Тата Улан "Не керек?"
Жанр:Рок-музыка
00:05:36
86,5 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011


Бир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо?
Атасынын машинеси,
Фаап-фаап жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
"Урганым жок" дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо-толо калп достору,
Кана, мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Дискоклубда шагырашып,
Шайтан үйү. Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйрү.
Төштү ачып, кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
"Современный" деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай, кыргыздар, ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз- жигиттер,
Тантырашат орусча.
Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет, балдарга?!
Билим сатып, бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып "мырк" дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың "мырк" дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды "мырк" дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдигер боло албаймын,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?

Кайрыма:
Кыргызыма не керек?
Мусулмансың, дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек, күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!

Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн "Эркиндик".
АКШнын "Эркиндиги",
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек-башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы "Эркиндик"?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип, жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагынан карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн СМС.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан?
Ак ишине, ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап кийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк?
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак-төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп, айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, бир энең!
  • Currently 4.71/5
(76 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (153)

21.06.2011. 10:43
 Owol
Asamat mazmyny aRbai jakwy.
21.06.2011. 10:45
 honey
Тата Улан как, всегда в своем репертуаре. Тексттеги сөздөр таамай-таамай айтылган жана ар бир адамга жеткире ала турган сөздөр.
21.06.2011. 10:54
 lancer
аа молодец!!! тата уланды тушунбосон "мырк-дейм"!!! )))
21.06.2011. 11:22
 zhiza
Азамат, таамай айтылган,баарына толугу менен кошулам.
21.06.2011. 11:56
 KURSHAB
эн туура молодец Улан, ушундай ырлар болсочу
21.06.2011. 12:03
 musulmano4ka
Ваааааууу абдан сонун ыр Тата Улан алга!!!!!
21.06.2011. 13:02
 kutmanov
Азаматсын ТАТА.....
21.06.2011. 13:46
 klara
Молодец!!!
21.06.2011. 15:20
 cliff
Эң мыкты! Эркексин! Кыздар, филармония, алмаштыргыла эми стилиңерди...
21.06.2011 15:41
rai
Филармонияга эмне деп тийишиптир?
21.06.2011. 16:18
 МИЯ
molodes!!!!
21.06.2011. 17:18
 jameliya89
Kyrgyzstanda Tata Ulandai yr4y baryna abdan syimyktanamyn..
21.06.2011. 21:17
 adilxx
asamatsyn Ulan baike!
22.06.2011. 04:20
 legolas
Кол чабуулар!
22.06.2011. 05:27
 MIRDJAMELL
Эч кандай жанылык жок...Баягы эле тажаткан,маанисиз эле создор.Акыл уйроткондон коро бетиндегини чечсен болмок иним...Ал эми клиптери сууз...Ушул тата не кылат клип тартып мен тушунбойм...
22.06.2011 22:52
FORCE
Тихо завидуй.Если ты неудачник,то Нечего негатив выносить сюда
23.06.2011 13:57
Nuray
:)) anyn betine ne zarsyz?!

"tajatkan" bolot meege kirbegen, sinbegen nerse...

köp4ylykkö myndai comment chygaraardan murun kiiii4ine da bolso oylonuu kerek zamandash!
25.06.2011 19:02
Kesh
Maanisine tushunboson anda senin kabyl aluu processinde problema bolso kerek...
28.06.2011 16:13
Нурмира
MIRDJAMELL, жанылык жок кошулам...музыкасы "Айдаганын 5 эчки"чыгармасына оп-окшош ,клиби "Баары бир" "Салам"аттуу клиптеринен узунду...Карышдаш атту клиби ырдын маанисине топ келбей калган учунбу, Тата Улан оозун сутко куйгузуп айранды уйлоп аткандай корунот, ФРИКтиги кайда ???биз жаныланууну кутобуз
30.06.2011 13:11
amantur
Нурмира, Адам өзү бир стиль тапты, дал ошол стильде ырдап жатат. Кечиресиздер бирок шаблон клиптерге караганда алда канча мыкты.
15.07.2011 16:14
Нурмира
amantur, шаблондо кеп жок...изденуу болбой жок... анан дагы айта кетейин дегеним ырды ырдар алдында ойлонуп акыл калчап элге тартууласа, Манасты окуу кыргызча суйло динге ишен арам болбо бул жакты таалим тарбия берет, а бирок МЫРК деген соз акылга келбеген иш деп ойлойм.Айдан алтын соз таап келгенсип, айыл апа буткул кыргыз элдеринин оозунда жаш балдардын кычкыл создорундо кенири колдонуп калганы жанымды кейитет, кайда барба МЫРК МЫРК МЫРК деп эле калышты...Урматтуу ырчылар глобалдуу ойлонуп соз
29.04.2012 01:56
meder_9003
Нурмира, не сага алдап кетти, суйбой калды, таштап кетти. ыйлап алдым, тушумо кирдин, азап кыскасы ошол ырларды МР3не жуктоп алып угуп журо бер!!! дагы айтсам ТАТА УЛАНдан отуп кетем???
22.06.2011. 07:38
 berkut
Бул баланы жакшы билем... Улан сен элдерге акыл уйроткондон мурда.. Озундун нафсинди..туздо!!! акча дегенде олуп кала жаздайсын!!! Ырларында озуно окшогон маска.. Мен сени сыйлачымын чын.. азыр ырларынды гана, а озун маскасын... муну баардык шоу бизнестин окулдору билишет... Менден кетсе кечир..
22.06.2011 22:57
FORCE
Эй бул баланы мен дагы жакшы билем! Шоубизнестин окульдорун дагы жакшы билем сен айтып жаткан нерсе жалган.КУДАЙДАН КОРКСОН БОЛО
30.06.2011 13:15
amantur
berkut, Тата Уландын Чыгармачылыгын төрт жылдан бери изилдейм, башкача айтканда ал жөнүндө топтой ала турган маалыматтын баарын топтоп алганмын. Ошол эле институтта бирге окугандары ар дайым жакшы сөз айтышат ал жөнүндө (Щепкиндин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандагы "Учур" театрынын өкүлдөрү) Ошондой эле Россия актерлору да Тата Улан жөнүндө жакшы сөз айтышкан, м
22.06.2011. 08:01
 fredrecoll
En jakwy,alga Tata Ulan.
22.06.2011. 10:35
 Tima11
Ырдын создору биздин жаштарды тартипке салат. Мага жакты.
22.06.2011. 11:30
 samatos
песня проста супер и все это правда
22.06.2011. 11:31
 Takinado
Баягы эле акыл айтмай, кенеш бермей.
22.06.2011. 12:50
 kurbanbu
Чындык ачуу болот деген ушулда, азыркы замандын чыныгы жузун ачып бериптир.бирок хиджапты эмес,улуттук кийимибизди колдонсо жакшы чыкмак азаматсын.......
22.06.2011. 13:14
 Baizakk11
жакшы тата улан

22.06.2011. 14:29
 islambayishov
alah saga dagy da bolso ushunday kyrgyzdar dy yimanga chakyrgan yrlardy jazyshka nasip etsin
22.06.2011. 15:47
 danielserikov
Эй кыргыздар ынтымактуу болуп,ыймандуу болбойсунарбы,колдоп бири биринерди,бобогон создодру жазып,анан ушинтип аракет кылып жакшы мааниде ыр жазса,жаман пикирлерди жазбай,керек болсо колунардан келсе.озунор ушундай ырды чыгарып,клип тарткыла,кыйын боло беребй.Тата Улан байке мындай жаман пикирлерге капа болбонуз,ушундай адамдарга чын журоктон баары бир деп коюнуз..
22.06.2011. 15:49
 KubaBuba
Ушул Татту Улан аялзатты жамай берет экен да. Эн негизгиси биздин кыздар бизге жагышат жана алар эн сулуу!!!! Озун озу озгортобеле, заман озегоруп жатат та, жигиттердин да коз карашы аябай озгоргон!
30.06.2011 13:17
amantur
KubaBuba, Мен балдарды жактабаймын, айтып жатам күйүп деген жерин укпадыңыз окшойт эээ???
07.11.2011 21:01
mafi
KubaBuba, туура айтасыз
22.06.2011. 16:09
 MaksatXXI
Жакшы Тата Байке. Трибунада туруу идеясы кимге таандык болсо да жакшы болуптур. Бирок, Тата Уланга муноздуу баягы эле кол силкмей, акча ыргытмай, буюмдарды кармай калмайы тажатма да
21.09.2011 15:24
Laden
MaksatXXI, Ырдын мааниси ошондой болуп атса ошондой клип тартат да.
22.06.2011. 16:40
 adelima
аябай жеткиликтуу кылып ырдаптыр. азаматсын!
22.06.2011. 19:43
 bassnuke
Аябай жакшы ыр экен! Тата Улан ушундай маанидеги ырларды чарчабай ырдай бериниз. Сизди Кудай озу колдосун!!!
22.06.2011. 20:30
 kapkaida
Тата Уландын ойу боюнча, 15-инчи кылымга барып эле олтуруп калыш керек! Бир колубузга жилик кармап, экинчи колубузга камчы кармап, жайлоодо эт жеп олтура бербейлиби. Мурдагы чыгармачылыгы жакчу, акыркы саптары такыр эле улутчул болуп калды.
30.06.2011 13:02
amantur
kapkaida, Андай нерсе дебей эле гоо, болгону өз тилибизди барктайлы, тарыхыбызды билели деп жатат.
11.10.2011 19:59
mafi
amantur, нацисттике жетелеп жетет Тата Уланынар
11.10.2011 19:58
mafi
kapkaida, 100% за
07.11.2011 21:03
mafi
kapkaida, ойлоп корсок жалгыз тата улан эмес аны колдогондордун баары ошентип ойлошот окшойт. ырдын да жалпы маанисин тушунуш керек да озуно жакканын тушунбой
23.06.2011. 02:34
 aziattita
эн терен мазумуунду ыр. бул жакта коро албагандар, менимче ушул даражага жетпей калган адамдар болуш керек. акыл уйрото берет деп. айтып жатат улан ыр кылып. ошону туура кабыл алыш керек. анан келип алып келжиребей. кыргызча суйло деген жакпаса сен озун акмак окшойсун
30.06.2011 13:04
amantur
aziattita, Мен кичине кеңеш айтсам, кек сактаба ичиңе, Жаңылыкты жаңылыктай кабыл алгын кичине деп ырдайт го бир ырында, кек сактабай эле койсоңорчу, чычалаган чын болот демекчи дароо чычалап жиберишет, Азиаттита туура айтат
11.10.2011 20:00
mafi
aziattita, айтканда эмне жасай албагандан кийин??
23.06.2011. 06:49
 Jizusa
erten bul yr unutulat, andan koro kyiyn bolup baaryn ty6ynson, bir jak6y nerse kylbaisynby Kyrgyzyma
30.06.2011 13:05
amantur
Jizusa, Кыргызыма не керрек, таза кыргыз тил керек. Нукура кыргыз тилинде ыр чыгарып ырдаганы да чоң эмгек, булар маданият адамдары, өлкөнүн маданияты, эмне булар дагы барып саясат аралашсынбы? Ойноп жазсаң да ойлонуп жаз дегим келет.
11.10.2011 20:02
mafi
amantur, эгерде озу айткандай нукура кыргыз болсо эмнеге кырыгзча ыр жазган кыйын??
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: