Тата Улан "Карындаш"
Жанр:Рок-музыка
00:04:06
81,69 Мб
Жүктөлгөн: 21-02-2011


Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы

Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тыптынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу, чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги?
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып, уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
“Өзүм түзөм, өз жашоомду”,
Деп кыйкырып качты.
Мени түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
“Билем-билем” дедиң сен.

Кайырма:

Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан?
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
“Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң,
Күйүп кеттиң, кор болдуң.


Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп, жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
“Не болду?” деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Дене боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы, бечара?
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы, таптаза?
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң,
Не көздөдүң бул жолду?
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдүү.
Не кыл дейсиң, азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алпарган.
Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо, шайтанды карачы,
Чаташтырган, ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Cактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың энекеңди,
Билем-билем дедиң сен.


  • Currently 4.46/5
(39 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (127)

15.04.2011. 11:41
 arlekino
Клип орто, жанагы башында урушканда эне -кыз уну ачуу ото эле, аж журок тушот ушундай да кыйкырчаак адам болобу...
15.04.2011. 16:21
 Akawka
Айжан красавица
20.04.2011. 07:25
 ongaku
kyzdar emes, koomubuz ongolush kerek. kyz emne, jon ele koomdun muchosu. kunoonu kyzdarga juktop koigondoi. kyrgyzstandan bashka jerde, ozgocho onukkon olkolordo kyzdar sarkech je sarkech emes kiyinip, ubagy kelgende oz kolu menen turmushun kurganga araket kylat... kachan maga soiko salyp ketet, je ata-enem jakshy jigit taap beret debei. ushundai moraldyk toskolduktardyn ayinan bizde kop aborttor,naristeni tashtap ketkender, ozun-ozun olturuulor koburook.
20.04.2011. 16:38
 aiposha96
pesnay,prosto suuuper prosto net slov...et,pesnya zadevaet o4 mnogih devuwek...
21.04.2011. 22:05
 gulzarali
5 кол тен эмес.Баардык кыздарды жаман дештин кереги жок.Жакшы ыймандуу кыздар да коп эле.клип жакшы.
22.04.2011. 03:10
 sabit2012
ulan bayke ia vas uvajayu dobro
01.05.2011. 18:54
 azazzellokot
клипке соз жок!эн эле сонун клип экен!уыз да сулуу экен
02.05.2011. 11:05
 Raliya
Миколас сен тушунсон,ар бир адам личность.И ал адам каалаган нерсесин жасайт.Кааласа ушундай чыгып ырдайт.Ал эми озу адамдарга эч нерсе жакпайт.Обязательно бир жаман жерин табыш керек да.Клип жакшы,ырчы деле.
04.05.2011. 15:01
 Zhumakadyrov
отвратительный клип! никакого сценария, режиссерской идеи а самое главное техника на которую снимали, монтировали вместе с оператором и монтажером очень ДЕШЕВОЕ! Тата Улан работайте с профессионалами!!! А клипежникам скажу следующее - вы своим творением говорите только о себе и о своем профессионализме, точнее о не профессионализме, и из за таких шабашников как вы многие действительно талантливые личности не могут показать себя в следствии чего родина наша не развивается!
06.05.2011. 18:48
 azamatsultanov94
жакшы клип болуптур
07.05.2011. 01:04
 perry90
Очень даже примитивно,никаких изысканий не было. Этот сценарий был очевиден простому обывателю,а тут снимали обученные этому делу клипмейкеры и сняли такую туфту!!! А песня само по себе поучительная.
07.05.2011. 09:58
 SOLITARY
Песня отличная, а с клипом промазали так сказать
07.05.2011. 22:51
 Aygul
Ырдын мааниси аябай курч, клиби да жакшы тартылыптыр. Энесине кыйкырган кыз эч качан жакшы жолго барбайт. Тата Улан, азаматсын!
09.05.2011. 03:58
 Alimbaev
Улан жакшы
09.05.2011. 15:28
 azamatsultanov94
клип дашы ыр дагы жакшы Тата Улан, азаматсын!
13.05.2011. 00:24
 baarinbilem
Ай, Улан клипти бузуп салыптырсынго. Ыр жакшы эле. Ушу сен жетише албай журосун чыгармачылыгына. Балким, элге окшоп продюсер же менеджер алып алсанчы????
13.05.2011. 10:11
 Aimonchok
Уландын ырлары аябай жагат, чындыкты ырдайт келиштирип, бирок бул клиптин башындагы урушкандарын бир аз жонокой кылса болмок ажылдатпай.
21.05.2011. 19:18
 ora
Эн сонун ыр,клиби анча эмес
25.05.2011. 05:34
 Nurlan-71
Ар бир инсанга, АЛЛА-ТААЛА биринчиден,ыйман берсин.Бирок ыйман-ынсапты кудаабыз издеген жана сураган пендесине берет экен...
26.05.2011. 17:00
 Chyngys
сонун сен кыйынсын!!!
27.05.2011. 09:41
 Sung
Кыздага тарбияла алып келе турган клип экен. Азамат!!
27.05.2011. 10:37
 milaya
ен мыкты клип жана ыр дагы беш
30.05.2011. 22:04
 zulya
баары сонун клип деле топ келишкен энелерин зар какшатып ыйлаткан кыздар азыр коп
02.06.2011. 12:32
 zhanym
ай тата брат соз жок бул ырдын тарбиялык мааниси бар ийгилик талантынды аябай жакшы билем мындай ырды чыгарыш кимдин колунан келип атыптыр ырдаганында да айып жок молдец жеткире ырдагансын
02.06.2011. 12:36
 zhanym
клиптин деле кереги жок болчу ырдын озу эле жетуштуу болчу тартпай эле койбойт белен
04.06.2011. 18:23
 sarah
жон тургулачы, баланын козу жакшынакай эле болуп турбайбы. мага жакты. клип эн сонун тартылган, мээси жок кыздар учун
01.07.2011 12:46
aikoledi
мееси жок кыздар дебейле балдар кыздарга башкача мамиле кылса болбойбу.
05.06.2011. 16:11
 Ardak
Мага ыр абдан жакты.Бирок клип анча эмес.
05.06.2011. 18:35
 Programmer
Тата Улан молодчик так держать
06.06.2011. 00:03
 aikush
жакшы,кызды мынчалык эмне ажылдатып койгон?
08.06.2011. 15:47
 asaface
Тата Улан дегеле мага жакпайт! Очень агрессивный, и очень НЕпривлекательный, "жылдызы" жок. Анан акылдуу боломуш этет, ээ-э ары жок.
03.12.2011 16:48
diva
asaface, анын максаты сени привлекать этуу эмес!!! элди ыйманга жакшы сапаттаргр ундоо! билдинби! жакпаса укпа! тебя никто не заставляет!
17.06.2012 11:40
li_narko
asaface, сага жагайын деп еми емне ырдабай койсунбу и вааще кичине ойлонуп суйлочу
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: