Гүлнур Сатылганова "Нандын жыты"
Жанр:Поп
00:04:06
49,6 Мб
Жүктөлгөн: 20-12-2012


Сөзү:Муса Жангазиевдики
Обону:Эрнест Абдыжапаровдуку

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВАДАН ЖАҢЫ КЛИП
Жаңы бышкан нандын жыты,
Күндүн жайкы ысыгы.
Нан көп болсо үйдүн куту,
Эки беттин кызылы.

Жаңы бышкан нандын даамы,
Жалпы дыйкан эмгеги.
Бүткүл элдин жүрөк каны,
Кен байлыгы жердеги.

Жаңы бышкан нандын жыты,
Жазган ыры акындын.
Көзгө сүйкүм тынчтык кушу,
Күч-кубаты баатырдын.

Жаңы бышкан нандын даамы,
Ата-Журттун дымагы.
Ошондуктан элдин нугу,
Эзелтеден тынбады.
  • Currently 4.15/5
(27 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (56)

21.12.2012. 23:20
 azi1
SHAMIR Болко нанды,жакшылап карасан аскерден келген солдат алып келди!Аскерде конечно болко нан берет да,эне козуно жаш алып нан калбай калды дегенсип тиктеп турганда,солдат аскерден катып ала келген болко нанын берип жатпайбы!Бул эн туура кадр!!!
22.12.2012. 21:22
 JUROK
Баары эн мыкты.Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.tukitegin сиз чын эле маанисин тушунбой эле жазыпсыз."Сынчынын сынаар отугу майрык" деген туура да.
23.12.2012. 00:29
 asema2011
Даа болко наны жарашпай калды тапанчанын же казандын нанын тартса болмок бирок клип абдан жакшы тартылды ырыда жакшы мен ГУЛНУР эжени абдан суйом ырларын жата калып угам сизге эч ким жетпейт
17.03.2013 23:05
Agusha
asema2011, армияда болко нан берет да эмне казанда бышкан комоч бермек белее ырдын мааниси тээрен ойлонуп корсонор клипке соонун топ келген
23.12.2012. 00:44
 asema2011
кечиргиле адашыпыз чын эле да солдат баласы армиядан алып келди да клип туура тарткан azi1 туура айтасын
23.12.2012. 12:57
 alhayan
Достор, дагы айта кетчү нерсе, клиптеги кылкыякчы Зарина эжекенин талантын да унутбай кетели! Баракелде! Өтө кооз музыка!
23.12.2012. 15:16
 Aduha
Гульнур эженин ырларын мен берилип угам, анткени Гульнур эже ар дайым ырдын маанисине карап, жалан гана маанилуу ырларды ырдайт. Гульнур эже сизге чыгармачылык ийгилик!
24.12.2012. 10:36
 samirchik
Гулнур эже ырдап и еще Эрнест агай клибин тартып жатса менде супер деген создон башка соз жок! Экоонуздорду абдан сыйлайм! бар болгула! RESPECT!!!
24.12.2012. 13:01
 fanatka19
++++++++++Супер
25.12.2012. 12:57
 anjella8888
Нан кескенде булканы кескени жарашбай калыптыр. Айылдын тандырга жапган нанды колдонуш керек эле. Же аскерден келген бала шаардан ала келиптирби типа))))
20.03.2013 04:38
Musio
anjella8888, типа от мелочи до мелочи!!!Супер
26.12.2012. 00:18
 molly
Баласы аскерден болко алып келди да. Эн сонун.
26.12.2012. 13:58
 ganners
гулнур эженин баардык ырларынын мааниси сонун,стили дагы озуно жарашкан,эн жакшы тартылыптыр клип,ийгилик
27.12.2012. 21:14
 aidinaernur
соонун чыгыптыр
28.12.2012. 15:35
 labida
Гулнур эжеге соз жок эн эле мыкты!!!! жакшы кором ырын созун обонун озун обу жоктонбойт оор басырыктуу мыкты эже
28.12.2012. 16:44
 deva
Бөлкө нанды уулу аскерден алып келип жатпайбы? Согуш учурунда аскерлер орустун бөлкөсүн жешкен да, туурабы. Же тандырга, казанга, тапнчага жаап жешти беле.
Татусу боюнча айтсам, эн сонун жаршакан. Койнөгүндөгү орнаментке шайкеш келген.
06.01.2013. 01:28
 kilim
сизге ийгилик
16.01.2013. 18:59
 baby93
een sonun... apakemdin nanyn estep sagynyp kettim
22.01.2013. 23:29
 Chika888
Гулнур эже ырды ар бир угарманга жеткизе берилип ырдаганы аябай жагат.Клип эн соонун болуптур,кичинекей балакай мынча ширииин.
20.03.2013. 04:40
 Musio
ал аскерден келген менмин типа 1945 жылы согуш аяктап нанды сагынып калган кезибиз эле прикольно!!!
23.03.2013. 19:41
 aida1993
Мага клип аябай жакты,мыкты тартылган.
01.04.2013. 15:39
 Talantchyngyz
сонун!!!!!!!!!
01.04.2013. 22:11
 aziko1414
gulnur ejenin yrlary kandai sonun
02.04.2013. 05:35
 Gul.08
биздин София Ратарубузго)))) ырларынызды кундо мин уксамда жадабайм...
02.04.2013. 21:44
 aziato4ka
kino korgondoi bolup kettim ! =))))
04.04.2013. 14:05
 azamat7
сонун клип экен ыр дагы сонун экен
04.04.2013. 17:58
 Happymom
Мен Гүлнур эженин эстрада тарабындагы өзгөчөлүгүн баалайм,жана урматтайм ар дайым сапаттуу маанилүү ырларды обого чыгарат.Кыскасы элге дем-күч берген папатриоттук ырларга басым жасайт.Ишиңизге ийгилик дагы-дагы чыгармачылык улуу жол каалайм.
07.04.2013. 19:51
 aziko1414
apamdy estep kettim alga gulnur eje
15.04.2013. 01:01
 onlife.bat_aks
алыста жургондо дем бере турган ыр экен сонун чыгыптыр чоон рахмат Гульнур эже сизге ийгилик дагы кутобуз жаны ырларынызды
16.04.2013. 11:30
 best-life
Талаш жок Г. Сатылганова саналуу мыкты ырчылардын бири, унуно эч кандай сын айталбайм, бирок клиптеги болко нан бир аз клиптин тузун ашырып койгон ))) жогоруда да билдирип кетишиптир бир аз ашыкчалык кылганбы дегендей кылып.Казанга кактап бышырган,тандырга жапкан нандарды элестетип жазган болуш керек акын М.Жангазиев дагы.
01.05.2013. 06:19
 bemaKG90
Jargylchakty kopton beri koro elek elem emi kordum. Oh pryam optitti achyp jiberdi go kalama menen
25.10.2013. 23:08
 kalmurzaev_mirbek
Кыргыз элибиз сыймыктанган,алтын унду Гулнара эжебизге ийгилик каалайм.Ал эми клип мыкты тартылган кыргыз элибиздин бооз уйу жайылган дасторкону,оймо чиймебиз кээнири чагылдырылган.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: