Тата Улан "Карындаш"
Жанр:Рок-музыка
00:04:06
81,69 Мб
Жүктөлгөн: 21-02-2011


Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы

Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тыптынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу, чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги?
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып, уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
“Өзүм түзөм, өз жашоомду”,
Деп кыйкырып качты.
Мени түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
“Билем-билем” дедиң сен.

Кайырма:

Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан?
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
“Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң,
Күйүп кеттиң, кор болдуң.


Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп, жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
“Не болду?” деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Дене боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы, бечара?
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы, таптаза?
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң,
Не көздөдүң бул жолду?
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдүү.
Не кыл дейсиң, азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алпарган.
Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо, шайтанды карачы,
Чаташтырган, ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Cактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың энекеңди,
Билем-билем дедиң сен.


  • Currently 4.46/5
(39 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (127)

22.02.2011. 00:13
 Eldiku
Биз кыргыздар баарын чайнап берип кондуруп салганбыз да, Мааниси жакшы эле тушунуктуу эле. Кичине башынарды иштетип ойлонуп коргулочу! даяр нерсеге конбой! Тата Улан алга Молодец супер клип
22.02.2011. 01:27
 operaledi
Жакшы эле клип, бирок аягы кичине наиграно.А так, Тата Улан молодец!Чыгармачылыгы абдан жагат.
22.02.2011. 03:32
 aminali
Azyrky jawtarga sabak bolgon en sonun sozdor.Apasinin ilagan jeri juroktu jaman oorutat eken.
22.02.2011. 03:50
 armi
Klip jakty. Balanyn turu suuk go je koz karawyby, korup men da korkup kettim, kyz suluu eken.
22.02.2011. 11:40
 honey
Ырдын создору аябай маанилуу. Эн сонун ыр. Жаштарга тарбиялык маанидеги ыр. Мен дагы эмнегедир клипти башкача элестеткем. Чынында эле, баланын коз карашы коркунучтуу экен. Балким, атайын ырдын каарманына дал келе турган баланы тартышкандыр.
22.02.2011. 13:38
 Melya
Kyz menen bala para emes eken. Myndaicha aitkanda "Chudoviwe i Krasavis'a".
22.02.2011. 15:59
 AIZAJANKA
Баланын коздору в натури хитрый экен. Мен да коркуп кеттим
22.02.2011. 17:04
 Tokmok
Tarbiyaluu,tarbiyaluu jashdarga deibiz, birok tileke karshy jashtar konul burushbait,maanisin tushunboit, ar kim kaalaganyn kylat. Oshul kylgan arakettin baary elge sinish uchun, chygarma jaratkan adam ozu tarbiyaluu bolush kerek, jana birinchu iret ozu maanisin tushunush kerek......
22.02.2011. 20:26
 senior
Нереальный жомок кылып салыпсынго ТАташКА. Мой голос за клип -0,00. За музыку +3.
22.02.2011. 21:15
 lider-kg
денесин саткан кыздар бизде 10 минден ашык болсо керек баласын таштаганыделе биргана макал спасайтетип келетан бир кумалак деген ошондо он мин кумалак барда
22.02.2011. 21:16
 lider-kg
жардам беруунун жолун издесенер кыздар сразу оздоруно алып айтышып киришет
23.02.2011. 05:48
 areneV
Rossiyadagy kyrgyz kyzdarynyn tagdyryn,ushul problemany kandai kylyp chechse bolot??Tepselengen japjash kyzdardyn jashoosun oilop jurogum syzdait,ozum kubo bolup jatam...hotya by sovet bergilechi,oiunardy jazgylachy.
23.02.2011. 16:11
 lider-kg
Кыргыздын кыздары жонундо жакшы бир нерсе чукуп тапкылачы маскара болгону калдыкко
23.02.2011. 18:20
 Kushchu
Ырдын создору кандай болсо клип ошого оп-окшош, "дарактын жанында" деген соз болсо клипте да созсуз турдо дарактын жанына отургузуп коюш керекпи? Тата Улан байкебиз акчасын аяп "без понтовый" режиссер жалдап койсо керек, же озу режиссердун ролун аткарса керек. Клип таптакыр жаккан жок, ыры менин оюмча акыл эстуу адамдын баардыгына жагат. рахмат
24.02.2011. 17:03
 Eldiku
Сендей тушунбогон тупойлорго тушунуктуу болуш учун ошондой кылып тартты да.Тата Улан азыркы чындыкты тарткан,аа жаккан жок деп жазгандар булардын башынан ушундай окуя откон учун жазып жатышат (Чын чычалайт) дегендей! Азыркы кыздардын кобу ушундай чычалабай эле койгула кыздар......
24.02.2011. 18:56
 Romashka
degi ele, biz kyrgyzdar, biroonu 4ygarma4ylygyn kritikanyn aldynda oturguzganda kyjynbyz, ozubuz ushun4alyk bolup alayl4y, klip degen tuptuura, sonun klip boldu. Kimge jakpasa, korbogulo anda, ozunor ushun4alyk bolup yr jazyp klip 4ygaryp algyla4y biirin4i!
24.02.2011. 18:58
 Romashka
balanyn kozu 4yndap ele suuk eken
25.02.2011. 12:01
 асю
maga jakty...
25.02.2011. 12:04
 Kyzsaikal
Kyzdar andai,kyzdar myndai deisiner,kyrgyzdyn kyzdaryn korgoi albai jatkan bizdin jigitter kunoolu da,baldar oshonu oilonsonor.
25.02.2011. 18:37
 bemkabemka
kliptin ka4estvosu soooonun boluptur,balanyn kozdoru4u....brrrrr...korkutat eken.
26.02.2011. 11:31
 Aidanek
Коро албай жатам.....
26.02.2011. 16:55
 Eldiku
Кыздарды коргогондой кыздар эмне мал беле,сен деле кичине ойлонсон. Кунаажын козун кыспаса букаа жибин узбойт дейт Бирок жакшы кыздар азыраак болуп жатпайбы ошон учун менин ичим куйуп жатат
26.02.2011. 21:41
 jalyn
мммда кыздар кордунорбу кандй жаманбыз ишене бербегиле бизге азыр опсо ертен ,,,,,,,.
26.02.2011. 21:43
 jalyn
силерда ертен шушинтип алдансыар да бирок
28.02.2011. 11:18
 Samson
+1-1 Клип орточо_Ыр супер!
01.03.2011. 11:29
 ХАНЗАДА
Катырам клипти деп айтып жатты беле, ото озгочолуу деле клип болбоптур. Уландын актерлук чеберлиги клипте эч корунбойт го. Мага жаккан жок.
01.03.2011. 16:02
 amantur
Кеп акчаны аяганда эмес достор, туура балким Улан байкенин каражаты азыраактыр бирок клиптеебергиси келген маалыматты бердидеп ойлойм.
01.03.2011. 22:55
 milli
bashynda jaman yzy-chuu kylyp kyouptur,kyrgyzdyn kyzdary antip apalary menen kayasha aytyp urushushpayt, kyzdarydyn kichine basyntkanday sezilet.
Kyz jakshy atkaryptyr, balanyn koz karashy korkunuchtuu "u nego ostryi vzglyad´" eken.
02.03.2011. 16:20
 zhoomart
клипти жаман дебейм,бирок кичине бир нерсе жетишпегендей.а так жакшы,молодец тата улан.азаматсын!!!
02.03.2011. 22:13
 Heartbreaker
Айнанайыыын!Кызды ажыдаар кылып салыпсынар го. Кичине ушул жери окшобой калыптыр.Перебор!а так созу жакшы.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: