Тата Улан "Ыйык көл"
Жанр:Рок-музыка
00:03:51
48,22 Мб
Жүктөлгөн: 16-07-2014


Жарык жарып көлдүн жээгин,
Ыйык көлүм, кетирбегин.
Нур толтуруп суунун жээгин,
Топ булутту келтирбегин.
Чалкайсынчы төрүң,
Эс алдыргын, кейитпегин.
Чайпалсынчы көлүң,
Жай майрамдан кетирбегин.

Кайырма:
Көл кайнап,
Көк чапанын жамынып.
Шарпылдап,
Жээкке толкун чабылып.
Бир сүрдөп,
Асман жарып чагылган.
Жай гүлдөп,
Ыйык көлүм чакырган.

Көк көзүм сени карап,
Кучагыңа жайылды.
Ээ-эй, жаным көлүм,
Сени жүрөк сагынды.
Ак кеме көлдө сүзүп,
Жалдырата каратты.
Ак чардак тентектенип,
Жайып жүрөт канатты.
Көз салып күтүп жүрөт,
Секирет деп балыкты.
Ээ, кандай сонун,
Тосуп алат табият.
Таптаза болсо,
Кучак жайып кубанат.



Ээ, досум, айтып кетем,
Өз жериңди сыйласаң.
Жердеги таштандыга,
Жаның күйүп ыйласаң.
Сактайлы көлүбүздү,
Бабалардан калганы,
Өз жерибизге,
Кайдигерлик кылбайлы.

Кайырма:

Телегейиң тегизби?
Айкөлдүгүң негизби?
Кылымдарды карыткан,
Сен баатырсың, негизи.
Сенин ханың Манас хан,
Кыргыз үчүн кармашкан.
Каркыра жайлоо ээлеген,
Элге керек жер деген.
Ыйык көлдү көлүм деп,
Кас душманга бербеген.
Кыргызга деп мөңгүнү,
Өз мекенин бектеген.
Тоолуу жердин ортосу,
Ыйык көлдүн ордосу.
Чындап эле ыйык көл,
Болгон экен мурда чөл.
Чөл үстүндө бир шаарды,
Катып алган ыйык көл.
Ыркы кеткен бир калкты,
Каптап алган ыйык көл.
Ала-Тоо, тоолор курчаган,
Бабаларың тандаган.
Ушул жериң сеники,
Мен кыргызмын, меники!
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (49)

17.07.2014. 01:06
 gul-bek
Тата Улан агабыз патриотко ундоп жаткан талантуу адам... Азаматсыз мыкты жигитсиз...дагы коп коп кыргыз элине бологон Ата-мекенге болго суйууну дагы кучото берениз...Дагы жаны чыгармачылыгынзды кутобуз....
17.07.2014. 08:26
 TolonturCN
Азаматсыз! атты жорголотуп бастырып ырдаган саптары эң күчтүү, жүрөктү дирилдетет. ар бир кыргыз Манас болушубуз керек ошондо бөлөк элдин жакшы сапаттарын айта бербей өзүбүз дүйнөнүн алдынкы эле боло алаарыбызга шек жок. ийгилик!
17.07.2014. 09:28
 Arti
Алча клип болуптур. Боло берет. Жоктон коро жогору.
17.07.2014 14:54
Altysh_Boldush
Arti, маниси терен тушунбосон боло беретда сана. бир бололу ымакта колду таза кармайлы деп жатпайбы корсотуп.тушунсон
20.07.2014 05:19
kg_07
Arti, senin kommentinden ele kandai adam ekenin korsotup koiuptursun! akirki ubakta korgon klipterdin en jakwisi dep oiloim
17.07.2014. 09:33
 Kamolovna
сонун ыр болуптур, клипи да аябай маанилуу. Тата Улан ушундай ырларын коп чыгарып элге тартуулап турса бат баттан. Ырлары адамды ойлондоруп, куч кубат берип, жакшы сезимдерди калтырат. Ийгилик сизге урматтуу автор.
17.07.2014. 09:45
 Kamolovna
Телегейин тегизби? айколдугун негизби? Кылымдарды карыткан сен баатырсын негизи! ... Ушул жерин сеники, мен кыргызмын меники! эххх кандай гана создор. Идеалогия нации!
17.07.2014. 10:12
 Asloo
Так маанилуу тунук тушунуктуу .........
17.07.2014. 10:21
 mamyt_92
Ушул жерин сеники, менда кыргызмын меники, таза сактап урпактарга берели
17.07.2014. 13:02
 Айдай
мыкты клип экен, алга Тата Улан
17.07.2014. 13:40
 bektur12
Jakshy yr klip boluptur! Tata ulan shynygy mekenchil jaran bar bolunuz.!!!
17.07.2014. 14:02
 peri-jan
soonun klip da yr da +555 degen baa
17.07.2014. 14:40
 nurando
Созундо маани жок клип жакшы
17.07.2014. 16:26
 Aika0812
Соонун коп тармактуу мааниге ээ ыр жана клип болуптур. Тата Улан азаматсыз баракелде!
17.07.2014. 21:24
 sumaya90
Аябай соонун ыр ото маанилуу.Чындыгында журокту титиретип жиберди.Бар жиниттерибиз ушундай партриот болсо гана.
17.07.2014. 23:38
 aqua-94mema
тата улан ен мыктын да озу .. ачык соз анга кирет дегендей татауланды кобу жаман корушот .. бирок бул ен бир керектуу создорду айтат дайым
18.07.2014. 00:46
 jigitaly
Azamatsyn brat
18.07.2014. 05:16
 belosnejka1
Чыпчынында супер!
18.07.2014. 09:27
 Нуркыз Курманбек кызы
Аябай жакты... Заманбап стиль менен ата-бабалардан келген сонун терен маанини чагылдырган, тупку мааниси коодонду жарып чыккан тилекти камтыган, терен ойлонтурчу ыр болуптур. Клип дагы мыкты!
18.07.2014. 18:42
 Aipri
Соонун болуп Улан байке. Мага жакты.
18.07.2014. 21:47
 kuba7888
Молодец
19.07.2014. 21:18
 dastan_nookat
Супер клип!!
20.07.2014. 03:03
 nurchik93
соз жок супер!
20.07.2014. 03:59
 Alesya95
Азвматсыз Тата Улан!Ыйык колубузду таза кармайлы туугандар...
21.07.2014. 17:15
 kona_bmw
Эркек Тата Улан! Ийгилик ! Аллах жардамчын болсун!
22.07.2014. 00:35
 ALAi..14
Эн сонун ийгилик дагы сонун ырларды жаратышынызга тилектешмин ж.а ишенем,талантуу ж.аж эн мыкты ырчы Тата Улан
23.07.2014. 00:37
 alai.gulcha94
Жакшы патриоттук ыр болуптур
30.07.2014. 15:32
 halkan85
Soonun klip. maanisi da oto teren.Barakelde Tata Ulan. (maanisin tuwunbogondor ozunorgo ozunor suroo bergile emnege tuwunboi kaldym dep )
12.08.2014. 03:08
 Sapaev
Жакшы ырдаса болот еле емне уят
27.10.2014. 13:26
 Sezim_88
Көчүрү мүмкүн болбой жатат себебин түшүнөй жатам?
27.10.2014 13:36
admin_media
Sezim_88,
Саламатсызбы! Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
23.02.2015. 03:25
 Orozbek.kg
Тата Улан азаматсыз ийгилик сизге !
07.03.2017. 22:59
 qwert123
Тата Улан нукура Кыргыздын азаматы ишине ийгилик ушунунан тайба Колдуктор сени дайыма колдойбуз Караколдон салам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: