Гүлнур Сатылганова "Асман"
Жанр:Эстрада
00:04:53
67,43 Мб
Жүктөлгөн: 01-12-2011


Сөзү:Кыялбек Урмамбетов
Обону:Райхан Бейшеналиева

Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...
  • Currently 4.43/5
(80 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

01.12.2011. 18:23
 honey
Философиялык маанидеги супер ыр. Бир уккан адам ырдын маанисин тушуно алат. Клип дагы жакшы тартылган. Азаматсыз режиссер жана Гулнур эже.
02.12.2011 15:25
loverboy
honey, Супер!!! Гулнур Сатылганованын унун жакшы кором! Мааниси да бар, башка ырларга сылыштырмалуу!
01.12.2011. 18:38
 roy
жакшы экен сонун рахмат
01.12.2011. 18:49
 Ashan
Жакшы ыр экен ,Гулнур эже сиздин кыргыздын арнаменти тушурулгон койногунуз деги эле ошол форманыз жакты сизге сонун олтуруптур !!!
01.12.2011. 18:51
 raiana
супер ыр экен!мага абдан жакты!
01.12.2011. 18:56
 nuzi
ыр дгы жакшы клип дагы жакшы болуптур, бирок кара кийми менен токио хотелге окшошуп калыптыр.
01.12.2011. 19:37
 Шаиста Шатманова
Эн сонун! Башкача баа берууго мумкун эмес! Аягында машинада термелип бара жатканын жакшы кошушуптур, кадимки пенде, ойлору алыста... асманда... Ырдын да клиптин да омуру узун болоруна ишенем!
01.12.2011. 22:13
 molly
Гульнур эже сизге чон рахмат унунуз мурункудай эле сонун. бул ыр чыкканда эле сразу телефонго кочургом. Эрнест байке сизге ийгилик клип жогорку денгээлде.
01.12.2011. 23:39
 Aelina
baary jakshy birok kara kostumu takyr jakkan jok, ne v temu bolup kalyptyr da.
02.12.2011 16:27
nukesh
Aelin карачы кара костюму кандай соону просто оргинал.
03.12.2011 23:05
Laden
Aelina, Ал кара костюму жылдыздуу түн асмандын белгиси.
05.12.2011 04:16
Karkyra
Aelina, сага кошулам.
02.12.2011. 00:42
 mayramgul90
Sooonun, kiyiyngen kiyimderi dagi jakshi eken jakti...
02.12.2011. 02:23
 Nora
Kechiresizder! maga Gulnur eje ayabai jagat al bashka yrchylardan unu, mazmunduu yrlary menen airymalanat, birok bul Asman degen yry jonundo aita ketsem, maga jakkan jok, asman asman jyrtylbaisyn synbaisyn dei beret eken, chynyn aitsam jakkan jok
02.12.2011. 08:47
 lira
Kanadka kollegam byl yrdyn maanisin tyshynboso dagy, abdan jaktyryp kaldy.Men siymyktanyp koydym! Gulnur ejege taazim!
02.12.2011. 09:05
 Elit
Эн сонун ыр клиби да жарашыптыр. Ийгилик сизге Гулнур эже.
02.12.2011. 12:27
 Kana89
Соз жок. Гульнур эженин ар бир ырынын мазмуну,манызы,обону айкалышат. Озунун аткаруусунда ырдын сыры ачылат. Азаматсыз Гульнур эже! Кыргыздын эн мыкты жылдызы сизсиз!
02.12.2011. 12:35
 chinovnik
Сизди Сыйлайм суйом Сиз Кыргыздын Чолпон жылдызысыз!!!Талантынызга таазим этем.
02.12.2011. 12:46
 Meergul
Менин да унум кудум Гулнур эженикиндей ошону менен сыйкмыктанам да)))))))
02.12.2011. 13:13
 5691_j
ммм мынар ыр,клип...ун баары супер. Вы всегда нас удивляете...
02.12.2011. 16:17
 El.kisa
Гульнур эже! Сиз менин урматтоо менен уккан ырчылардын бирисиз! Кечиресиз туз айтканыма, бирок бул ыр тасманыз мага жаккан жок...ырдын маанисине эч топ келбейт...Ишинизге ийгилик!
02.12.2011. 16:23
 nukesh
Гулнур эже сиз азаматсыз дайымы ушунтип журокко жакын чыгырмаларды жаратып журо бери
02.12.2011. 16:26
 nukesh
Аеелина сага кара костюму неге жакпабды сенде ушундай кара костюмун барбы.карачы кандай оргиналдуу койнок супер.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: