Айжамал Кабылова "Бир өзүң бол"
Жанр:Поп
00:03:54
48,74 Мб
Жүктөлгөн: 18-07-2013


Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики

Бир өзүң бол даба болгон дартыма,
Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма.
Бир өзүң бол жашоодогу боёгум,
Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,
Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм.
Бир өзүң бол оргуштаган булагым,
Мүрөк болуп кандырчудай кумарым,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
  • Currently 4.60/5
(48 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

05.09.2013. 12:48
 anara-anara
Жанымдан артык суйомун сени сонун саптар аябай жакты талантын ташкындай берсин
14.10.2013. 12:27
 aibekkk
Юлдуз Усмоновага окшоп ырдатыр,СУПЕР!!!
23.01.2014 21:09
furkat80
aibekkk, озбектин ырчысына окшобойт кыргыздын ырчысы ошол юлдуз айжамалга окшоп ырдаган
22.10.2013. 15:07
 Aizotako
Сонун клип экен.мага жакты
25.10.2013. 04:49
 turatbekovna81
Айжамал красавица!Азамат да жаныан артык суйот сеееееени!Бизди да жаны жаны чыгармаларын менен суйунто бер!Ийгилик!!!
28.10.2013. 13:17
 Mederina11
Жени узун ак койногу укмуш сонун жарашыптыр,бактылуу болунуздар!
29.10.2013. 13:05
 Ula672112
Айжамал эжелер КызБурактын корку болчу......
01.11.2013. 02:25
 belosnejka1
Жакты! Бактылуу уй було.
05.11.2013. 00:10
 jarkunai
Аябай сонун ырдаптыр! Жакты.
08.11.2013. 14:18
 jypara1415
Мен идеал туткан айым-Айжамал эже!Аябай сонун ырдайт,канча уксам да анын ырларын,тажабайм...
09.11.2013. 18:38
 plus_kg
Москва рекада юлдуз усманованы уккансыдым
09.11.2013. 18:41
 plus_kg
жакты, онорунузго ийгилик
10.11.2013. 23:48
 SOLITARY
Байкебиз коооп суйлойт окшойт да..Айжамал молодец баардыгын клиптин аягына чейин укту окшойт..сюжети такыр жаккан жок
21.11.2013. 01:08
 azamat94a
жакшы ыр алга айжамал
25.11.2013. 15:05
 sanya
айжамал куйон озбекке окшош экен теги озбек эмесби бактылуу болгула
23.01.2014 21:10
furkat80
sanya, озбек эмес озунун эле жердеши мен тааныйм буларды
26.11.2013. 13:01
 patma.mahmud-kyzy
Уну укмуш да, чиркин соонун ырдаптыр уну абдан дал келген супер!
11.12.2013. 13:30
 Asus84
ай ий оло жакты куйосу да сонун тартылыптыр го азамат талант бар экен артистин куйосу да
12.12.2013. 23:04
 shum-16.92
jypar1415 а мен идеал туткан айымым менин жубайым, аты Зари-Н-А
13.12.2013. 18:28
 madina.00
Золотой голос - Айжамалга тиешелуу!!! Соз жок, супер!!!
15.12.2013. 18:20
 Rabiga
мага жагат ушул ыр...
Айжамал жакшы ырдаган
16.12.2013. 01:29
 ulik.2014
Чынында абдан жагымдуу ырдаптыр клибида сонун чыгыптыр. Суппер!!!
17.12.2013. 12:07
 kenen
очкиси аябай жагатта.
23.12.2013. 02:02
 sagyz
клааааааасссссссс
13.01.2014. 22:39
 maybach87
Ыр да, клип да жакшы экен
15.01.2014. 18:07
 Jaku25
Айжамалга чачын ойдо туйуп же байлаган сонун жарашып и жаш корсотот экен,калганы сонун
15.02.2014. 16:48
 sultansha
она просто шикарна))
28.02.2014. 22:16
 AGENT2014
соонун ыр мага аябай жакты)))
08.06.2014. 22:58
 zhookaev
унун абдан жагат жакшы чыгарма
25.07.2014. 23:57
 Boss_Boss
унунуз аябай жагат.ырды берилип ырдаптыр.жаны ырларынызды кутобуз алга айжамал эже
10.10.2014. 17:05
 Jaliwuud.2011
мага арнагандай эле болдун Айжамал. спс
19.07.2017. 18:26
 BubleGum
sonun ir...ajiratip tiniwti_:'-((((
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: