Тата Улан "Баары бир"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:26
54,29 Мб
Жүктөлгөн: 19-05-2009


Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы?
Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы?
Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы?
Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы?
Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы?
Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы?
Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды,
Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды.
Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон,
Касиетин жоготкондор саман-саман толгон.
Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон,
Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн.

Кайырма:
Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир,
Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир.
Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир,
Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир.
Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир,
Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир.
Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир,
Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир.

Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы?
Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы?
Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы?
Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды.
Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы?
Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы?
Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы?
Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды!
Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык,
Акча жуучу кир машине Мексика шайландык.
Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык,
Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык.

Кайырма:
Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр,
Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр.
Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр,
Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр.
Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн,
Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн!
Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн,
Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң?
Элин баккан жигиттердин казынасы толсун,
Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун.
Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун,
Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
  • Currently 4.71/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (111)

07.10.2009. 01:54
 alikbek
Иеееессс СПАСИБО!!!
07.10.2009. 01:54
 alikbek
Супер- Инфо рррууулееезззз.
27.10.2009. 00:39
 amantur
Салам алейкум медиа порталдын жетекчилери. Клипти кайра "Супер Хитке" киргизишинерди суранам, бул эмне деген сонун ыр анан финалга чыкпай калды. Дагы бир шанс бергиле. Жанетта Бобкова деле эки жолу бир ыр менен кирди го, эмне Тата Уланга болбойт экен. Суранаааааааааааааааааам Кайра киргизгилечи.
27.10.2009. 00:42
 Musulman Balasy
Туура айтасын Амантур. Эмнеге Жанеттага эки жолу киргени болот да Тата уланга болбойт. "Супер Хитке" киргизип койсонор боло. Ырдын да мааниси терен экен. Отунучубузду карап коргуло...
27.10.2009. 01:38
 Napoleon Hill
Оо хитке кайра киргизсе жакшы болмок. Нее реально, хорошая песня...
30.10.2009. 10:24
 millionersha
Wans berip koyso bolot/ Jakwy ele klip. Bawkalardan ozgocho. Super hitke kaira kirgiziliwine men tolugu menen kowulam///
04.11.2009. 12:15
 Mile
Мен коп машине айдап жургондордон кордум уже хит!
08.12.2009. 14:12
 Danil
a maga dagy baary bir
tamasha
alga TATA ULAN
01.05.2010. 19:28
 akim
KLIP NACHAR
10.05.2010. 02:09
 Abul
super baari chindik
27.05.2010. 00:07
 MAKYSEM
Улан чында ырларын баары маанилуу!
01.06.2010. 03:38
 Ayima
Kulchotai otkroi lichiko
08.06.2010. 22:31
 bayarlindt
рэп кыргыздар ойлоп табышканын билип жургом мына аргумент, бир гана Bit-терди эми озуно келтиришти. Тата Улан алга
22.06.2010. 23:45
 Bek
Клип начар деген мырза чыгармачылыкта толук эле нөл окшойт. Мындай клиптер Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да "мыкты" деген баага ээ боло алат!!! Баары эң мыкты!!! Тата Улан, АЛГА!
16.08.2010. 09:06
 elllll
tata molodes but yrlaryn jagat...
18.08.2010. 12:26
 meka
Мааниси аябай жакшы.
Бирок сиздин Алтайга кеткениниз мага жакпай калды, Манастын арбагына сыйынам деп, мен сизди исламды жакшы тушунот деп ойлоп жургом. Исламда Аллахтан башка нерсеге сыйынуу, же Аллахка шерик кошуу эн чон куноо. Арбак колдобойт, ал кайра бизге, биздин ага арнап окуган Кураныбызга муктаж. Аллах колдосун!
09.09.2010. 20:12
 Konok
Ырдын созу,мааниси укмуш экен.Клиби да ырына маанилуу режисерго+5 баа берем.ТАТА Улан нукура патриот кырыз бала экен"создорумо тушунбосон чын журоктон баары бир"саптар абдан жакты башка ырларына да ушундай мыкты клип тартса жакшы болмок
18.10.2010. 21:47
 kyrgyzymdynuulu
meka сиз туура айтасыз бир чети, бирок Тата Улан ал жакка Манас атабыздын рухуна сыйынганы эмес осуятын аткарганы кеткен болчу.
30.10.2010. 11:05
 Nargo
Тата Улан, данк жана дунк, ырыныз жан дуйнону диркиретип, когойду ойгон элибиздин жашоого болгон мамилесинин ар тарабын чагылдырган! ушул толгонуулар бутун кыргызыма "баары бир" болбогондо гана бутка турсак керек!
31.10.2010. 02:32
 tamazano
tuuura aazyrky jashoonu yrdagan jakshy yr ayyyabay jakty chem nelya menen urmattyn yrlaryna karaganda maaniluu
22.12.2010. 00:45
 Romantic
A maga baary bir emes)))owo u4un jakty da maga)))
16.01.2011. 16:06
 aichurek
абдан сонун, маанилуу,жеткиликтуу экен!
22.01.2011. 23:12
 gangster
качан кочуруп алса болот?????
15.02.2011. 12:16
 jalyn
Tata bratan krasav4ik!!!! respect!!!
06.03.2011. 16:07
 jalyn
e norm le ka4aietsya je! vy 4e tam pontite lyudi!!! vooobwe! a tak tata bratan krasav4ik!
14.07.2011. 15:56
 opposite
суупер, respect сизге! бирок мага деле баары бир :))
18.07.2011. 23:07
 risbek_4
мага деле бааарибир
14.09.2011. 11:02
 boke
baribirda saga ulan bashka emne klalasyn e
01.11.2012. 18:30
 Xan
сонун ыр,клипте эч кандай ашыкча нерсеси да жок!
19.04.2013. 20:04
 angel.2012
жакшы
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: