Тата Улан "Баары бир"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:26
54,29 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2009


Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы?
Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы?
Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы?
Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы?
Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы?
Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы?
Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды,
Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды.
Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон,
Касиетин жоготкондор саман-саман толгон.
Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон,
Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн.

Кайырма:
Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир,
Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир.
Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир.
Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир,
Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир.
Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир,
Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир.

Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы?
Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы?
Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы?
Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды.
Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы?
Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы?
Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы?
Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды!
Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык,
Акча жуучу кир машине Мексика шайландык.
Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык,
Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык.

Кайырма:
Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр,
Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр.
Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр,
Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр.
Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн,
Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн!
Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн,
Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң?
Элин баккан жигиттердин казынасы толсун,
Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун.
Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун,
Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
  • Currently 4.71/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (111)

04.07.2009. 07:02
 Дюймовочка
Ыр эн жакшы +++5
04.07.2009. 15:38
 МАЛЫШ
Молодец Тата Улан,талантына баа бердим.
05.07.2009. 04:25
 Даниэль
противный голос у него.
06.07.2009. 22:49
 timoshek
yildiy karap oto albagan kozdor...
14.07.2009. 11:23
 Dilnura
мага дагы жакты. ак соз, ушул ырды кобурок угалы .
21.07.2009. 02:28
 almasbek
азаматсын кайра-кайра укса болот
23.07.2009. 13:27
 ИнА
Тата улан потриотмун деп эле каалаган создорду айтса баары бирби андай болбойт ойлон иним!!!
30.07.2009. 10:32
 kom
Ырдын мааниси мага жакты.
30.07.2009. 12:14
 step
Тата Улан накта ырчы,албетте ТАТА
06.08.2009. 01:19
 akiykat
Ulan maga da chin jurokton baari bir
07.08.2009. 16:58
 ryzhak
Соонун идея + соонун ыр = соонун стилдеги клип!
07.08.2009. 22:19
 Kgbek
Тата Эркек экенсин! Москва
10.08.2009. 15:26
 МАЛЫШ
Красава Тата!!! Ийгилик!
12.08.2009. 23:39
 Antisart
Кичинекей балдар бандит болуп ойнойтго! ошого окшошуп калыптыр
15.08.2009. 13:22
 Antisart
Ырдын Мааниси Шикарный! бирок мотивин бирас жакшыртып хит кылып койсо болмок!
16.08.2009. 01:21
 Antisart
Ыссыкколду укканда кан кайнап кетти!
16.08.2009. 16:16
 almazi
тата алга,,
17.08.2009. 13:18
 МАЛЫШ
Антисарт сен ырын уксан болмок,суротун корбой.
23.08.2009. 17:55
 ero prarab
Тата Улан балли жакшы ыр .бирок шашылбай реп окусан боло.Киргиздер тушунбой калат!!!
24.08.2009. 03:32
 Ulugbek
Ыр СУПЕР!!!
Кимге жакпаса - Мага БААРЫ БИР!!!
:)
26.08.2009. 15:04
 МАЛЫШ
Ушул Татанын ырларынын мааниси терен
02.09.2009. 12:09
 bosia
Азамат ушул Тата улан
02.09.2009. 15:25
 moor
мм аябай маанилуу угуп эле олтургун келет...бирок деген жери бар эмне учун жузун бекитип алган кызык(((бир чети кулкулуу кээ адамдар коруп аябай кулушсо керек
03.09.2009. 18:50
 Kolyan
Мага да жакты
10.09.2009. 22:14
 Женижок
бетинди коргозчу доске озунчо эле зорро болбой!!! кой десе зорро болуп алат атак тамаша досум ойуна алба бойуна бутот.
15.09.2009. 13:31
 asylaika
мааниси жакшы ыр окшойт клипти да бир идеяны элге жеткиргиси келгендей ойдо тартышыптыр.
22.09.2009. 00:35
 alikbek
СУУУПЕЕЕРРР!!!ДАЙТЕ ЖЕ СКАЧАТЬ НУ ЧТО Ж ЭТО ТАКОЕ?ОШИБКА КАКАЯ ТО.не пойму там написано "кочурууго мумкун"если не ошибаюсь то можно скачать его себе на комп?или что?кто нидь может обьяснить?
22.09.2009. 09:30
 info
Эгерде кочпой жатса компунузда Flash Player жок болушу мумкун.Анан firewool коюлса да көрсөтпөй калышы мүмкүн.Катасын толук жазганга аракет кылсаңар толук жооп жазганга аракет кылабыз.
25.09.2009. 01:10
 Japalak
Bul irdin saiasi maanisi abdan jakshi eken, nakta Kirgizdardin azirki jashoosun beriptir: migranttardan tartip, svet ochurgon problemalardi kotoruptur. Okmot ohsentip kozun jaap alip baarina baari bir degeni okshoyt. El dagi kozun jaap alip ushundai okmotko baari bir degendei bolot.
28.09.2009. 12:39
 info
Бул катаны чукул арада жок кылууга аракет кылабыз...
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: