Гүлнур Сатылганова "Сүйүү күчү"
Жанр:Эстрада
00:04:28
25,77 Мб
Жүктөлгөн: 09-02-2009


Сөзү:Медер Осмоналиевдики
Обону:Эркин Мээркановдуку

Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактымды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүргө жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой кыял жетелеп учкан күндөрдү,
Жашоону айлантсак арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүм кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүмө барып конуп алса.

Тереңин көргөндө көздөрүңдүн,
Күчүнө ишенбейм сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.


Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүмө барып конуп алса.

Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да.
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.


Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан-дүйнөмдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүмө барып конуп алса.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (31)

09.02.2009. 17:35
 kokbet
Каяктан тартылды экен? Жаман дебейм
09.02.2009. 23:52
 jazka
baardygy soonyn,birok....kaira ele...kaitalanyy,kochyryy...
builegende bashka dvijenie tappai kalyshkanby...
10.02.2009. 12:03
 qwerty
хорошо!!!!
10.02.2009. 21:00
 Crash
оз убагынан ото эле молодежный, бирок ыры жакшы танцевальный

P.S. кочурууго болбойбу???
10.02.2009. 21:33
 нимфа
просто СУПЕР!!!
10.02.2009. 21:54
 blinamalina
Gulnur, vam nujno bolee plastichno tantzevat, takoe oshushenie kak budto vas zastavlyayut tantzevat.

Kokbet
Yssykkoldu omurungdo kere eleksingbi?
11.02.2009. 10:42
 leila
нормально
11.02.2009. 17:39
 Айдай
Гульнур эже супер бирок бий жонундо создор коп болуп жатат мен да аларга кошулам бийиниздин стилин десем туура болоор, озгортсонуз абдан жакшы болмок. а то движениени баардык бийинизде ушундай алып журосуз.
12.02.2009. 12:48
 kanyshay
Чындык! Гульнур эженин уну чындап эле мыкты, эми танцыга дагы конул буруш керек! Гульнур эже бийден ошол эле кыздарыныздардан мастер класс албайсызбы?
12.02.2009. 13:37
 DaniMiX
+100!
12.02.2009. 15:00
 dogdurbeka
ei jashi uluu irchilar jashtardin janinda ochyp kalbailik dep ele jasharabiz dep ele emne gana kilishpadi,murdaki ozdorunun stilderi menen ele kete berishse bolmok elge osholoru menen dele jagip kelishpedi bele,choon ele katin jirtik perchatki kiyp rep biylep jurot,bek borbiev bolso tynky klupta jash kiz menen irdap otyrat kirgizdar ancha ele...
13.02.2009. 10:55
 Harry Potter
Гулнур Сатылганованын ыры дагы,клиби дагы эн
жогорку денгээлде деп айта алам!!!!!!!!!!!!!!
13.02.2009. 15:02
 bakulj
ушу Гулнур эжеге гул алып келген, машина менен алып кеткен ким болду экен? Ошол адам кызык болуп жатат.
13.02.2009. 23:13
 blinamalina
bakulj
al kliptegi kishi kim ekenin tochno aita albaim,sebebi betin korsotushpoit, birok gulnurdun jangy suyuusu jana suyuu kuchun berip turgan bizdin bashky prokuror ekenin baary bilet, alardyn nikesi bar dep da aityshat, saga dele jangylyk emes ekenin bilip turam, hahaha
14.02.2009. 09:14
 newman
bakulj
ушу Гулнур эжеге гул алып келген, машина менен алып кеткен ким болду экен? Ошол адам кызык болуп жатат.
Прокурор эмеспи?...
15.02.2009. 13:27
 BiLLy Beck
Maga jakty onuguu bar!!!
16.02.2009. 14:22
 sanami
Jarmabek,betke aitkan chechkinduu ekensin!
maga da bir az nerseler jakbai ketti, jany chygyp kele jatkan "jyldyzcha" bolso bir jon, sama Gulnur Satylganova bolup jatkandan kiin bir az chara korso bolmok,jok degende tigi baikush biichilerdi ele biiletip, ozu biilebei koiboit, je norm.ele kyimyldabait.
al emi yrda bolso soz jok!!!!!!!sonun yr!!!!!!
16.02.2009. 20:13
 kubatbekabdaliev
uru jakwu.....klip ne o4en' go
20.02.2009. 14:18
 kuttum seni
Талантына соз жок, бирок клиби озунун жашына туура келбей калган
20.02.2009. 21:17
 FIANIT
ООО Гульнур эже простосупер!
Сиз менен дуэт ырдоо менен мечтам!!!
22.02.2009. 18:34
 Aidai
Унунузго эч ким жетпейт ко, бирок озунуздун возрастынызга туура келбейт жарашпаптыр
24.02.2009. 14:12
 tinatern
Madonnann unu takir jok da al "show women" jana jeke jashoosu menen mediann bashin aylandirip jurgon ayal. Al emi Alla Pugachevani dele duyno juzu taanibayt. Glnr Satilganovanin unu duynoluk sahnada en jakshi undordun biri. Bir gana Glnr ejenin monottoniy irdagani bolboso unu super.
02.03.2009. 10:39
 sylyk kyz
Негизи эле Гулнур эже ырдын мазмунуна коп маани берет эмеспи. Ырдын мазмуну дагы жакшы, ал эми клип эн сонун тартылган.
04.03.2009. 11:44
 Абайла
Урматтап, ырларын жактырган ырчылар менин эсебимде аз эле бирок Гульнур эженин оорду мен учун озгочолонуп турат! Алга эжеке.
04.03.2009. 12:09
 aipi
Кыргыз ырларын мазмунду ырдачу элениз эми клиптериниз окшошпой жатат анан кийиминизди улуттукка откорсонуз деген ойдомун
27.11.2009. 05:50
 Demon
Jarmabek men senin oyuna takyr koshulbaym
21.12.2009. 04:45
 aia
мага текст гана жагат
07.06.2010. 20:39
 nurka
Гулнур через не хочу эли эли тушупсун танцага аягында охххх деп машинага чыгып качып
09.08.2011. 02:45
 Akyikatchy
Ар бир адамдын ата-энесине,эл-жерине,табигатка жана ардагына болгон суйуусунун кучтуулугу - омур откучокту бактылуулукту тартуулай аларына ишенем !!!
04.10.2011 11:30
Cholpon555
Создору кандай сонун. Жаш болсо да Медер байкенин ушундай балдай таттуу ырлары калды кыргыз элине. Жаткан жери жайлуу болсун. Соооонун адам болчу. Ырлары ырдалып турганда омуру улана берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: