Гүлнур Сатылганова "Сага"
Жанр:Поп
00:03:19
41,99 Мб
Жүктөлгөн: 08-05-2014


Жашоодон бакыт издеп турган кезим,
Дем берет, үмүт берет айткан сөзүң.
Канымда калып калат кайрык болуп,
"Кандай?" деп кабарымды алган кебиң.

Кайырма:
Дүйнөмдүн көркү сенсиң, шаңы сенсиң,
Ырымдын ырдап турган жаны сенсиң.
Түн көккө жылдызым деп кадап алар
Ботодой көздөрүңдүн ар ирмеми.

Ааламдын сан жетпеген шамалында,
Сагынткан бир жытың бар жамалыңда.
Арманым болбос эле ошол бойдон,
Ал жытың калып калса ырларымда.

Кайырма:

Сенсиз күн токтогонсуйт, мезгил жылбай,
Кыялга чөмүлсөм да жүрөк сыздайт.
Кусалык каптаганда аргасыздан,
Жан эркең махабаттын ырын ырдайт.

Кайырма:
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (67)

13.05.2014. 08:05
 marat_1910
супер болуптур гулнур эжеге эми соз жок таланты оссо берсин
13.05.2014. 11:34
 rusalka.kgz
Гулнурдун прическасы болбой калыптыр
13.05.2014. 13:35
 bayti
клип жакты
13.05.2014. 18:12
 azamat.
Сонун клип экен. Соз жок, бирок Гульнур эже колун дагы шакеги бир бар, бир жок болуп калыптырго. Клипти тартуу кыйын болгон окшойт!
13.05.2014. 18:51
 Liza83
Прическасы деле сонун,унуно,ырга соз жок...Баары сооооонун!!!
13.05.2014. 19:50
 Ak_TiLeK
Kliptegi bala ozubuzdun Leilektengo
14.05.2014. 09:35
 Nyrjake
Чыныгы ырчы айымсыз, журогунуз менен ырдаганыныз жагат, атыныз, унунуз, келбетиниз баары топ келишет!!!
15.05.2014. 13:23
 Rucalka
Гүлнур эже ар дайым өзгөчө, башкача клиптерди тарттырчу эле. Бул катардагы эле болуп калыптыр. Кайталанган каармандар... Негизи Медиастардын клип жагынан фантазиясы анча эмес. Мага негизи Синемарт тарткан клиптер жагат. Заманбап жана өзгөчө.
А так Гүлнур эжеге сөз жок. Үнү да, өзү да керемет! Ийгилик сизге!
15.05.2014. 13:30
 Suiuktuu
Вааааай, клиптеги ЛЯП көзүмө оркоюп туруп алды. Гүлнур эженин колундагы шакек менен браслет улам алмашып жатты го... тартуучу топ ушундай майда-чүйдөгө көңүл бөлсө болмок.
17.05.2014. 11:39
 Ak_gulum
Ар дайымкыдай Гулнур эжеге+ 5555
19.05.2014. 19:53
 Tattygul
ырдын текстин жазып коюнуздарчы сураныч. алдын ала рахмат!
20.05.2014 14:22
admin_superstan
Tattygul, ырдын тексти жазылды.
20.05.2014. 14:07
 slastenka
Клип сонун болуптур
20.05.2014. 15:20
 Bemka_93
Вауууу,это что то новое!!!И клип и песня было профессионально.
20.05.2014. 23:28
 Argen.2000.kg
Мага абдан клип дагы ыр дагы супер клип живой тартылыптыр эффек сефек жогеле талантынызга таазим!
25.05.2014. 19:04
 Aikoo2014
Соонун!!! Негизи бул эжекебиз маныздуу ырларды ырдайтда. Клипда жакшы,клиптеги бала коптогон клиптердин багын ачууда.
07.06.2014. 11:22
 Zari2013
Клип башкаларга окшош дегенине кошулбайм! Аябай сонун клип болгон, Рахат клиптин коркун ачкан,"ботодой коздорундун ар ирмеби" деген создор анын коздоруно аябай дал келген.Гулнур Эже сизге ийгилик!!
07.06.2014. 15:37
 gapar82
Беш
09.06.2014. 05:23
 melek1
Murun yrlardy maani berbeile uga ber4im ele,bawyma suiuu kelgenden beri sozuno otoo maani bere bawtadym)))baary top keliwken azamatsyz
23.06.2014. 01:21
 zhyldyz_01
kashmar schitaetsja primoi kyrgyzskoi estrady no stol'ko ljapa v etom klipe. Braslet i kol'tso na ruke to na levoi. to na pravoi ruke. Kashmar, neprofessional'no. Kto snimal klip. Pozor
26.06.2014. 17:54
 adelima
Эч кандай Ляптар жок бул жерде. Болгону кузгудон чагылдырылып тартылган.
10.07.2014 18:11
HHFRU
adelima, жок ай, кузгудон чагылдырылса, койногунун банты, бетиндеги мендери да чагылдырылмак.
14.07.2014. 11:00
 admin_media
Ayimgul,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
27.07.2014. 11:34
 Afina
аябай сонун.... клип да ыр да
25.08.2014. 08:43
 kg_sulushka
En sonun klip jana yr maga akterler da ayabai jakty
09.09.2014. 18:49
 egemberdievagulbara
Негедир урматтаймын Гулнур ежени
15.09.2014. 14:24
 obon
en mykty yr abdan jakty maga
15.10.2014. 10:40
 admin_media
Manasasman,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы эле кайталанып жатабы? Бизге купуя кат менен жооп берип койсоңуз, рахмат!
05.11.2014. 10:25
 bantik
Гулнур эженин ырдаганында кеп жок дегилечи. Бирок клип эч жаккан жок. Анткени кайталанма кадрларлар сценарийи жакшы иштелип чыккан эмес
21.12.2014. 21:26
 IAMHAPPY
Унунуз зор да!!!
03.04.2015. 10:15
 ALIMAW
yrchy dep uwul ejeni aitsak bolot
30.04.2016. 09:29
 abc123
Гулнур Сатылганованын таланттына таазим!!! рахмат ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: