Тата Улан "Карындаш"
Жанр:Рок-музыка
00:04:06
81,69 Мб
Жүктөлгөн: 21-02-2011


Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы

Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тыптынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу, чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги?
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып, уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
“Өзүм түзөм, өз жашоомду”,
Деп кыйкырып качты.
Мени түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
“Билем-билем” дедиң сен.

Кайырма:

Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан?
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
“Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң,
Күйүп кеттиң, кор болдуң.


Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп, жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
“Не болду?” деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Дене боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы, бечара?
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы, таптаза?
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң,
Не көздөдүң бул жолду?
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдүү.
Не кыл дейсиң, азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алпарган.
Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо, шайтанды карачы,
Чаташтырган, ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Cактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың энекеңди,
Билем-билем дедиң сен.


  • Currently 4.46/5
(39 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (127)

08.06.2011. 23:07
 Balamir
Jigitti jamandai berbegile omoi.. al menin klasstash dosum.
11.06.2011. 01:38
 boke
tata sen kilip tartpai ele koichu suranam oooto jaman kilip yr jakshy kilio tartpa saknada yrda dein desem saknada da yr dai albait ekensin kordum tursiyda saknada yr dapsn kyrgyzdyn yrchlarn uiat kldyn
13.06.2011. 08:14
 Partos
Салам из Португалии и клип хороший и песня просто супер.Все прекрасно сказано надо понять этим девченкам из Европы но им это не понять.Кыргызстаным мен сени суйом скоро буду дома).Песня просто класс!!!Тата Улан молодчик!!!
13.06.2011. 20:44
 Doke
kyzda akterduk talant bar,birok klip baaaryn buzup koigon.Tata Ulan baykeden bawka4a klipti kutkom,atttin....
14.06.2011. 12:05
 aijanasan
эн соонун клип 5
15.06.2011. 08:26
 bekjangold
Ушул сыяктуу ырлардан кобуроок чыгарса жакшы болмок! А бирок мага деле баары бир!
16.06.2011. 11:58
 kizil
ir jakshi soz jok klippp ancha emes
18.06.2011. 23:50
 mikola
klip, pochemu to snyali tupa, ssenariy vzyali prosto iz teksta pesni, naprimer, "bilem bilem," i tam ona krichit toje samoe, eshe kizil otuk kiygen, a tam devushka shagaet v krasnih sopagah, oochen primetivno, nado bilo nemnojko fantaziyu fklyuchit, i dobavit v klip bolshe intrigi.. a tak eshe primer, eto menya voobshe ubilo, videli kak tata ulan shel za devushkoy, ona idet tiho, on pochti bejit, kuda smotrel rejisser?
20.06.2011. 20:22
 danforlife
клип абдан жакшы болуптур
28.06.2011. 10:43
 argen
Кайсы КТРшик тарткан?
30.06.2011. 01:07
 rikonai
Тата Улан красавчик только вперед
01.07.2011. 21:49
 semmak
Уландын ырлары мыкты, создору даана заманбап турмуштан алынып жазылган. Бирок клип анча эмес болуптур
04.07.2011. 20:50
 Ruzanna
ты супер
05.07.2011. 01:00
 kadyrov
вперет тата улан
05.07.2011. 05:03
 KazarmanskiyDok
Мазмууну терен елге жеткиликтуу болгон,оронжировкасы абдан жакшы $UPER!!!
16.07.2011. 18:39
 liza0904
просто супер!
21.07.2011. 16:55
 SHAMAL
ПЕСНЯ ЧЫН эле Ыр а вот клипец пипец можно было посторатся но хотя слышал что Тата сам снимает себе клипы сам себе спонсор и режиссер ... наверно денег не хватило идея хорошая снято так се... итог 3+ а так тата не обижайся если че я твой фэн
24.07.2011. 20:18
 Sub4ik_BrataN
Super
25.07.2011. 22:38
 monchok
клип эн жакшы ыры созу абдан маанилуу 5сага Тата
26.07.2011. 17:48
 Lada
Тата улан башкага акыл уйротконду коюп, озун ондоп алса болмок. Укмуш клип деп айтпайм, анан да тимеле сулуу кыз издейм деп бир жыл журбоду беле клибине тартканга.
02.08.2011. 19:16
 RossiKG
Тата Улан - Азаматсын!
28.09.2011. 16:25
 lidia
molodec!!!!!
04.10.2011. 09:57
 maks2890
супер клип просто нет слов
13.10.2011. 01:52
 sayankg91
тата улан эмнеге зле козун жаап алат десе корсо кооп карызы бар экен анан толош учун бетин уялганынан жаап алыптыр ха. ха ха ха ха тамаша
04.11.2011. 04:52
 soltonjan
5
17.12.2011. 06:50
 bapa
респект
30.12.2011. 11:58
 Sher.83
так держать
09.05.2012. 17:51
 anteya
Тата Улан, ырында ал бетте чындык бар, бирок эмне учун кызды энесине ушунча ажылдатып койгонсун! Кыргыз кыздар энесине мынча кыйкырбайт, кудайды карап тартсан боло. Кыргызстанда жашаганын аз эле болуптур, билбейт окшойсун, кыргыздар балдарын биринчиден улууну сыйла, улууга кайаша айтпа деп тарбиялап келген. Оруска окшоп ата-энесин сен дебейт! дагы бир нерсе, грубовато и агрессивно! бираз азайтчы ушуларды, чаап алчудай болбой.
15.05.2012. 17:36
 sniperkg
КАЙСЫ КТРшик тарткан чын эле))))
17.06.2012. 11:42
 li_narko
аябай мазмунду ыр алга
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: