Тата Улан "Не керек?"
Жанр:Рок-музыка
00:05:36
86,5 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011


Бир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо?
Атасынын машинеси,
Фаап-фаап жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
"Урганым жок" дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо-толо калп достору,
Кана, мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Дискоклубда шагырашып,
Шайтан үйү. Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйрү.
Төштү ачып, кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
"Современный" деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай, кыргыздар, ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз- жигиттер,
Тантырашат орусча.
Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет, балдарга?!
Билим сатып, бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып "мырк" дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың "мырк" дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды "мырк" дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдигер боло албаймын,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?

Кайрыма:
Кыргызыма не керек?
Мусулмансың, дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек, күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!

Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн "Эркиндик".
АКШнын "Эркиндиги",
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек-башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы "Эркиндик"?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип, жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагынан карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн СМС.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан?
Ак ишине, ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап кийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк?
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак-төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп, айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, бир энең!
  • Currently 4.71/5
(76 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (153)

19.10.2011. 12:57
 narke1812
азаматсын татка
30.10.2011. 00:27
 Aybekk
азаматсын тата улан.!!!
08.11.2011. 09:09
 Beka
Азамат! Туура айтат!
13.11.2011. 01:33
 simple_girl
azamatsyn Tataulan,seni daiyma koldoim,uwuga okwogon yrlardan koburook ele 4ygaryw kerek, anan radio tv lerden koburok beriw kerek.
13.11.2011. 19:26
 maku1986
кобунчо кыргыз балдар кыздар интернетке отуруп суйлошуп калсан дагы орусча суйлошот ал эмнеси билбейм кыргыз болгондон кийин кыргызча эле суйлошпойбу туурабы ал озун шаардык сезгени болуш керек
17.11.2011. 13:30
 sashabek
Азамат эн жакшы
15.12.2011. 20:40
 amantur
"Элди каргап жасалганбы,Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,Терс көрүнгөн "Эркиндик"."
Эң кызыгы эстеликти алмаштырышты бирок башка көйгөйлөрдү ойлоп да койушпадыокшойт аткаминерлер...
15.12.2011. 20:59
 bakyt_kg
ушундай маанилуу ырларды жаратабер ишине ийгилик
25.01.2012. 17:12
 beka8585
сонун ыр экен
22.03.2012. 20:34
 Tentek345
чынында кыргыз учун куйгон жигит да озу
19.04.2012. 09:10
 miniusha
Бир ыр менен бут чындыкты айтып салды.Сонун ыр.Орусча суйлогондорду мырк деп жатса неге орусча билдируу жаздынар,тушунбодум!!!чыныгы патроиот деп билем мен ТАТА УЛАНДЫ!!!
20.04.2012. 10:55
 sogdi_1991
Тата Улан азаматсыз, сиздей патриот эркектер коп болгондо Кыргызстан 20 жылда бутуна турмак, РАХМАТ сизге!
21.04.2012. 16:09
 BarsbekKG
rahmaat Tata Ulan chyn juroktoon ishinee iigilik !!!!
23.04.2012. 16:56
 --aku--
Azatsynyz.Kyrgyzgyn baardygy sizdey bolu oylonso gana.
24.04.2012. 16:24
 smailik
Мырк дейт дегенин угуп алып боорум эзилип калды хаха
08.05.2012. 12:20
 Iboo
Сен тазасын !!! Мен таза
08.05.2012. 13:10
 beka92
кыргызыма не керек акча керек пул керек
09.05.2012. 20:58
 azka_zoo83
алга тата улан
14.05.2012. 23:16
 chika95kg
azamat
15.05.2012. 04:25
 
Азамат!!!!
22.05.2012. 20:08
 bosia
Menin oiumcha sizdei bolgon biroo bolushu kerek, koomdogu bolup jatkan nerselerdi achyk, korkpoi aita ala turgan. Kosh koldop, eki buttap koldoim sizdi! Alga akyryn jyla beriniz!
04.06.2012. 16:08
 Sweet92
Tata bolgonun aitat al patriot.Myna erkindik simvolun srazu almawtyrywpadyby,Azamatsyn Ulan myndai yrlardan kop kop 4ygaryp yrdai ber owondo onugobuz.
07.06.2012. 19:32
 nnbek
+1000000
07.06.2012. 21:10
 pitbul.t91
рахмат ушундай ырчылыларга
12.06.2012. 14:26
 baktybaevih
азаматсын тата чыгармачылыгына ийгилик
05.07.2012. 18:51
 dastan12
тата-улан азаматсыз
06.07.2012. 23:52
 Amigo17
Улан туура айтат мырк тууралуу.............
21.07.2012. 11:51
 mcmara22
tata ulanga sin pikirler aitypsinar birok maselenin jalpisinan alyp karaganda tuura aitkan men koldoim
24.09.2012. 16:56
 Нургуль
молодец Татушка сага ийгилик!
09.03.2014. 23:18
 maks14
479 таза чындык ийгилик
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: