Тата Улан "Не керек?"
Жанр:Рок-музыка
00:05:36
86,5 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011


Бир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо?
Атасынын машинеси,
Фаап-фаап жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
"Урганым жок" дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо-толо калп достору,
Кана, мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Дискоклубда шагырашып,
Шайтан үйү. Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйрү.
Төштү ачып, кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
"Современный" деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай, кыргыздар, ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз- жигиттер,
Тантырашат орусча.
Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет, балдарга?!
Билим сатып, бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып "мырк" дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың "мырк" дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды "мырк" дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдигер боло албаймын,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?

Кайрыма:
Кыргызыма не керек?
Мусулмансың, дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек, күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!

Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн "Эркиндик".
АКШнын "Эркиндиги",
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек-башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы "Эркиндик"?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип, жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагынан карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн СМС.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан?
Ак ишине, ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап кийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк?
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак-төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп, айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, бир энең!
  • Currently 4.71/5
(76 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (153)

23.06.2011. 13:02
 almashim
Азаматсын Тата Улан ушунундан жазба биз колдойбуз
23.06.2011. 13:23
 Aikena
хаха сонун ыр экен.жайлаптир ахаха;))
23.06.2011. 16:16
 cliff
Урматтуу Тата Улан!
Эн сонун, Аллах сизге ыраазы болсун!
23.06.2011. 16:43
 dialog
Мына сага,патриотизм деген!
11.10.2011 20:03
mafi
dialog, патриотизм деген андай эмес!! патриот деген созду тим эле дежурный кылып алганынар чучукка тийди
23.06.2011. 17:48
 kokbet
Жакты, мындай ырлар, арчылар да болуш керек, Бадыеванын алдырган тунду сагындым деп ырдаганга караганда, эми калпак кийбегендер МЫРК болушсун!!!
23.06.2011. 18:07
 jika
чындыгында эле жаштардан Манас жонундо сурасан эч нерсе билбейбиз,озубуз орусча так суйлобосок дагы ар бир экинчи созубуз орусча,адамдын баркы акча менен тенелет,кай жерге барба акчасыз сен эч кимсин,трибунада турган чондорубуздун баары эле сатылма,ОЙЛОНУШ КЕРЕК ГО ДОСТОР!!!
23.06.2011. 23:45
 kojonovnurik
Азаматсын го Тата байке.
25.06.2011. 01:56
 senior
Мааниси кучтуу чыгыптыр! +5!
25.06.2011. 07:18
 OMG
Alga, biz koldoibuz!!!
25.06.2011. 12:52
 semkg
Аллах разы болсун байкем. Эми мындай кийинки ырларынызды ыйман жонундо жазыныз.
Женишбек байкелер менен байланышып бир ыр чыгарбайсынарбы
30.06.2011 13:07
amantur
semkg, Ошондой болсо жакшы болмок, негизиТата улан Жеңишбек байке менен жакшы мамиледе го, кантсе да институтта бирге окушкан.
25.06.2011. 13:13
 oroz
Туура айтасыз ТАТА УЛАН сиз айткан создор туптура аны мойнубузга алышыбыз керек.Чын эле ак калпак кийген кыргыз экенибизди унутуп,бара жатабыз!Алгаааа ТАТА УЛАН!!!!!!!!!!!!
25.06.2011. 16:17
 Prosto Ji
аааааааааааябай жакты... Ёлки мен МЫРК... кой кеттим манасты окуюн жок дегенде 7 осуятты %)
25.06.2011. 20:06
 Нукура кыргызка
капкайдага,15 кылымга келгиле деп жаткан жок.Ыймандуу болгула деп жатат.Чын созду которо албайыз биз деген.АКШа андай которулу,ачылды.Бизда ачылайлы дегенге,биз АКШда эмеспизда биз Кыргызстнда экенибизди унутпашыбыз керек.Биринчиден Мусулманбыз,ыймандуу болушубуз керек.Азыркы анча мынча кыздар,балдарыбызды коруп ыйлагын келет,сый деген нерсени билишпейт....
25.06.2011. 21:20
 AZAMAT875
ооо Тата Улан ,супер супер супер !!! Аллах ыраазы болсун сизден !!! Биздин ыймансыз, намысы жок, шайтандын жолуна ундогон, жана озу да шайтандан айырмасы жок кее бирки акмактардын айткан созуно коп конул бурбаныз байке !!! КОРО АЛБАГАНДАР АЙТА БЕРИШЕТ ЖАЗА БЕРИШЕТ !!! Аллах аларга да ыйман берсин !!!
30.06.2011 13:08
amantur
AZAMAT875, Ит үрө берет кербен жүрө берет демекчи :)
25.06.2011. 23:33
 BiLLy Beck
kyrgyz4a suilogondon u9labyz!!! kelgile4i KYRGYZ elim myrk bolboi KYRGYZ tilibizdi saktap kalaily...
25.06.2011. 23:41
 BiLLy Beck
Kliptin a9gyndagy Chyngyz Aitmatovdun jazylgan sozdoru Ataturk-Alatoo universitetinde Konya zalynan korsonuzdor bolot...
26.06.2011. 12:47
 kg190893
Азаматсыз тата улан байке!
26.06.2011. 13:37
 Baktiyar
Баардыгы сонун болгон!!!Ушундай ырлар коп болсун.Баарыбызга Кудай ЫЙМАН берсин..!
26.06.2011. 19:28
 Light
Улан Баракелде!!!!сонун ырдаптырсын!!!!
27.06.2011. 10:58
 kgstandoolot
Allah sizden yraazy bolsun Ulan baike...
27.06.2011. 22:33
 nurul
supper TATA ULAN basarilar dilerim
28.06.2011. 15:35
 Jakurik
sooonnun oozdu a4ip ele kal4udai eken
28.06.2011. 16:22
 SOLITARY
Заманбап ыр экен. Ийгилик Улан байке!
28.06.2011. 21:30
 ismail86
15-16 кылымдагыдай болбойле оздорун жакшы алып журсун дегени ал намысына чыдасан карындаш эжелеринди мини кийинтирип ал
29.06.2011. 09:54
 Alaika
Улан байке, ырдын мааниси абдан сонун экен, мага озгочо телевидениеге тиешелуу(смс туралуу) саптары аябай жакты. Алга азаматсыз!
29.06.2011. 19:29
 saraltyn
келгиле эми, ушунча болуп калыптыр, таза кыргызча жазалы :) дегеним, кыргызчанын өңүн чыгарып жазалы...
30.06.2011. 00:07
 Ilgis
Tata Ulan Krasav4ik. Tak derjat' Bro
01.07.2011. 14:56
 ASAS
Супер!!!! Мен бул клиптин маанисине ото чооон баа берет элем, анткени мамлекеттик жетекчилек ушундай жерде туруп алып, ондогон маселени оз кызыкчылыктары учун чечишет. ошол жетекчилер соз суйлоп жатканда ТАТА УЛАНга окшоп патриот сезимдери ойгонсо гана.... Кыргыз учун куйуп, чындык учун чыркырап, кыргыз кыздарын ыймандуулукка чакырып жаткандын эмнеси улутчул, эмнеси 15-кылым!!! Эмнеге ачуу чындыкка моюн сунгандан качабыз! отконду эстебесек, бугункуну ойлобосок, эртеге кантебиз кыргыздын кыздары!
03.07.2011. 09:04
 Zakuska
Sonun.
04.07.2011. 19:30
 welldone
Жаштарга коп угусуш керек Карылардын созун укпагандарга ушундай жол менен жеткирели Кыргызым деп куйгон азаматтар Тата Улан коп-коп жазчы сураныч сени жаштар жакшы угат
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: