Тата Улан "Не керек?"
Жанр:Рок-музыка
00:05:36
86,5 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011


Бир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо?
Атасынын машинеси,
Фаап-фаап жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
"Урганым жок" дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо-толо калп достору,
Кана, мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Дискоклубда шагырашып,
Шайтан үйү. Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйрү.
Төштү ачып, кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
"Современный" деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай, кыргыздар, ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз- жигиттер,
Тантырашат орусча.
Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет, балдарга?!
Билим сатып, бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып "мырк" дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың "мырк" дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды "мырк" дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдигер боло албаймын,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?

Кайрыма:
Кыргызыма не керек?
Мусулмансың, дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек, күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!

Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн "Эркиндик".
АКШнын "Эркиндиги",
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек-башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы "Эркиндик"?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип, жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагынан карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн СМС.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан?
Ак ишине, ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап кийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк?
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак-төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп, айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, бир энең!
  • Currently 4.71/5
(76 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (153)

07.07.2011. 20:59
 Kanat1985
Машаллах Улан байке АЛЛАХ сизден ыраазы болсун!!!
10.07.2011. 20:32
 aikoledi
заманбабтар очтунорбу
14.07.2011. 08:23
 Salima
Азамат Тата, коп коп ырларды, патриотизм толтура жарата бер, эч кимге конгул бурба!!!!Ушул жерде да жадагалса бироо бут тосмойго умтулуп турат!berku деген ада эмес, калптын баарын жйгысы ба, озу жетпеген сонг "сасык" деген ойго коткени го! Коро албастыкты качан токтотобуз накта ушундай"мырктардан" тажайсынг. Атай бийчи баланы да конкурска катышып Кыргазтсандын наамын коргоп жатса ушундайлар коро албастыгын сайттарда корсоткон! Тата туура гана маска кийип журот! анын онгун эмес,ырын угуш керек!
15.07.2011. 15:09
 Zin
AZAMATSYZ sizge ''5''!!! Soz jok, baa berdim, tuura 4yndyk! KOLDOIBUZ!!!
16.07.2011. 06:46
 askich-
Сизге УРМАТ!!! Дагы-дагы чыгармаларынызды кутобуз....
18.07.2011. 07:14
 frag
super tata brat +10
19.07.2011. 11:42
 mubina
Соз жок ийне жибине чейин айтып кеткен го дейм.
22.07.2011. 12:52
 elaman93
Супер такыр соз жок. Жуогумо жетти
22.07.2011. 13:34
 DaniilDiana
не, ну этот чувак - вообще отдельная тема ))) без комментов - ЗАЧЕТ!!! ))
27.07.2011 02:23
aikoledi
DaniilDiana, ай современный бул жерде кыргызча жазат да
22.07.2011. 13:41
 DaniilDiana
... мусулманчылык... кыргыз тилин билиш керек, ымандуу болуш керек...бирок... кичинекей Кыргызстанды жакыр афганистан кылбагылачы... ар бир жараан билет, мусулман экеннин.... ((( блин, маленько переиграл, как политическая проститука... молодец, но навязывать что то народу, который и так зае...ался.. не стоит....
25.07.2011. 18:11
 kubatbiy
Алга Улан!!! Ураа ушундай жан дуйнону антарып , журогундун тупкурунон орун алган , терен маанилуу чыгармаларды жаратып элине демдуу кызмат кылып журо бер. Бир жаман ыр бир муунду бузат, бир жакшы ыр тескерисинче бир муунду тарбиялайт, бали жигит бир муунду тарбиялай турган ыр жаратыпсын, ак жол сага Улан ТАТА.
28.07.2011. 12:21
 Samson
Алла ыраазы болсун!
29.07.2011. 21:27
 nurlik
Азаматсын!Азаматсын!Азаматсын!
01.08.2011. 20:18
 gulnazik
Аллах ыраазы болсун АЗАМАТСЫЗ!!!
07.08.2011. 22:41
 zontik
Тата Уландын фишкасы анын колу болуп калды окшойт))))
10.08.2011. 14:10
 Sub4ik_BrataN
Tata Ulan baike Kalpak4an Superman
11.08.2011. 23:08
 Eliza
супер нет слов!молодец!!!!!!!!!!!
12.08.2011. 02:37
 Rabihan
АЗАМАТСЫН, Оркундоп осо бер Алгаа!!!!
21.08.2011. 22:48
 Mirzhan
Azamat!alban-alban ijgilik.Sozun el kulagyna sinip,juroktordo Ata -Meken,Yjman,Birimdik sezimi orchusun!!!
31.08.2011. 00:34
 Karysh
Бул ырды телевидениеден берип атабы туугандар Бирок ыр озгочо айтылган сонун аябай жакты.
11.09.2011. 23:38
 m82
otduwi TATA ULAN baike.tak derjat/
14.09.2011. 16:12
 BANU
Азаматсын!!!!!! Супер!!!!
17.09.2011. 14:40
 Laden
Кыргызыма не керек?ТАТА УЛАНДАЙ эр керек!!!!
23.09.2011. 11:51
 yahaha
Вах!!! Тата деген тата да эч ким жетпейт буга
05.10.2011. 09:11
 Arstan
Оо мына бул ыр десе болот .
09.06.2012 13:38
bakyt_klg
МАЛАТСЫ БРАТ ДАЙЫМА МЫНДАЙ ЫРЛАРДАН КОБУРОК КОБУРОК ЧЫГАРА БЕРИН МАГА ЖАКТЫГО
07.10.2011. 00:57
 Polukrovka
ой азап тартып ырдабай эле койбойсунбу))) та же сказка(( ошол эле тажатма дежурный создору((Кыргыздын рухун которбой эле наоборот растаптал(( клубка барбай анан эмне, Ак чолмок ойнойлубу?может давайте лучше, тоолордо жашап журо-берели? Улан байке 70%каршымын!
11.11.2011 02:04
LD9R
Polukrovka, Сен эмне асмандан туштун беле, барсан бара бер анан акыреттен жооп бересин! Кичине ойлонбойсунбу! Сенин созуно 101% каршымын!!!
03.12.2011 16:55
diva
Polukrovka, мындай ырдын мазмунун тушунгону акылын жетпейт экен! сенин ким экенин тушунуктуу!
25.12.2011 12:32
Polukrovka
diva, ой е! озун ойлонбойсу? 21 кылым! Озу деле башында чыкканда кок мээдей ыры менен чыкпады беле!? привет всем бишкекским чувакам деп! эми калп эле ...строит себя! бог знает кого!
08.10.2011. 15:38
 mafi
негизи ырдын мааниси терен. ушул ырчынын озу кыргызча соз байлыгын кобойтуп албайбы, сумка, СМС, машине сыяктуу создорду айтпай. Тил менен тоо тонкорсо болот, а кана аракет?? Эркиндик айкелин тургузуп жатканда Улан байкенер кайда эле, аны "сойку" дегенге кандай акысы бар?? ата-бабалар дейт, так ошол айкелди биз азыр "кутуруп жаткан" мезгилибизди алып беришкен. Суйлойт десе эле суйлой бербей.
25.12.2011 12:34
Polukrovka
mafi, точно! Озу деле башында чыкканда кок мээдей ыры менен чыкпады беле!? привет всем бишкекским чувакам деп! эми калп эле ...строит себя! бог знает кого!
11.10.2011. 20:08
 mafi
Эркиндик айкелин СОЙКУ дегенден кийин жек коруп калдым Тата Уланды. оз аталары, чон аталары менен тен адамдардын чечимине тукургону жакпады. дагы ата-бабалар деп суйлогону жинге тиет. Урмат-ысый деген тугонуп калган окшойт, патриот болом жатып :-(
27.04.2012 03:07
BarsbekKG
mafi,bashynda kook meedei chyksa azyr ondop chygyp jatat,,allah dep . jatat ..sen emne bilesin...tyyra aityp jatat ..erkindiktii chyndap elee soikudai bolchu sol koluna karmap..tyndykty...
12.10.2011. 18:31
 Obama
Баракелдее!!!
16.10.2011. 04:14
 islamkg
Соз жок!!! турмуштан алынган корунуш Кыргыздар тилибиз жоголуп баратканы чынго баары эле орусча тантыйт!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: