Айнура Салахидинова "Арзуу ыры"
Жанр:Эстрада
00:03:59
23,15 Мб
Жүктөлгөн: 18-05-2009


Сөзү:Элнура Акимжанованыкы
Обону:Нарынбек Калыбаевдики

Тынчтыкты көксөп,
Ар намысы чуулардай.
Тынымсыз чуркайм,
Ойлордун чексиз торунан.
Тыгылып батпайм,
Түбү жок кенен ааламга.
Тынчы жок сүйүү,
Оорудан качан арылам?

Кайырма:
Тар болуп дүйнөм,
Териме батпай баратам.
Телмире тиктеп,
Жолумду теше караган.
Тесмедей тизип, сүйүүнүн нурлуу сөздөрүн.
Көзүңө карап айтуудан неге айбыгам?

Карааның жоктоп,
Издеймин ири кадамдан.
Көөдөндү жарат,
Кусалык менде буулуккан.
Издесем таппайм,
Келсеңчи менин жаныма.
Кайгы кат сүйүү отунан качан арылам.

Кайырма:
Тар болуп дүйнөм,
Териме батпай баратам.
Телмире тиктеп,
Жолумду теше караган.
Тесмедей тизип, сүйүүнүн нурлуу сөздөрүн.
Көзүңө карап айтуудан неге айбыгам?
  • Currently 4.31/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (40)

18.05.2009. 11:01
 Кука
жакш, мага жакты.ийгилик.
18.05.2009. 13:56
 ХАНЗАДА
Баш-аягы жок клип экен. Ыры да анча жаккан жок.
18.05.2009. 18:08
 tinatern
Жакшы ыр экен. Жөнөкөй бирок жагымдуу. Бир гана кыздын кийими жаккан жок.
18.05.2009. 18:15
 Шаиста Шатманова
Биздикилер качан жасалма суйлогондон арылышат? Кино корсон, анда деле суйлогону жасалма, клип корсон клиби да.
18.05.2009. 19:32
 Кокаин Марихуанович
клип - 2
ыр - 2
мындай сулуу кызга мундуу ыр жарашпайт экен
18.05.2009. 19:41
 esperansa
ujas....bul yrdy daundtrek kylyp berbedi bele "Unutalbaym" peredachada....
18.05.2009. 22:47
 лунка
жакшы ыр экен бирок бул кызды тааныбайт экенмин
19.05.2009. 00:39
 talant
jakshy ele yrdaptyr !

Ainura igilik
21.05.2009. 10:33
 Барби
айнура унун сонун экен. клипте аягы жоктой сезилди.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: