Тата Улан "Баары бир"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:26
54,29 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2009


Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы?
Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы?
Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы?
Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы?
Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы?
Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы?
Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды,
Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды.
Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон,
Касиетин жоготкондор саман-саман толгон.
Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон,
Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн.

Кайырма:
Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир,
Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир.
Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир.
Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир,
Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир.
Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир,
Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир.

Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы?
Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы?
Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы?
Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды.
Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы?
Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы?
Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы?
Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды!
Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык,
Акча жуучу кир машине Мексика шайландык.
Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык,
Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык.

Кайырма:
Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр,
Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр.
Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр,
Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр.
Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн,
Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн!
Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн,
Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң?
Элин баккан жигиттердин казынасы толсун,
Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун.
Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун,
Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
  • Currently 4.71/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (111)

19.05.2009. 10:10
 kanat
хы?... ырдабай койдуго
19.05.2009. 11:24
 kom
Эн туура айтылган создор. Баракелде ТАТА УЛАН онорун оркундой берсин. Ушуга окшогон ырларын адамдардын журогунон орун алса Кыргызстан тез эле онолот болуш керек...
19.05.2009. 16:30
 mik
Азамат бизде дагы сапатту реп тер чыга баштаптыр. Оор турмушту ханга шылтап деген создору туура айтылыптыр. Козун жаап алганы эмнени тушундуроорун биле албай койдум.
19.05.2009. 18:28
 erma
azamat azamat azamat alga Ulan saga iygilik!! rep degen ushundai bolso rep dese ele bydyldap kaiaktagy alkash boloiluk icheilik devei moondoi tatyktuu yrdasyn alga kyrgyzym!!!! Maanisi oto kuchtuu eken!
19.05.2009. 18:32
 Бекболот Абдимомунович
Азамат, бирок чындыгында бет кабың эменни түшүндүрөт? жөн эле ырдабайсыңбы жинге тийбей?
19.05.2009. 19:37
 sher
Kliptegi ideya sonun eken
kogda yest fantaziya ushunday kostyum dekarasiya almashtirbay ele sonun klip tartsa bolot
19.05.2009. 19:41
 sher
dagi koshup koyoyunchu KIRGIZDAR BIZ UNIKALDU RUHU BAY ADAMDARBIZ JANI NERSENI ALISTAN IZDESHTIN KEREGI JOK
19.05.2009. 20:25
 Nazikow
Jakwy yr eken!!!!
19.05.2009. 22:04
 simon
Mm da onorun bar eken maga jakty yrdyn maanisi.iygilik
20.05.2009. 01:38
 chon kyz
WOOOOOOOOW!!!!!!!!! super yr eken!!! Azamatsyn Tata Ulan !!! Respect!!!
20.05.2009. 07:43
 НурбеК
Azamatsin Ulan ayabay ojor jigit ekensin... iygilik saga alga...biz kalgani bolso seni kow koldop koldow..
20.05.2009. 21:29
 AiBANKs
Мага жакты. Жузун ачпаганы-бул базарда же эл жыш жайгашкан жерде билбесин дегени...
21.05.2009. 10:19
 Барби
баракелди сонун клип тартырыптыр. Ишине ийгилик. ушундай маанилуу ырларды жараткандарга баа берем.,баракелди. эстрадага жаны стиль жаратканын учун чон рахмат.
22.05.2009. 02:22
 jetigen
кыргызча рэп деген мына ушундай болуш керек! жарайсын Улан!
22.05.2009. 02:55
 kaskadiior
Создор кимге барып тийип жатканын сездинерби.
22.05.2009. 15:54
 Гизочка
жакты:) хотя можно было и глаза показать..а то как будто что-то скрывает.
а так молодец!
22.05.2009. 22:41
 bakytmirza
Клип да, ыр да СУПЕР! Жогоруда айткандардын создоруно кошулам, обону менен созу топ келген РЭП. А то кайдагылар РЭПЕРбиз ар кайсы создун башын курап ырдап жатышты эле, Тата Уландын алдында алар шоона эшпей калды
23.05.2009. 01:43
 chingiz
Raptin sozunun maanisi yrdyn korkun a4at eken, Jarait!!!
23.05.2009. 06:04
 Beka
WWWWWooooooyyyyyywwwwww!!!!! Kandai sozdor!!!! Maanisi ayabai ky4tyy eken!!! Emi tiewelyy adamdardin jyroktory bawka4a sogo bawtait gooo... Wok bolyp kaldim byl yrdy ykkanda!!! AZAMAT!!! AR BIR SOZY AYABAI MAANILYYY EKEN!!! BRAVO!!! BRAVO!!! BRAVO!!! VOT YWYNDAI YRLARDI JARATIWSYA!!! kaidagi bolbogon je kotorylgan yrlardi yrdap 4iga berbei!!!
23.05.2009. 17:17
 BOLOTBEK ЧМИ
эн сонун !!!супер ыр!!клип ыры менен маанилуу тартылган!!
26.05.2009. 11:07
 ROZI
Мааниси жакшы экен!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: