Гүлнур Сатылганова "Асман"
Жанр:Эстрада
00:04:53
67,43 Мб
Жүктөлгөн: 01-12-2011


Сөзү:Кыялбек Урмамбетов
Обону:Райхан Бейшеналиева

Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...
  • Currently 4.43/5
(80 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

02.12.2011. 17:13
 solnyshko
эххх бул ыр менин компьютеримде күнүнө 10 жолу жаңырат....ыйлагым келет бул ырды угуп....Маааниси өтө терең ыр
02.12.2011. 17:21
 Agusha
укмуш керемет
02.12.2011. 17:27
 Барби
клиптердин мыктысы болуптур.
02.12.2011. 18:18
 alisam
Супер!!! Ушуну жараткандардын баарына рахмат! Созун жазган Кыялбек Урмамбетовго, Райхан Бейшеналиева обондун автору, клибин тарткан Эрнест Абджапаровго! Анан укмуштуудай аткарган,Гулнур Сатылгановага! Ыр, клип деп чынында ушуну айтса болот! Мааниси эн соонун баары бир бирине топ келет!!
02.12.2011. 18:20
 Aibek.kg
Гульнур эже талантынызга,ырларынызга таазим!!! Айрыкча ушул ыр баардыгыбызга таандык...Абдан терен мааниде жазылган ыр! Бирок,ырга жараша клип тарттырсаныз болмок.Киношник эмес,реальный клип тартып жургон балдарга тартсаныз болмок.Кара кийим жарашпай калат экен,арасынан жузунузго кыргыз арнаменти мн кийим жакшы олтурду.Менин жеке оюум,ырга татыктуу клип эмес,жасалмалары билинип сказка сыяктуу болуп калыптыр.Ал кичинекейлерге кызыктуу болот,а жашоодо канча проблема бар..?Ар бир адам проблемада
02.12.2011. 18:32
 Aibek.kg
жашайт,кудайдын сыноосу мн.Чынында башка клип кутком.Ырды эле угуп журот окшойм.Бул менин жеке оюум.Дагы философия деп кыжырга тийишет.Профессионал клип балдарга тарттырсаныз болмок...Эээх,мейли эл сынайт,эл айтат. Ырынызга 100бал,клипке гилтейген 0!!!!!!!!!!!!
05.12.2011 04:11
Karkyra
Aibek.kg, эн туура! сага толугу менен кошулам!
06.12.2011 17:48
Demon
Aibek.kg, чын созду айткансын...
07.12.2011 22:32
Bishkek
Aibek.kg..мендагы сагы кошулам
02.12.2011. 18:36
 Aibek.kg
Сизди же алдап коюшканбы....Озунуз деле карасаныз жалан булуттарга жармаштырып салышкан...Анда да эмне кошорун билбей асманга мурунку мыкты инсандарды чаптап коркун ачабыз деп бузуп салышты! ИИИ,э!
02.12.2011. 19:02
 farizatd
эн жакшы
02.12.2011. 19:37
 suiush
Molodets!!!en sonun yry da,klibi da......
02.12.2011. 19:42
 moinok
Гульнур эженин талантына таазим.Ыр аябай жакты.Сонун жазган, Кыялбек Урмамбетовко да рахмат,эн сонун жазылган.Асман жыртылбайсын сынбайсын дегени эн туура мааниси чон.Гульнур эже да журокко жеткире ырдайт эмеспи.Ийгилик каалайм!
02.12.2011. 20:23
 Fariza
Гульнур эжени абдан сыйлайм!!! Ыры да, клипи да соонун болуптур.
02.12.2011. 21:25
 molly
мурашки по коже
03.12.2011. 07:30
 zhumabek
Kyrgyzdyn yrchylarynan men Gulnur Stylganovany jana Roza Amanovany gana syilaim sizder azyrky jash yrchylarga ulgu bolunuzdar
03.12.2011. 10:14
 merikeit
гулну эже голивуддун ырчысы болсо жаршмак
03.12.2011. 17:38
 rakushka88
До слез доводит ... Я поклоняюсь перед её творчеством, песня с глубоким смыслом. Спасибо, Вам, Гульнур эже! Больших успехов в вашей творчестве!!! )
04.12.2011. 14:26
 nukesh
оооо кайф кунуго угуп тажабайм Гулнур эже азаматсыз сиз кыргыздын кайталангыс талантысыз.
04.12.2011. 15:30
 Ardar
Азаматсыз Гулнур эже,мен сизи суйом!!!
04.12.2011. 22:19
 Kyshtobaev91
мыкты клип!!!!!!!! соз жок
04.12.2011. 23:52
 janyl.z
Бар болунуз Гулнур эже ырларыныздын баары маанилуу и жагымдуу ырлар)
05.12.2011. 01:34
 123456789
Фу че за kлип?мы думали чтo kлип у гулнура oсoбеннo на эту песню будет шиkарнo,а нет пoлучилoсь цена из глупых 3.удачи вам,еще мы будем ждать oт вас не oбычных фантазии
05.12.2011. 04:15
 Karkyra
Клиптин мааниси начар, бирок сапаты жакшы экен. Созуно жараша адамдардын тагдырына ыйлайсын дегенге ношорлогон жаан астында ырдатса болмок. Причем тут жоокерлер асманда? макияж жакшы бирок биринчи кийген кара кийиминен чочуп кеттим асмандан жез кемпир келдиби деп. мааниси профессионал эмес любительский болуп калыптыр.
05.12.2011 16:58
KAKISH
Karkyra, толугу менен кошулам! Ыр соонун аткарылган,ал эми клипти тарткандар ырды бузган. Спец эффекттерди жеткире алган эмес андан коро колдонбой эле койсо болмок экен.
05.12.2011. 04:57
 askargul
Туура айтасынар oтургула беш.Гуля эже иштенизчи жаkшылап,мен сизди суйoм.Бирok,бул не деген ашмалтай kлип!!! Kары,жашы дебей сизди билет,жаkшы koрoт.Мен дагы.Менин жиним сизге эмес,сизди алдап oй жаkшы бoлду деп аkчанызды алган эрнистkе анын тарбиясы жok баласына жиним kелип атат,аш бoлбoйт гулнур эженин аkчасын алгандар
05.12.2011. 14:03
 Ohna
Rahmat! Asman jyrtylbaisyn, synbaisyn, eskirbeisin degen jeri e4 ele jakpady...ozgortso bolmok. Make up ta jakwy bolboptur.4a4 jasalgasy, kiygen kiyimi da...A tak norm. Iygilik!!!
05.12.2011. 18:18
 aikush
соз жок,башкалардыкына окшошпогон озгочо клип болуптур!
05.12.2011. 19:09
 maksbekov
Аябай сонун ыр экен...
05.12.2011. 23:50
 kezjibek
озгочо клип болуптур ийгилик сизге
05.12.2011. 23:56
 gulanda
все отлично.а слова восхитительно
06.12.2011. 20:55
 patriot_kyrgyzstan
гулнур эже дайыма унунуз очпосун,кыргызстанды дуйнолук аренага алып чыгыныз,унунуз аябай уккулуктуу,кооз,сизден умут чон.
07.12.2011. 19:33
 Pirat
Сонун клип экен аябай жакты
08.12.2011. 11:41
 bahabala
чон ырахмат!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: