицательная энергетика по-любому влияет. Так что берегите и преумножайте свою семью!
24.06.2014 11:48
tram-lam
naz_chy, туура айтасыз
16.04.2014. 16:56
 dinumdinum
Сонун!!!
18.06.2014. 20:35
 TMT
Азаматсыз эн сооооонун ыр.
24.06.2014. 11:43
 tram-lam
Кызы озуно аябай окшош экен))
24.04.2016. 09:20
 guljaz
Ушулардын уйун бузган адам эч качан жакшылык корбосун!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: