Тата Улан "Баары бир"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:26
54,29 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2009


Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы?
Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы?
Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы?
Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы?
Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы?
Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы?
Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды,
Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды.
Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон,
Касиетин жоготкондор саман-саман толгон.
Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон,
Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн.

Кайырма:
Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир,
Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир.
Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир.
Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир,
Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир.
Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир,
Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир.

Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы?
Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы?
Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы?
Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды.
Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы?
Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы?
Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы?
Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды!
Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык,
Акча жуучу кир машине Мексика шайландык.
Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык,
Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык.

Кайырма:
Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр,
Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр.
Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр,
Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр.
Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн,
Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн!
Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн,
Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң?
Элин баккан жигиттердин казынасы толсун,
Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун.
Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун,
Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
  • Currently 4.71/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (111)

26.05.2009. 12:45
 azaika
Мага деле чын журоктон баары бир :)
жакшы ыр экен, мааниси терен ыр экен
27.05.2009. 10:49
 kanyshay
Тата Улан молодец! Сенин дагы талантын осуп оркундой берсин! Азаматсын! Сага окшогон оригиналдуу патриоттор аз кездешет!
27.05.2009. 10:50
 kanyshay
Кийинки клибинди мазмуну менен кылсан, менимче кызыктуурак болот!
29.05.2009. 09:34
 bokonbaevskiy
Козун жапкан себеби, биздин эл сокур, карангыда журот дегени:)
29.05.2009. 09:59
 bokonbaevskiy
Мына Тата Уландын
интервьюсу
http://www.presskg.com/obon/09/0505_2.htm

Ал жакта маскасына кызыккандар учун жооптор бар
29.05.2009. 17:31
 newman
Оор турмушту Ханга шылтап конгонубуз баары бир... Демек куноо кимде? Бизде...
01.06.2009. 11:22
 Marat Musabaev
Бут баарын ыргытып устуканды ыргытпай койдун да Аны да ыргытсан болмок курсагым ачып турат
01.06.2009. 11:25
 Marat Musabaev
Сага баары бир болсо
Мага баары бир болсо
Коомго да баары бир
Марат Мусабаев.....
02.06.2009. 20:05
 Roha
Азамат Тата Улан
03.06.2009. 13:15
 dobrajelatel
Уланга дайым эле баары бир. Ким кошулат?
05.06.2009. 18:11
 ryzhak
Жаштын көбү үн чыгарат эле, просто эч ким укпайт. Бүт кайдыгер! Клип болсо оригиналдуу, Тата Улан клиптерине стиль тапты го дейм, ыя?! Сыйлайм, кыргыз үчүн күйгөндү!
11.06.2009. 00:58
 KYRGYZ KULunu
Azamatsyn,men saga ishenem, alga kyrgyz rebin kotoro ber.Super.
11.06.2009. 14:03
 Сыйкырчы
сонун сонун сонун жана эн сонун
11.06.2009. 21:13
 snnt
Мага да жакты, аябай маанилуу ыр экен.
так что мага да баари бир... жакшы мааниде
12.06.2009. 07:48
 alga
en jakshy!
12.06.2009. 19:24
 kyrgyzbala
Азаматсыз Улан байке, Талантынызга таазим этем, ар дайым кыргызды которуп, турмушубузду чагылдырган ырларды ырдай бериниз!!! Жараткан эч нерседен кем кылбасын, Тилеген ой максаттарыныз ишке ашсын. Апанызга куйумдуу перзент болунуз. Алла ыраазы болсун
13.06.2009. 11:13
 Jizusa
Maga baary bir emes, a tak ;) Aiymdar jana myrzalar aldynyzda triller kyrgyz4a variant "Zorro", kelip konyl a4yp ketinizder, 6utka, mne on nravitsya po4emu-to, hotelos' by posmotert' na nego, otroi li4iko, please??
13.06.2009. 12:28
 DaniMiX
РЭПтин мааниси аябай жакшы! Башынан аягына чейин патриоттук маанисин жоготпоптур! Тата Улан - ЭРКЕК!
13.06.2009. 13:13
 kyrgyzbala
http://files.mail.ru/UYT8G8
Бул жерден Тата Уландын mp3 Форматындагы ырын ала аласыздар
13.06.2009. 18:29
 Кыргыз Жигит
Супердин жетекчилери, силерден сураныч, клипти кочуруу мумкун кылып коюнузчу
13.06.2009. 19:51
 akiykat
Tuura aytasiz, maga da chin jurokton baari bir!!
14.06.2009. 02:32
 Кыргызкритик
Дерзкие слова, однако! В наше время надо опосаться высказывать мнения...
15.06.2009. 21:23
 delfin
Маскан да дагы сонун, клибин дагы сонун.
А так бааары сонун. А ырдын тексттин тушунбомуш эле болуп коёюнчу.
16.06.2009. 03:51
 adilbek
Бийлик,Саясат, Миграттар жонундо камтылыптыр!
Азаматсын,масканды чечпей иштей бер!
ТАТА!
16.06.2009. 20:39
 ХАНЗАДА
Ырын жакшы эле экен. Бирок бет кабын журокту кысып жиберет экен.
18.06.2009. 11:23
 ABU
Азамат ТАТА!
KG'де болгон промлеманы бир ыр менен айта салыптыр!
23.06.2009. 20:57
 Кокаин Марихуанович
а дейсинер бу дейсинер ТАТА УЛАН менен ДОБРдай мааниси терен,жакшы,патриотизмди ырдыган бир ырчы жок!
ит уро берет кербен журо берет ...АЛГА!
27.06.2009. 21:59
 timoshek
Alaylik jigit brat emne kylat eleniz? alailyk jigitterden izdep jatasyzby? bratest ushintip suilogonunuz adamdardy ancha dele syilabait ekenizdi bildirip jatasyz... kai jaktan kelgeni emes menimche yrdagyna karap urmatasak emne deisiz?
kechiriniz sozum katuu tiyse...
28.06.2009. 15:50
 adilbek
Улуттун кызыкчылыгына туура келген ыр!
Эн сонун клип!
01.07.2009. 13:31
 Kyjal
Kee bir klip tuuraluu nachar dep shasgandarga aytaar elem, menin ojumcha,klip en originalduu bolgon, bashkalardykyna okshosh emes, surotun ele korboy, sosun da uksanar,en ele kysyktuu bolot.Tipichnyj bisdin shashoonu chagyldyrgan, kochoodo, tamy tushup kalgan ujdo tartylgan klipterge karaganda ushunday shakshy go? Maga abdab shakty.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: