Айжамал Кабылова "Махабат"
Жанр:Поп
00:03:39
21,84 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2012


Сөзү:К. Качкынбаеваныкы
Обону:Э.Уметалиевдики

Сабалап сагынганда,
Санаага кабылганда,
Махабат - чоң дайра,
Агып барат сага.
Кымбатым күткөн кечте,
Үмүтүм үзгөн кезде,
Элеси көз алдымда,
Эрмеги түшсө эске.

Кайырма:

Арбап сүйүү-махабат,
Албырып жүз жашарат.
Ансыз адам жашабайт,
Жаштыктын көркү,
Жалыны, өртү!
Теребел да кулпурат,
Бир сага деп умтулат.
Коштоп ырдап аны,
Булбул сайрап,
Бүлбүлдөйт жанып.

Өмүрдүн тирегиндей,
Өспүрүм тилегиндей,
Аруулуктан бүткөн,
Арзып адам күткөн.
Жакшылык илебиндей,
Жалпыга тиет бирдей,
Күткөндөй көктөм жазды,
Сүйүүнү күтпөйт кимдер?

Кайырма:
  • Currently 3.84/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

23.01.2012. 17:01
 tukueva.aigerim
Эрмек от души клипте ойнопсун удачи тебе!Айамал вам тоже!
23.01.2012. 17:45
 aszx
Айжамал ырын сонун озун да жашарып калыпсын сага ийгилик
23.01.2012. 20:41
 jfj
Айжамал жакшы ырдайт бирок, озун аябай чон сезет бир нерсе айтаарым бир ааз жонокой болунуз.
23.01.2012. 23:02
 aziko04
ыр жакшы экен, бирок клипти жакшы ойлоп тартышпаптыр!
24.01.2012. 00:13
 nazi2012
men daje ayagyna chein korgon jokmun.ne interesno:(((
24.01.2012. 02:35
 alinka_
ушул дагы клиппи вообще жакпады ырыда эркелеп озунчо эле болбой калыптыр го
24.01.2012. 14:52
 Шаиста Шатманова
жарымына чейин аран кордум
24.01.2012. 18:31
 OFK
Онорун орчусун синдим
24.01.2012. 21:27
 balia
Анча окшошбой калганго.
26.01.2012. 13:07
 deva
Ыр да, клип да жакпады. Айжамалдын репертуарындагы эн начар чыгарма болуптур. Клиптин сапаты да начардай туюлду
26.01.2012. 17:39
 janetta
Бир да созуно тушунбодум чынын айтсам бирок таасир калтырбады эч кандай!
26.01.2012. 17:58
 Ashan
Тап такыр жакпады ,баары бир Гулшайыр эженин ролу чон экендиги билинип турат ..(((
27.01.2012. 11:16
 beka8585
керек болсо гулшайырды которгон айжамал болду ишинизге ийгилик
27.01.2012. 13:15
 snejinka
созуно обону туп келишпегендей сезилди негедир...клип-тушунуксуз экен. ал эми озу-сонун болуп озгоруп кетиптир.
27.01.2012. 14:00
 maliwka
voooobwe smysl jokko bul klipte. yr emne klip emne? Takyr tuwunyksyz. Baikuw 2 kyzdyn ugrilerin gana tarta beriptir go.
30.01.2012. 16:30
 Eliza2012
Вообще ужас мага жаккан жок что режиссер который снимал.
31.01.2012. 00:52
 baronessa
анча эмес...
03.02.2012. 12:53
 akylbekkg
Клипке катышабыз деп бала менен кыздын кулак мурду аябай ушугон го кызарып калыптыр!
08.02.2012 11:15
Miraika
Эн жакшы ырдагансыз го,клип да жакшы экен?)))
16.02.2012. 18:10
 Gulshanka_8791
Жакшы килип экен аябай жактыы талантынызга таазим
16.02.2012. 18:25
 Gulshanka_8791
бравооо
22.02.2012. 13:13
 nargizka.kg
Ушул менен ооруп журом,азаматсыз Айжамал эже,сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
22.02.2012. 13:15
 nargizka.kg
Супер-Инфо Айжамал Кабылованын Суротуно деген ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч!
Алдын-ала рахмат!
27.02.2012. 08:16
 atambai
кыз бурак тобу гана айжамалды айжамал кылат эле эми агк болуп алышып дайындары чыкпай калды го гулшайыр эженин эмгеги ушул жерден билинет
18.03.2012 01:08
zigana
atambai, Siz kyz burakty kachantan beri taanyisyz? men bul toptu "jan jan"degen yr chykkandan bashtap taanyim.Tak chto Kyz burak Aijamaldy emez,Aijamal Kyz burakty taanytkan.Al ketkenden kiyin kana bir da hit yrlary jokko Kyz buraktyn.
14.03.2012. 18:43
 nnn
Айжамалдын озунун таланты бар, Кыз-бурактын коркун ушул ачат эле уну уккулуктуу!
11.06.2012. 20:09
 Ananasky
Айжамал чыгармачылыка кобуроок конул бурсаныз аябай таланттуу айымсыз , дагы коп ,коп ырлардй чыгарын
05.02.2013. 15:36
 kaiurka
+5
22.07.2013. 02:33
 tokmok1
ыры начар тажатып жиберди 1 ритмде
05.09.2013. 00:09
 kirpik
Гулшайыр эженин эмгеги мн Айжамал болдун да болбосо отуз адырда журмоксун тамеки териип
05.12.2013. 00:49
 Nuriik
айжамалдын оозун эле тарта берген го...эч тушунуксуз клип. буткучо кечке ооз коро берип башым айланып кетти. ыры деле эптеген эле ыр экен.
07.03.2014. 03:00
 aziko88
Негизи Айжамалдын отуз адырда журуп айтканы бар экен,айылдашы мн таанышып калдым,кайсыл жерде ыр болсо мен барам дечу экен азаматсын,уну бар тамеки азыр эч ким экпейт,тамеки тергенине асылбай эле койнула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: